БАШТАЛГЫЧ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ЖАҢЫ МАМЛЕКЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТТАРЫ БЕКИТИЛДИ
Көрүлдү: 477
Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын 9 жана 13-беренелерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 токтомуна ылайык бир катар кесиптер боюнча башталгыч кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттары бекитилди.
Буйрукка ылайык, төмөнкү кесиптер боюнча мамлекеттик билим берүү стандарттары кабыл алынды:
- Малдын этин кайра иштетүүчү, квалификациясы: 7411 Этти майдалоочу (тиркеме №1);
- Темир жол бекетинин нөөмөтчүсү, квалификациясы: 8312 Темир жол бекетинин нөөмөтчүсү, Жебе постунун нөөмөтчусү (тиркеме №2);
- Темир жол транспортунда ташуучу документтерди иштеп чыгуу боюнча оператор, квалификациясы: 4211 Товар боюнча кассир, 9332 Жүктөрдү жана кол жүктөрдү кабыл алуучу жана тапшыруучу(тиркеме №3);
- Локомотив машинистинин жардамчысы, квалификациясы: 8311 Тепловоз машинистинин жардамчысы (тиркеме №4);
- Графикалык дизайнер, квалификациясы: 3472 Жарнамалоо жаатында компьютердик графиканын дизайнери (тиркеме №5);
- Слесарь оңдоочу (тармактар боюнча), квалификациясы: 7223 Слесарь-сантехник (тиркеме №6);
- Маалыматтык базалар боюнча адис, квалификациясы: 2132 Маалыматтар базасын башкаруу системасындагы оператор (тиркеме №7);
- Жыгач уста-жыгаччылык жана паркет иштеринин чебери, квалификациясы: 7124 Жыгаччы (тиркеме №8);
- Системалык администратор, квалификациясы: 2522 Системалык администратор (тиркеме №9);
- Официант, бармен, квалификациясы: 5123 Бармен (тиркеме №10);
- Ачык кен жумуштарынын машинисти, квалификациясы: 8332 Скрепердин машинисти (тиркеме №11);
- Бычмачы, квалификациясы: 5146 Бычмачы (тиркеме №12);
- Продукт жана чийки зат даярдоочу, квалификациясы: 7411 Дары чөптөрдү даярдоочу (тиркеме №13);
- Багбанчылык-сейил бак жана ландшафттык (жашыл) курулуш устаты, квалификациясы: 3471 Ландшафттык дизайнер (тиркеме №14);
- Токой чарбасы боюнча устат, квалификациясы: 6141 Токойчу (тиркеме №15);
- Бал челекчи, квалификациясы: 6123 Бал челекчи (тиркеме №16);
- Чарбак ээси, квалификациясы: 7124 Гүл өстүрүүчү (тиркеме №17);
- Тиричилик техникаларын оңдоо жана тейлөө боюнча устат, квалификациясы: 7124 Муздаткычтарды оңдоо жана тейлөө боюнча устат (тиркеме №18);
- Чач тарач, квалификациясы: 5141 Чач тарач (тиркеме №19);
- Туристтик маршруттарды коштоочу, квалификациясы: 5113 Туристтик маршруттарды коштоочу (тиркеме №20);
- Мейманкана чарбасынын кызматчысы, квалификациясы: 9132 Үй кызматкери (тиркеме №21);
- Слесарь оңдоочу (тармактар боюнча), квалификациясы: 7233 Слесарь оңдоочу (тиркеме №22);
- Электр монтаждоочу-жөндөөчү, квалификациясы: 7137 Электр монтаждоочу-жөндөөчү (тиркеме №23);
- Электр тармактарын жана электр жабдууларын электр монтаждоочу, квалификациясы: 7137 Жарык берүү жана жарыктандыруу тармактарын электр монтаждоочу (тиркеме №24);
- Визажист, квалификациясы: 5141 Визажист (косметолог) (тиркеме №25);
- Тепловоздун машинисти, квалификациясы: 8111 Тепловоздун машинисти (тиркеме №26);
- Тырмак жасалгалоочу устат, квалификациясы: 5141 Маникюр жасоочу, Педикюр жасоочу (тиркеме №27);
- Нан азыктарын даярдоочу, квалификациясы: 7412 Кондитер, Наабайчы (тиркеме №28);
- Басуу жабдуусунун оператору, квалификациясы: 8269 Басуу жабдууларынын оператору (терүүчү-компьютердик техникада) (тиркеме №29);
- Официант, бармен, квалификациясы: 5123 Официант (тиркеме №30);
- Ашпозчу-кондитер, квалификациясы: 5122 Ашпозчу (балдардын жана диеталык тамактануунун негиздерин өздөштʏргөн) (тиркеме №31);
- Ашпозчу-кондитер, квалификациясы: 5122 Ашпозчу (тиркеме №32);
- Улуттук буюмдардын устаты, квалификациясы: 7331 Териден, жүндөн, мехтен жана башка материалдардан көркөм буюмдарды жасоочу (тиркеме №33);
- Автотранспорт каражаттарын оңдоочу слесарь, квалификациясы: 7231 Автомобилдерди оңдоочу слесарь (кузовун оңдоо иштери) (тиркеме №34);
- Автомобилдин айдоочусу, квалификациясы: «С1» категориясындагы автомобилдин айдоочусу (тиркеме).
Бөлүшүңүз