Илим жана инновациялар башкармалыгы
Илим жана инновациялар башкармалыгы

Көрүлдү: 7281

Илимий-изилдөө долбоорлору

                                            Илимий - изилдөө долборлору

Кыргыз Республикасынын “Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 6-августундагы № 429 токтому менен бекитилген “Илимий, илимий-техникалык жана инновациялык ишмердүүлүктү республикалык бюджеттин эсебинен каржылоо тартиби жөнүндө” Жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жыл сайын мамлекеттик заказ боюнча илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди аткарууга конкурс өткөрүлөт.

2019-жылдын 7-июнундагы Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин жыйынынын № 21-36 Протоколун ишке ашыруу максатында илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди аткаруу конкурстук негизде мамлекеттик заказ боюнча жүргүзүлөт. Азыркы учурда бардык мамлекеттик органдарда жана административдик ведомстволордо мамлекеттик заказды сунуштоо боюнча Илимий-техникалык кеңештер түзүлгөн.

2021-жылдан баштап санариптештирүүнүн алкагында илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштердин конкурсун өткөрүү үчүн онлайн-кабыл алуу программасы киргизилген.

2021-жылы 214 илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди аткарууга республикалык бюджеттен 109 245 743 сом бөлүнгөн.

Анын ичинен: 127 улантылуучу, 87 жаңы темалар.

Илимдин багыттары боюнча:

- гуманитардык илими - 14 784 040 сом;

- табигый-математикалык илими - 11 985 000 сом;

- медициналык илими - 35 701 063 сом;

- айыл-чарба илими - 23 681 703 сом;

- техникалык илими - 23 093 937 сом.

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар