Илим жана инновациялар башкармалыгы
Илим жана инновациялар башкармалыгы

Көрүлдү: 5844

Аспирантура / докторантура

Аспирантура жана докторантура

Аспирантура жана докторантура Кыргыз Республикасында кесиптик жогорку билим берүү тутумунан кийинки даярдоонун негизги формасы болуп саналат. Жождордо жана илимий уюмдарда аспиранттарды жана докторанттарды даярдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы № 327 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында илимий-педагогикалык жана илимий кадрларды даярдоо жөнүндө Жобонун» негизинде илимий адистиктер боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйруктарына ылайык жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Илим жана илимий-техникалык саясат башкармалыгы  илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырат, Кыргыз Республикасынын жождордогу жана илимий уюмдардагы аспирантура жана докторантура бөлүмдөрүн координациялайт.

Илимий-педагогикалык жана илимий кадрларды даярдоо бюджеттик жана контракттык негизде күндүзгү жана сырттан окуу формасында Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында жана илимий мекемелеринде ишке ашырылат .

Жождордо жана илимий уюмдарда адистиктер боюнча аспирантурага/докторантурага республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен берилүүчү орундардын санын илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктайт. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларына жана илимий уюмдарына аспиранттар/докторанттар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин квоталарына ылайык кабыл алынат. Аспирантурага/докторантурага кабыл алуу Кыргыз Республикасынын жождорунун жана илимий уюмдарынын юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерине ылайык акы төлөмө негизде да жүргүзүлөт.

            Бүгүнкү күндө 2020-2021-окуу жылына жождордогу жана илимий уюмдардагы аспирант, докторант жана изденүүчүлөрдүн саны 2238 адамды түзөт. Алардын ичинен республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттик негизде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларда жана илимий уюмдарда 1277 аспирант (күндүзгү окуу бөлүмүндө – 456, сырттан окуу бөлүмүндө - 821) жана 48 докторант, ал эми акы төлөмө (контракттык) негизде Кыргыз Республикасынын бардык жогорку окуу жайлары жана илимий уюмдарынан 860 аспирант (күндүзгү окуу бөлүмүндө – 468, сырттан окуу бөлүмүндө - 392) жана 49 докторант билим алышат. Ошондой эле кээ бир илимий уюмдарда жана жождордо доктордук диссертациясын өз алдынча жазып жүргөн 57 изденүүчү бар.

 

Илимдин кандидаттарынын, PhD докторлордун жана илимдин докторлорунун реестри

 

Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун жана ИИИнын аспиранттарынын / докторанттарынын 2018-2019-2020-жылдарга карата саны.

(Ыкчам маалыматтарга ылайык)

 

 

 

 

 

 

 

жылдар

 

 

 

 

Аспирантурага бюджеттик негизде окугандардын саны

Аспирантурага контракттык негизде окугандардын саны

Докторанттардын саны

 

 

 

очно

заочно

очно

заочно

 

1.

2018ж.

 

132

275

191

132

9

2.

2019ж.

 

132

315

200

93

11

3

2020ж.

 

95

236

144

79

7

 

 

Итого

359

826

535

304

 

 

 

 

    1185

 

    839

 

 

 

 

 

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар