ЖАШ ОКУМУШТУУЛАРДЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТӨРАГАСЫН ШАЙЛОО ӨТТҮ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

11 Январь 2023 ж. 18:34

Көрүлдү: 769

2023-жылдын 11-январында Билим берүү жана илим министрлигинин Жаш окумуштууларынын жогорку кеңешинин мүчөлөрү төраганы шайлоо жараянына катышты.

post.title

Жараянда министрдин орун басары Расул Абазбек уулу акыркы жылдарда илимге жаштарды тартуу аркылуу анын кадрдык структурасын калыбына келтирүү мамлекеттик деңгээлдеги артыкчылыктуу милдеттердин катарына киргенин белгиледи.

“Жаш окумуштуулар менен иштөө билим берүү жана илим министрлигинин ишмердүүлүгүндөгү негизги стратегиялык багыттарынын бири болуп саналат. Билим берүү жана илим жаатындагы кызматташтыктын приоритеттерин аныктай турган конкреттүү чечимдерди кабыл алуу, биргелешкен ишти пландаштыруу, глобалдык атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү камсыз кылуу келечекте инновациялар рыногун калыптандыруу кызыкчылыгында илимдин өнүгүшүнө жаңы дем берет” - деп билдирди министрдин орун басары.

Жаш окумуштуулардын жогорку кеңешинин төрагалыгына 6 талапкер катталган. Анын ичинен бир талапкер эки жолу катталса, эки талапкер катталуу талаптарын толук аткарган эмес. Жыйынтыгында 3 талапкер каттоодон туура өткөн.

Шайлоочулардын жашыруун добуш берүүсүнүн жыйынтыгында эң көп добушка ээ болгон Жайлоо Мамытбековду шайлоону өткөрүү боюнча комиссия “Жаш окумуштуулардын  жогорку кеңешинин” төрагалыгына дайындоого сунуштады.

Комиссиянын протоколу менен таанышуу үчүн шилтемени басыңыз.

Маалымат: Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Жаш окумуштуулардын жогорку кеңеши илимий-билим берүү чөйрөсүндө жаштар саясаты, инновациялык экономиканы өнүктүрүүнү кадрдык камсыздоо маселелери боюнча эксперттик-консультациялык функцияларды аткарып, жаш окумуштуулардын жана адистердин кызыкчылыктарын коргойт. Жаш окумуштуулардын жогорку кеңешине мүчөлөр ЖОЖдордун, илимий жана коомдук уюмдардын жаш окумуштууларынын ичинен шайланат. Мүчө болуу үчүн талапкерди жөнөтүүчү уюм сунушташы керек. Жаш окумуштуулардын жогорку кеңешинин төрагасынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү - 2 жыл.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар