Илим жана инновациялар башкармалыгы
Илим жана инновациялар башкармалыгы

Көрүлдү: 5542

Жаш окумуштуулардын жогорку кеңеши

 

 

Жаш окумуштуулардын жогорку кеңешинин курамы жана жылдык иш-аракеттер планы бекитилди

    Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Жаш окумуштуулардын жогорку кеңешинин 2023-жылдын 12-майында онлайын форматында өткөрүлгөн жыйынында Жаш окумуштуулардын жогорку кеңешинин курамы жана жылдык иш-аракеттер планы түзүлүп бекитилди. 

 

Жаш окумуштуулардын жогорку кеңешинин төрагасы дайындалды 

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин2023-жылдын 16-январында №81/1 буйругу менен Мамытбеков Жайлоо Кыдырович Министрликтин Жаш окумуштуулар кеңешинин төрагасы  болуп дайындалды.

 

2023-жылдын 11-январында Билим берүү жана илим министрлигинин Жаш окумуштууларынын жогорку кеңешинин  төрагасын шайлоо жараяны болуп өткөн.

 

Жаш окумуштуулардын жогорку кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча комиссиянын курамы жана шайлоо бюллетенинин үлгүсү бекитилди

    Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Жаш окумуштуулардын жогорку кеңеши (мындан ары - Кеңеш) жөнүндө жобону ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылдын 12-декабрындагы № 2700/1 буйругу менен  Жаш окумуштуулардын жогорку кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча комиссиянын курамы жана шайлоо бюллетенинин үлгүсү бекитилди.

    Комиссия эки жумалык мөөнөттө тиешелүү талаптарды эске алуу менен Кеңештин төрагасын шайлоону өткөрөт.

    Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Жаш окумуштуулардын Жогорку Кеңешинин төрагасын шайлоого талапкерлерди каттоо 2022-жылдын 21-декабрында саат 15.00гө чейин шилтеме боюнча жүргүзүлөт.

Жаш окумуштуулардын жогорку кеңешинин Жобосу бекитилди

    Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Жаш окумуштуулардын жогорку кеңешинин Жобосу 2022-жылдын 30-ноябрындагы № 2951/1 буйругу менен бекитилди.

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар