Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы
Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы

Көрүлдү: 927

"Алтын тамга" - 2024

► Буйрук

 

Кыргыз Республикасынын

Билим берүү жана илим министрлигинин

2024-жылдын 14-мартындагы № 404/1

буйругуна тиркеме

 

 

Орто жалпы билим берүүнүн билим берүү программалары боюнча «Алтын тамга» жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясын стандартташтырылган бланкалык тест түрүндө өткөрүү жɵнүндɵ

ЖОБО

 

I. Жалпы жоболор

II. Өтүүчү жери жана мөөнөтү

III. Тестти уюштуруу тартиби

IV. Тестке катышууга уруксат берүү тартиби

V. Тестке катышуу тартиби

VI. Тестти ѳткѳрүүнүн тартиби

VII. Тесттердин дизайны

VIII. Тесттин жыйынтыгын чыгаруу

IX. Талаш-тартыштарды чечүү тартиби

X. Каржылоо

 

  1. Жалпы жоболор

 

1. Бул Жобо орто жалпы билим берүүнүн негизги билим берүү программаларын өздөштүргөн, Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарына ылайык орто жалпы билими жөнүндө артыкчылык аттестатын алууга талапкер болгон Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын 11-классынын бүтүрүүчүлөрүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоонун (мындан ары - ЖМА) катышуучуларын, мөөнөттөрүн жана өткөрүүнүн тартибин аныктайт.

2. Орто жалпы билим берүүнүн негизги билим берүү программаларын мыкты өздөштүргөн, орто жалпы билими жөнүндө артыкчылык аттестатын алууга талапкер болгон Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын 11-класстарынын бүтүрүүчүлѳрү үчүн (мындан ары- талапкер) “Алтын тамга” жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы стандартташтырылган бланкалык тест таризинде (мындан ары – “Алтын тамга” тести) өткөрүлөт.

3. “Алтын тамга” тестин өткөрүүнүн максаты болуп төмөнкүлөр саналат:

- артыкчылыгы менен орто жалпы билими жөнүндө документти алууга талапкердин билим деңгээлин аныктоо, көз карандысыз баалоону жүргүзүү;

- Кыргыз Республикасында мектептик билим берүүнү, мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартын жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.

4. “Алтын тамга” тести талапкердин орто жалпы билим берүү программаларын артыкчылык менен өздөштүргөндүгүнүн натыйжасын байкоо жана өлчөө үчүн курал болуп саналат. Аталган кызмат көрсөтүү мамлекеттик сатып алуулар боюнча жарыяланган сынактын жеңүүчүсү болгон Аткаруучу тарабынан Буйрутма берүүчү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги (мындан ары- Министрлик) менен Аткаруучунун (аталган жаатта тажрыйбага ээ Тесттик компания) ортосунда түзүлгөн келишимдик милдеттерге ылайык ишке ашырылат.

5. "Алтын тамга" тестине катышуу билим алуунун формасына карабастан жалпы орто билим берүү программасын артыкчылык менен өздөштүргөн, артыкчылык документине талапкер болгон жалпы билим берүү уюмдарынын 11-классынын бүтүрүүчүлөрү үчүн милдеттүү болуп саналат.

6. “Алтын тамга” тести талапкерлер (мындан ары - талапкерлер) милдетүү түрдѳ

4 сабактан: математика, эне тили жана адабияты, Кыргызстан тарыхы, химия сабактары боюнча тапшырышат.

7. “Алтын тамга” тестинин милдеттүү окуу дисциплиналарынын тизмесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү Министрлик тарабынан ишке ашырылат.

 

II. Өтүүчү жери жана мөөнөтү

 

8. “Алтын тамга” тестинин өтүүчү жери жана мөөнөтү Министрлик тарабынан аныкталат. “Алтын тамга” тестинин датасы жана мөөнөтү ар бир окуу жылдын IV чейрегинде аныкталат. Тест ѳткөрүү жайлары (мындан ары - ТӨЖ) болуп тиешелүү билим берүү уюмдары аныкталат.

9. “Алтын тамга” тести талапкерлердин окуган тилинде: кыргыз, орус, өзбек тилинде жүргүзүлөт.

 

III. Тестти уюштуруу тартиби

 

10. “Алтын тамга” тестинин жумушчу органы болуп Аткаруучунун жана Министрликтин Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы, билим берүүнү башкаруунун аймактык органдары: областтык билим берүү институттары, областтык усулдук билим берүү борборлору, Экзамендик комиссия (мындан ары - ЭК), РайББ/ШаарББнын комиссиялары, мектептердин комиссиялары (мындан ары – МК комиссиясы) саналат. РайББ/ШаарББнын комиссияларынын курамы билим берүүнү башкаруунун аймактык органынын жетекчиси тарабынан, ЭК курамы - Министрликтин жетекчилиги тарабынан аныкталат.

11. Комиссия өз ишинде ушул Жобону жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчилик кылат.

12. Комиссиялардын функциялары болуп “Алтын тамга” тестин даярдоо жана өткөрүү боюнча ишти уюштуруу жана багыт берүү болуп саналат.

(a) Мектептин комиссиясы (МК):

- 10-11-класстарда окуу планынын бардык окуу дисциплиналары боюнча жалпы орто билим берүүнүн жалпы билим берүү программаларын "5" (эң жакшы) деген баага өздөштүргөн талапкерлердин тизмесин карайт.

- 11- класстын талапкерлерине“Алтын тамга” тестине катышууга уруксат берүү үчүн негиз болуп педагогикалык кеңештин сунуштары жана аларды бекитүү жөнүндө жалпы билим берүү уюмунун буйругу саналат:

- талапкердин “Алтын тамга” тестинен өтүүгө катышуусун уюштурууну камсыздайт;

- талапкерлердин бекитилген тизмесин РайББ/ШаарББга берет жана талапкер жөнүндө так маалымат берүү үчүн жоопкерчилик тартат;

- талапкерлерге жана алардын ата-энелерине (мыйзамдуу өкүлдөрү) тесттин мөөнөттөрү жөнүндө маалыматты анын башталышына чейин 15 күн мурда берилишин камсыздайт;

- эгерде жалпы билим берүү уюму тест өткөрүүчү жайда (мындан ары - ТӨЖ) болсо, ар бир окуучуга ылайыктап кеминде бир залда (50-70) орун дайындап жана коомдук байкоочулардын тизмесин макулдашат;

- ТӨЖ даярдоо жөнүндө маалымат белгиленген мөөнөттө билим берүүнү башкаруунун аймактык (РайББ/ШаарББ) органына берет;

- бүтүрүүчүлɵр жана алардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) үчүн “Алтын тамга тестирлөөсүнө даярданабыз” деген аталышта мектепте маалымат тактасын жасалгалоону камсыз кылат;

- ТӨЖ (50-70 орун) иш алып баруу үчүн шарттарды талапта кѳрсѳтүлгѳндѳй кылып түзөт: ар бир талапкерге жеке орун жайларды бири-биринен 1,5 аралыкта жайгаштырууну камсыздайт;

- учурдагы санитардык- эпидемиологиялык кырдаалга ылайык талапкерлердин ден соолугун сактоо үчүн, талаптарга ылайык жарыктын болушун камсыздайт;

- Санитардык - эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин талаптарына ылайык жана коомдук тартипти сактоо (башталгыч мектептин кызматкерлеринин жана медициналык персоналдын ичинен күзөтчүлөр).

(б) РайББ/ШаарББ комиссиясы:

Билим берүүнү башкаруунун аймактык органдары: областтык билим берүү институттары, областтык билим берүү усулдук борборлор жана РайББ/ШаарББ ТӨЖдө “Алтын тамга” тестин даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралар планынын бекитилишин камсыздайт, анын ичинде:

- “Алтын тамга” тестин ѳткѳрүүнү даярдоо жана ТӨЖ өткөрүү боюнча билим берүү уюмдары менен иш алып барат;

- жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин жана мугалимдерин, талапкерлерди жана алардын ата-энелерин (мыйзамдуу өкүлдөрү),) “Алтын тамга” тести өтүүчү күнү жана жери жөнүндө маалымдоо боюнча уюштуруучулук жана координациялык ишти камсыздайт;

- Аткаруучу тарабынан белгиленген форма боюнча талапкерлердин тизмесин берет жана “Алтын тамга” тестинен өтө турган талапкерлердин жетишүүсү жөнүндө анык маалыматтарды берүү үчүн жоопкерчилик тартат.

- Белгиленген ТӨЖ “Алтын тамга” тести өтүүчү күнү окуучулардын сабактарын башка күнгө жылдыруунун тартибин (райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрү менен макулдашуу боюнча жалпы билим берүү уюмунун буйругу) жөнгө салат;

- “Алтын тамга” тестинин райондо/шаарда ТӨЖдөрдө тиешелүү (СанПиН) санитардык эрежелер жана нормалардын шарттарын түзүүнү жөнгө салат;

- талапкерлердин ТӨЖгө келүүсү жана кайра кетүүсүн коштоп жүрүү учурунда алардын ден соолугунун жана өмүрүнүн коопсуздугун камсыздайт;

- талапкердин коопсуздугун камсыздоо, ТӨЖ территориясына башка адамдардын кирүүсүн чектөөнү ишке ашырат;

- “Алтын тамга” тестине даярдануу жана анын жыйынтыктары жөнүндө мектептердин комиссияларынын отчетторун угат;

- “Алтын тамга” тести башталганга чейин бир күн мурда Аткаруучунун администраторлору жана РайББ/ШаарББ комиссиясы менен биргеликте ТӨЖдүн ушул Жободо белгиленген талаптарга ылайык келүүсүн текшерет;

- жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин жана мугалимдеринин, талапкерлердин жана алардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) арасында маалыматтык-түшүндүрмө иштерин жүргүзөт;

- талапкерлердин жана алардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрү), мугалимдердин кайрылууларын жана арыздарын Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген тартипте карайт;

- тест өтүүчү күнү ТӨЖдө электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз болушуна жеке жоопкерчилик тартат.

 

 

(в) Экзамендик комиссия (ЭК) комиссиясы:

- “Алтын тамга” тестин уюштуруу жана өткөрүүгө карата бирдиктүү талаптарды сактоону камсыздайт;

- “Алтын тамга” тестин өткөрүүнүн тартибине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды өз убагында киргизет;

- “Алтын тамга” тестинин талапкерлеринин жана ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн), мугалимдердин кайрылууларын жана арыздарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте карайт;

- тест өткөн күнү талапкерлер кандайдыр бир жүйөлүү себептен тестке катышпай калса, кошумча тест өткөрүү күнүн белгилейт.

Экзамендик комиссиянын ишмердиги протокол менен таризделет, төрага жана комиссиянын бардык мүчөлөрү тарабынан кол коюлат.

(г) Аткаруучу (Тесттик компания):

- “Алтын тамга” тестин өткөрүү шарттарын жана механизмдерин даярдайт;

- окуу сабактары боюнча тесттердин түзүмүн жана мазмунун аныктоочу жана ага жоопкерчиликтүү республикалык усулдук комиссияны түзөт;

- бардык талапкерлер үчүн “Алтын тамга” тестин уюштуруу жана өткөрүүгө карата бирдиктүү талаптардын түзүлүшүнө жана сакталышына жетекчилик кылат жана көзөмөлдөйт;

- ТӨЖ тесттин мөөнөтүн жана транспорттук схемаларды аныктайт;

- талапкерлерди “Алтын тамга” тестин ѳтүү үчүн тест материалдары менен камсыз кылат;

- мазмуну орто жалпы билим берүүнүн мамлекеттик программаларына жана мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык ылайык келүүчү тесттерди берет;

- тесттик материалдарды сактоодо, тестти өткөрүүдө купуялуулуктун сакталышын камсыз кылат;

- “Алтын тамга” тестинин жыйынтыктарын баалоо системасын иштеп чыгат;

- “Алтын тамга” тестинин жыйынтыгын чыгарууну жана натыйжаларын министрлик тарабынан белгиленген мөөнөттө берүүнү камсыз кылат;

- “Алтын тамга” тестинин жыйынтыгы жөнүндө билдирүүлөрдү даярдоону камсыздайт;

- “Алтын тамга” тестинин жыйынтыктары жөнүндө Министрликке (кызыкдар тараптарга) аналитикалык маалыматын берет;

- “Алтын тамга” тестинин документтеринин архивин электрондук алып жүрүүчүлөрдө 5 жыл, кагаз түрүндө 1 жыл мөөнөттѳ сактоону камсыз кылат.

13. “Алтын тамга” тестин өткөрүү үчүн Аткаруучунун жана Министрликтин Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынан ж.б. өкүлдөрүнүн ичинен администраторлорду түзөт.

Администраторлордун милдеттери:

- “Алтын тамга” тестин өткөрүү жөнүндө көрсөтмө берүү;

- аудиторияларда “Алтын тамга” тестирлөөсүн ɵткɵрүүнүн белгиленген эрежелеринин так сакталышын камсыз кылуу;

- талапкер тарабынан жооп баракчалары, тест китепчелеринин титулдук баракчалары туура толтурушун так камсыз кылуу;

- тест материалдарынын купуялуулугун жана сакталышын камсыз кылуу;

- алынган тест материалдары жɵнүндɵ так отчеттуулукту камсыз кылуу;

- администраторлордун тестирлɵɵ аяктаганга чейин аудиторияларда (залда) болуу жɵнүндɵгү эрежелерин сактоо;

- педагогикалык этиканы сактоо, тестирлөөнүн талапкерлерине, мугалимдерге жана ата-энелерге (мыйзамдуу өкүлдөргө)карата жылуу мамиле түзүү;

- тест жүргүзүүнүн протоколун толтуруу жана ТӨЖ мөөрүн бастыруу;

- “Алтын тамга” тестирлөөсү аяктагандан кийин тест тапшырмаларын сакталышын жана жеткирилишин камсыз кылуу. Тест тапшырмалары жана жооп баракчалары таңгакталган түрдө жана мектептин мөөрү басылып, кабыл алуу - өткөрүп берүү актысынын протоколунун негизинде Аткаруучуга тапшырылат.

 

IV. Тестке катышууга уруксат берүү тартиби

 

14. “Алтын тамга” тестине орто жалпы билим берүүнүн негизги билим берүүчү программаларын ийгиликтүү өздөштүргөн, ошондой эле 10- жана 11- класстар үчүн бардык окуу дисциплиналары боюнча чейректик, жарым жылдык жана жылдык баасы “5” (эң жакшы) баа алган талапкерге педагогикалык кеңештин сунушу жана жалпы билим берүү уюмунун буйругунун негизинде катышууга уруксат берилет, анын ичинде тѳмѳнкүлѳр да камтылган:

- Кыргыз Республикасынын орто жалпы билим берүүнүн негизги билим берүү программаларын ишке ашырган бардык түрдөгү жана менчигинин формасына карабастан жалпы билим берүү уюмдарынын окуучулары;

- эл аралык алмашуу (окутуу формасы - экстернат) тартибинде чет өлкөдө убактылуу билим алгандар (ЭК тастыктоочу документтерди: чакырууну, буйруктарды ж.б. карап чыгат);

- тестти өткөрүү учурунда эл аралык олимпиадалардын, кайрымдуулук акциялардын, марштардын катышуучулары, гастролго жана таймаштарга чыккан артисттер жана спортсмендер (ЭК тастыктоочу документтерди: чакырууну, буйруктарды ж.б. карап чыгат);

- чет тилде билим алгандар ушул Жобонун 9-пунктуна ылайык тесттен өтөт (эгерде жалпы билим берүүчү предметтер жарым-жартылай же толугу менен чет тилдердин биринде өткөрүлгөнүнө карабастан);

15. Эгерде талапкер тестке катышуудан баш тартса, орто жалпы билими жөнүндө артыкчылык менен аттестатты алуу укугунан ажырайт жана ал ЖМАны белгиленген тартипте жалпы негизде өз мектебинде өтөт.

 

V. Тестке катышуунун тартиби

 

16. “Алтын тамга” тестине ушул окуу жылындагы талапкерлер киргизилет. Талапкер ТӨЖгө катышуу баракчасы, паспортун (же туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн жана сүрөтү менен мектептен тастыкталган маалым кат менен) көрсөтүп “Алтын тамга” тестине катыша алат.

Тест учурунда талапкердин жумушчу столунда төмөнкүлөр болушу керек:

а) кара (же көк) сыя менен калемсап;

б) инсандыгын тастыктоочу документ;

в) дары, суу жана тамак-аш (зарыл учурда);

Ушул жободо каралбаган башка буюмдарды талапкерлер аудиторияда жеке буюмдар үчүн атайын бөлүнгөн жерге калтырышат.

17. Талапкерлерди коштоого жана алардын ден соолугунун жана өмүрүнүн коопсуздугун камсыздоого жооптуу адам “Алтын тамга” тести өтүүчү күнү мектептин территориясына жакын жайгашкан билим берүүнү башкаруунун аймактык органдары (райондук же шаардык билим берүү бөлүмдөрү/башкармалыктары – РайББ/ШаарББ) менен макулдашылган, жалпы билим берүү уюму тарабынан бекитилген тизмеге ээ болушу керек.

18. “Алтын тамга” тестине катышууну билдирген, бирок жүйөлүү себептерден улам келбеген талапкер ЭКнын сунуштарына жана Министрликтин чечимине ылайык кошумча тестке катыша алат. Кошумча “Алтын тамга” тестин өткөрүү жөнүндө чечим Министрлик тарабынан талапкер тестке ооругандыгынан же башка жүйөлүү себептерден улам келбеген учурда гана кабыл алынат.

Ушул Жобонун 18-пунктуна эскертме: “Алтын тамга” кошумча тестин өткөрүү үчүн негиз болуп, тийиштүү компетенттүүлүккө ээ Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарынан белгиленген тартипте алынган тастыктоочу документтердин болуусу саналат.

Тестке катышпагандыгынын жүйөлүү себебин тастыктоочу документтер дал келбеген учурда талапкер “Алтын тамга” кошумча тестине катышуу жана орто жалпы билими жөнүндө артыкчылык менен аттестатты алуу укугунан ажыратылат.

19. Талапкерге тести өткөрүү учурунда тѳмѳнкүлѳргѳ тыюу салынат:

- байланыш каражаттарын, электрондук-эсептөөчү техниканы, фото, аудио жана видео аппаратураны, маалыматтык материалдарды, жазуу түрүндөгү эскертмелерди жана маалыматты сактоонун жана берүүнүн башка каражаттарын жанында алып жүрүүгө;

- администратордун уруксаты жок башка адамдар менен баарлашууга, башка нерселерди берүүгө, аудиторияда (залда) эркин жүрүүгө.

Талапкер жооп барактарын, бардык тест материалдарын, черновик кагаздарын ТӨЖдөн чыгып жатканда администраторго тапшырууга милдеттүү.

20. Белгиленген эрежелерди бузган талапкер ушул Жобонун 19-пунктуна ылайык тесттен четтетилет. Мындай учурда ТӨЖ администратору комиссиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, РайББ\ШаарББнын, ошондой эле мектептен коштогон байкоочулардын катышуусу менен тесттен четтетүү актын түзүшөт жана талапкер артыкчылык аттестаттын алуу укугунан ажыратылат.

21. Эгерде катышуучу ден-соолугуна байланыштуу же башка объективдүү себептер менен тест тапшырмаларын аткарып бүтпɵй калса, ага мɵɵнɵтүнɵн мурда тестирлөөдөн чыгып кетүү укугу берилет. ТӨЖ администратору тарабынан мектептин, РББ/ШББнын комиссияларынын ыйгарым укуктуу ɵкүлдɵрүнүн катышуусу менен жана байкоочулардын, коштоп келген мектеп өкүлдөрүнүн же ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) көз алдында тестирлɵɵнү мɵɵнɵтүнɵн мурда аяктоо (бүткɵрүү) жɵнүндɵ акт түзүлɵт жана ал талапкер артыкчылык аттестаттын алуу укугунан ажыратылат.

22. “Алтын тамга” тестине 30 мүнөткө чейин кечигип келген талапкерге тестке катышууга уруксат берилет жана ага кошумча убакыт берилбейт.

 

VI. Тестти ѳткѳрүүнүн тартиби

 

23. «Алтын тамга» тестирлɵɵсүн ɵткɵрүүгɵ бардыгы болуп 4 саат 30 мүнѳт (астрономиялык саат) бɵлүнɵт, анын ичинде талапкерлерге кɵрсɵтмɵ берүүгɵ - 30 мүнɵт, окуу сабактарынан тестирлɵɵгɵ - 3 саат 40 мүнɵт жана тыныгуу - 20 мүнɵт (талапкерлерге экинчи тесттен кийин - 20 мүнɵт, тыныгуу берилет).

24. “Алтын тамга” тести башталарда администраторлор талапкерлерге тест менен иштөө маселелери жана өткөрүү эрежелери боюнча көрсөтмө беришет.

25. Сабактар боюнча тесттин убактылары тѳмѳнкүчѳ:

- математика 70 мүнөт

- Кыргызстандын тарыхы 45 мүнөт

- химия 60 мүнөт

- эне тили жана адабияты 45 мүнөт

26. Талапкерге математика жана химия сабактары боюнча тесттерди аткарууда тесттин натыйжасынын жыйынтыгын алуу үчүн эсеп чыгаруу, сүрөттөрдү жана чиймелерди чийүү, чыгарылыштарды жазуу үчүн барактар (черновик) берилет. Жазылган барактар тести жыйынтыктоо үчүн негиз болуп эсептелинбейт, б.а. юридикалык күчкө ээ эмес.

27. “Алтын тамга” тестине катышкан талапкерге өзүнүн тестинин жыйынтыгын чакырып алуу жана жокко чыгаруу же кайрадан тесттен өтүү (б.а. кайрадан тапшыруу) укугу берилбейт.

28. “Алтын тамга” тестин өткөрүү процессинин ачык-айкындуулугун жана калыстыгын камсыздоо үчүн байкоо жүргүзүү үчүн компетенттүү органдардын, ата-энелер жана мугалимдер коомчулугунун өкүлдөрүнөн байкоочулардын курамын түзүлүп РайББ/ШаарББнын буйругу менен бекитилет. ТӨЖ ѳтүүчү тесттин мөөнөттөрү жөнүндө маалымат байкоочуларга тест башталганга чейин 5 күн мурда берилет.

29. Байкоочулардын кызматы болуп тѳмѳнкүлѳр саналат:

- инсандыгын тастыктаган документтери менен тест өтүүчү күнү ТӨЖдө болуу;

- “Алтын тамга” тестинин ѳтүп жаткандыгына тышкы байкоо жүргүзүү.

Алтын тамга” тестине даярдоо жана өткөрүү мезгилинде байкоочулардын ТӨЖдө болуусунун убактысы чектелбейт. Байкоочуларга “Алтын тамга” тестин даярдоо жана өткөрүү жараянына кийлигишүүгө (ар кандай суроолор жана эскертүүлөр менен талапкерлердин жана администраторлордун көңүлүн буруу, аудиторияда уюлдук байланыш каражаттарын, сүрөткө тартуучу жана видео аппараттарын, жеке портативдик компьютерлерди жана башка каражаттарды колдонууга) тыюу салынат.

 

VII. Тесттердин дизайны

 

30. “Алтын тамга” тести тѳмѳнкү кепилдиктерди камсыздайт:

- тестти өткөрүү жолдорун, шарттарын, жыйынтыктарды иштетип чыгарууну жана аларды чечмелѳѳнү стандартташтырууну – сыналуучулар үчүн өткөрүү этабында да, жыйынтыктарды иштетип чыгарууну жана маалыматтарды чечмелѳѳ этабында да бирдей шарттарды түзүү;

- жыйынтыктарды стандартташтырууну – талапкердин орто жалпы билим берүүнүн негизги жалпы билим берүү программаларын өздөштүрүү деңгээлин аныктоо үчүн кызмат кылуучу ченемди, баалоо шкаласын алуу.

31. Тест Кыргыз Республикасынын билим берүү программаларына жана мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык төрт предметти камтыйт жана тѳмѳнкү формадагы тест тапшырмаларын камтыйт:

- жабык – сунушталган жооптордон бир туура жоопту тандоо;

- ачык – тест тапшыруучу өзү кыска жообун (бүтүн сан) жазуусу;

- шайкештигин аныктоого берилген тапшырмалар;

- туура ырааттуулукту (окуялардын тартибин) аныктоо.

 

VIII. Тесттин жыйынтыгын чыгаруу

 

32. “Алтын тамга” тестинин жыйынтыктары ТӨЖдө тест тапшырылгандан үч күндөн кийин ар бир предмет боюнча балл жана “баа” менен өзүнчө берилет.

33. “Алтын тамга” тестинин өткөрүү протоколдору тест өткөн билим берүү уюмунун мөөрү менен тастыкталат.

34. Тесттин жыйынтыктары тесттик баллдарды беш баллдык баалоо тутумуна төмөнкүдөй тартипте которулуп берилет:

- эгер талапкер сабактан тест менен аныкталган баллдардын жалпы санынын 75%дан кем эмес алса, “тастыктады” эскертүүсү менен “эң жакшы” баасы коюлат;

- эгер талапкер сабактан тест менен аныкталган баллдардын жалпы санынын 60%дан 74%га чейин алса, “тастыктаган жок” эскертүүсү менен “жакшы” баасы коюлат;

- эгер талапкер сабактан тест менен аныкталган баллдардын жалпы санынын 50%дан 59%га чейин алса, “тастыктаган жок” эскертүүсү менен “канаатандырарлык” баасы коюлат.

- эгер талапкер сабактан тест менен аныкталган баллдардын жалпы санынын 49%дан жана андан төмөн алса, “тастыктаган жок” эскертүүсү менен “канаатандырарлык эмес” баасы коюлат.

35. “Алтын тамга” тестинин жыйынтыктары боюнча ушул Жобонун 6-пунктунда көрсөтүлгөн сабактарынан “эң жакшы” баалары менен жыйынтыктарга ээ болгон талапкер жалпы орто билими жөнүндө артыкчылык менен аттестатты алуу укугун тастыктайт.

36. Орто жалпы билими жөнүндө артыкчылыгы менен аттестат алууга укугун тастыктаган талапкер педагогикалык кеңештин сунушу менен жалпы билим берүү уюмунун буйругуна ылайык ушул сабактар боюнча ЖМАдан өтүүдөн бошотулат.

37. Ушул Жобонун 6-пунктунда көрсөтүлгөн “тастыктаган жок” эскертүүсү менен “Алтын тамга” тесттин дисциплиналары боюнча “жакшы”, “канаатандырарлык” жана “канааттандырарлык эмес” бааларын алган талапкер орто жалпы билими жөнүндө артыкчылык менен аттестатты алуу укугунан ажыратылып, ЖМАны жалпы негизде жалпы билим берүү уюмунда өтөт.

38. “Алтын тамга” тестинин ЖМАны өткөрүү формалары эквиваленттүү деп саналат, ошондуктан орто жалпы билими жөнүндө артыкчылык менен аттестатка карата тиркемеде “Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация” бөлүгүндө “Алтын тамга” тестинде алынган баалар коюлуп төмөнкү үлгүдө таризделет:

- математика (алгебра жана анализдин башталышы) (тест) - 5 (эң жакшы);

- эне-тил жана адабият (кыргыз, орус же өзбек тили) (тест) - 5 (эң жакшы);

- Кыргызстандын тарыхы (тест) - 5 (эң жакшы);

- химия (тест) - 5 (эң жакшы).

 

39. Орто жалпы билими тууралуу артыкчылык менен аттестатка ээ болуу укугун тастыктай албаган талапкер ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) менен макулдашып жазылган ɵз арызынын негизинде \“Алтын тамга” тестинин жыйынтыгы (арызда көрсөтүлгөн предметтер боюнча толук же толук эмес), педагогикалык кеңештин сунуштамасы жана жалпы билим берүү уюмунун буйругунун негизинде ЖМАны тапшыруудан бошотулат, жана ɵз каалоосу менен “Алтын тамга” тестинен алган баалары калтырылат. Бул учурда талапкердин “Алтын тамга” тестинин жыйынтыктары аттестациялык баа катары эсепке алынат.

40. Министрлик бекиткен “Алтын тамга” тестинин күбөлөндүрүлгөн жыйынтык маалыматты Аткаруучу билим берүүнү башкаруунун аймактык органдарына (РайББ\ШаарББ), жалпы билим берүү уюмдарына, катышуучуларга жана алардын ата-энелерине (мыйзамдуу өкүлдөрүнө) төмөнкү тартипте жеткирет:

- Министрликтин www.edu.gov.kg сайтына жайгаштырат;

- электрондук дарекке жиберет.

 

IX. Талаш-тартыштарды чечүү тартиби

 

41. “Алтын тамга” тестирлɵɵсүнɵн ɵткɵн талапкерлердин натыйжаларын баалоодо бирдиктүү талаптардын сакталышын камсыз кылуу үчүн техникалык комиссия (текстте мындан ары - ТК) түзүлɵт.

42. ТКнын тɵрагасы жана курамы Министрлик тарабынан бекитилет.

43. ТК апелляциялык арыз талапкер тарабынан тесттин жыйынтыгын алган соң 3 саат ичинде жазылат .

44. Билим берүүнү аймактык башкаруу органдары (РББ/ШББ) жер-жерлерде талапкерге электрондук дарек аркылуу арызын жɵнɵтүүгɵ кɵмɵктɵшɵт, бул учурда талапкердин аты-жɵнү, тест өткөрүүчү жай, сабактын аталышы жана окуу тили милдеттүү түрдɵ кɵрсɵтүлɵт.

45. Апелляция талапкердин ТКнын тɵрагасына жазылган арызынын негизинде график менен жүргүзɵт. ТК апелляцияны талапкердин катышуусу менен жана катышуусу жок дагы иш алып барганга укуктуу.

46. ТК апелляцияны ɵткɵрүү учурунда талапкердин жанында анын ɵздүктүгүн тастыктаган документи, ошондой эле Аткаруучу тарабынан берилген каттоо номуру болууга тийиш.

47. ТК компьютердик жана кол менен иштеп чыгуунун баллдарынын шайкештигин аныктоо максатында талапкердин жооп барагынын түп нускасын, тапшырмалардын ачкычтарын берүүнү сурайт. Талапкердин арызын кароонун жыйынтыгы протоколдук жол-жоболоштурулат жана ага ТКнын мүчөлөрү кол коет. ТКнын материалдары 1 жылдык мөөнөткө архивде сакталат.

48. ТК талапкердин арызына ылайык кɵрсɵтүлгɵн сабактар боюнча упайларды эсептɵɵнүн тууралыгын текшерүүгɵ укуктуу.

49. Предметтик тесттердин мазмуну боюнча апелляция жүргүзүлбɵйт.

50. Министрлик билим берүүнү башкаруунун аймактык органдарына (РББ/ШББ), жалпы билим берүү уюмдарына, катышуучуларга жана алардын ата-энелерине (мыйзамдуу өкүлдөрүнө) “Алтын тамга” тестирлɵɵсүнүн жыйынтыктары боюнча маалыматты тɵмɵнкү тартипте жеткирет:

- www.edu.gov.kg сайтында жайгаштырат;

- жыйынтыктарын электрондук почта аркылуу Аткаруучунун (Тесттик компаниянын) мүдүрүнүн кол тамгасы жана мɵɵрү менен тастыкталган кагаз түрүндɵ жɵнɵтɵт.

X. Каржылоо

 

51. “Алтын тамга” тестин өткөрүү менен байланышкан чыгымдар Министрликтин борборлоштурулган иш-чараларынын чыгымдар сметасында каралган республикалык бюджеттин эсебинен жүзөгө ашырылат. Талапкерлердин “Алтын тамга” тестине катышуу менен байланышкан чыгымдарды (жол кире, жашаган жери, тамактануусу) ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) каржылашат.

 

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар