Борбордук аппарат
Борбордук аппарат

Көрүлдү: 19580

Коррупцияга каршы чаралар

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы №137 Жарлыгы менен бекитилген 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу, коррупцияга каршы пропаганда жүргүзүү, коррупцияга каршы стандарттарды жайылтуу жана коомдо коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин 2026-жылдын 12-июнундагы № 780/1 буйругу менен 2026-2027 жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы маалыматтык саясатынын мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар ведомстволук планы бекитилди.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 137 «2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө» Жарлыгы менен бекитилген 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу (2025- 2027-жылдардын орто мөөнөттүү мезгилине I этап үчүн) боюнча иш-чаралар планын тийиштүү түрдө жана өз убагында аткаруунун сапатын жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин 2026-жылдын 3-июлундагы № 940/1 буйругу менен 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча (2025-2027-жылдардын орто мөөнөттүү мезгилинде I этап үчүн) Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин иш-чаралар планы бекитилди.

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинде коррупцияга каршы чараларды актуалдаштыруу жана коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин 2026-жылдын 14-сентябрындагы № 1227/1 буйругу менен Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигиндеги коррупциянын пайда болуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеси бекитилди.

 

Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы 

Коррупцияга каршы маалыматтык саясатынын мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы 

Иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө буйрук

Буйрук план

Буйрук тизме

Коррупциянын пайда болуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеси

 

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар