Илим жана инновациялар башкармалыгы
Илим жана инновациялар башкармалыгы

Көрүлдү: 5626

PhD докторантура

Жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүүнүн философия доктору (PhD)/тармак боюнча доктору программасы боюнча маалымат:

Жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү программалары боюнча даярдоо (PhD)/тармак боюнча) жана философия доктору (PhD)/тармак боюнча доктор квалификациялык даражасын ыйгаруу маселелерин жөнгө салуу максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23- жана 40-беренелерине ылайык философия докторун (PhD)/тармак боюнча докторун даярдоону жөнгө салуучу актылар кабыл алынды.

2020-жылыдын 11-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 601 -токтому менен Жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүүнү (базалык докторантура (PhD)/тармак боюнча) уюштуруу тартиби жана философия доктору (PhD)/тармак боюнча доктор квалификациялык даражасын ыйгаруу жөнүндө Жобосу, философия докторун (PhD)/тармак боюнча докторду даярдоонун аккредитациялануучу билим берүү программаларына коюлуучу Минималдуу талаптар бекитилди.

2021-жылдын 4-мартындагы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин № 219/1 буйругуна ылайык “Базалык докторантуранын (PhD/тармак боюнча) билим берүү программалары боюнча окууга кабыл алууда кирүү сынактарын өткөрүү үчүн сынактык комиссиялар жөнүндө Жобо” жана философия доктору (PhD)/тармак боюнча доктор квалификациялык даражасын ыйгаруу менен базалык докторантуранын багыттарынын тизмеги бекитилди.

Азыркы учурда жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү программалары боюнча докторду даярдоону (PhD)/тармак боюнча) ишке ашыруу үчүн Ош мамлекеттик университети баштаган ондогон жогорку окуу жайлары лицензия алышты.

2021-жылдын 6-июлундагы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин № 1184/1/1 буйругу менен жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү программалары боюнча докторду даярдоонун (PhD)/тармак боюнча) мамлекеттик билим берүү стандартын иштеп чыгуу боюнча жумушчу тобу түзүлдү.

 

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар