Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы
Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы

Көрүлдү: 3980

1-4-класстарынын окуучуларын тамактандыруу жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө

Долбоор


КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын
22-сентябрындагы No 500 «Кыргыз Республикасынын билим берүү
уюмдарынын 1-4-класстарынын окуучуларын тамактандыруу
жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү
киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын
30-июнундагы No 382-VII «Жалпы билим берүү уюмдарында
окуучулардын тамактануусун уюштурууну жакшыртуу жөнүндө»
токтомун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз
Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Конституциялык
Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен, Кыргыз
Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. 2023-жылдын 1-январынан тартып жалпы билим берүү уюмдарынын 1-4-класстарынын окуучуларын тамактандыруу үчүн белгиленген базалык сумманы 7 сомдон 20 сомго чейин жогорулатуу.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-сентябрындагы № 500 «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын 1-4-класстарынын окуучуларын тамактануусун уюштуруу жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын 1-4-класстарынын окуучуларынын тамактануусун уюштуруу жөнүндө» жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- Жобонун 6-пунктундагы “7 сом” деген сөз “20 сом” деген сөз менен алмаштырылсын;

- Жобонун 7-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

3.Бултоктомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдеринин аткарылышын контролдоо бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумушчу күндөн кийин күчүнө кирет.

 

КыргызРеспубликасынын

МинистрлерКабинетинин

Төрагасы                                                                                А.У. Жапаров

 

Негиздеме-маалымкат

Салыштырма таблица

 

 
 

 

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар