Мектепке чейинки билим берүү саясаты бөлүмү
Мектепке чейинки билим берүү саясаты бөлүмү

Көрүлдү: 5403

Мектепке чейинки билим берүү системасы

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында 1712 МЧББУ иштейт, 199813 бала тарбияланат.

 

Аймактар

Мектепке чейинки билим берүү уюмдары (МЧББУ)

МЧББУ балдардын саны

1.

Ысык-Көл облусу

109

16453

2.

Нарын  облусу

142

11720

3.

Ош облусу

430

35447

4.

Талас облусу

73

8765

5.

Чүй облусу

209

25932

6.

Жалал-Абад облусу

311

35296

7.

Баткен облусу

187

20459

8.

Бишкек шаары

176

31218

9.

Ош шаары

75

14523

 

Республика боюнча:

1712

199813

 

Мектепке чейинки билим берүү уюмдарына барган балдардын жалпы саны 199813 (23,9 %), алардын ичинен:

- 25,2% балдар;

- 22,8% кыздар.

Бүгүнкү күндө МЧББУда тарбиялоо-билим берүү процесси (менчигинин түрүнө карабастан) Кыргыз Республикасынын "Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу" мамлекеттик стандартынын талаптарына ылайык жүргүзүлүүдө, төмөнкүдөй программалар менен  жөнгө салынат:

- Базалык (жалпы өнүктүрүүчү) мектепке чейинки курактагы балдарды тарбиялоо, окутуу жана өнүктүрүү программасы Л.В. Усенко, Г.С. Сейдекулова, 2014-ж.; 

- Жалпы өнүктүрүүчү (базалык) 6-7 жаштагы балдарды мектепке даярдоо  программасы Л.В. Усенко, Г.С. Сейдекулова, Т.В. Знакомская 2008;

- 3 төн 6 жашка чейинки балдарды өнүктүрүү «Балалык» программасы;

- “Наристе” балдарды мектепке чейинки даярдоо (480 саат) программасы;

- “Алтын ачкыч” ОМК.

 

 

 

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар