Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгы
Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгы

Көрүлдү: 2472

Жарыялар

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги окутуучу-популярдуу басма жана мультимедиялык продукцияларды түзүү боюнча сынак жарыялайт

Окуу, окутуучу-популярдуу басма жана мультимедиялык продукцияларды түзүү боюнча жарыяланган сынактын ЖОБОСУ

  1. Жалпы жоболор

1.1.      Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги (мындан ары – ББИМ) тарабынан окутуучу-популярдуу басма жана мультимедиялык продукцияларды түзүү боюнча жарыяланган сынактын жобосу (мындан ары – Жобо) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди ѳнүктүрүүнүн жана тил саясатын ѳркүндѳтүүнүн улуттук программасынын” аткарылышын камсыздоо максатында иштелип чыкты.

1.2.      Жобо орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарынын тизмеги боюнча Кыргыз Республикасынын кесиптик билим берүү уюмдары үчүн окуу, окутуу-усулдук жана көрсөтмө-дидактикалык колдонмолорду, окутуучу-популярдуу басма жана мультимедиялык продукцияларды түзүү, басып чыгаруу үчүн сынак (мындан ары – сынак) ѳткѳрүүнүн шарттарын жана тартибин аныктайт;

1.3.      Сынак Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан төрт айлык мөөнөттө ѳткѳрүлѳт.

2. Сынактын максаты:

2.1.      “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын камсыз кылуу жана “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди ѳнүктүрүүнүн жана тил саясатын ѳркүндѳтүүнүн улуттук программасын” ишке ашыруу;

2.2.      Кесиптик орто жана жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарынын тизмеги боюнча Кыргыз Республикасынын кесиптик билим берүү уюмдары үчүн окуу, окутуу-усулдук жана көрсөтмө-дидактикалык колдонмолорду, окутуучу-популярдуу басылмаларды даярдоо, басып чыгаруу;

2.3.      Кесиптик орто жана жогорку окуу жайларынын окутуучуларына чыгармачыл дем берүү жана колдоо;

2.4.      Кыргыз тилиндеги окуу китептерди жана окутуу-усулдук колдонмолорду көбөйтүү,  жайылтуу;

2.5       Кыргыз тилиндеги окуу, окутуу-усулдук жана көрсөтмө-дидактикалык колдонмолордун, окутуучу-популярдуу басылмалардын сапатын көтөрүү, өнүктүрүү;

2.6.      Кыргыз тилиндеги сапаттуу китептер аркылуу мамлекеттик тилде окуганга мүмкүнчүлүк түзүү, мамлекеттик тилди ѳздѳштүрүүгѳ ѳбѳлгѳ жаратуу.

3. Сынактын талаптары

3.1. Окуу куралдарына коюлган талаптар:

  • Окуу жайдын сунуштамасы менен кабыл алынат;
  • Автор Кыргыз Республикасынын кесиптик орто же жогорку окуу жайдын окутуучусу болуусу кажет;
  • Мурда жарык көрбөгөн окуу китептери гана алынат;
  • Окуу китепке карата илимий даражасы бар педагогдордун коштомо пикири (2 пикир: ички жана тышкы) болуусу шарт;
  • Окуу китептердин мазмунунун деңгээлине, кыргыз тилдин ченемдерин, жазуу эрежелерин сактоосуна баа берилет;
  • Окуу китепке карата кыскача аннотация (1-1,5 бет)
  • Окуу куралдын кафедрада жана факультетте каралгандыгы тууралуу протоколдун көчүрмөсү;
  • Сунуштаган окуу жайдын Окумуштуулар кеңешинин чечими;
  • Көлөмү Microsoft Word документи тибинде, 12-шрифт, 1–сап аралык менен (– 1,5) Times New Roman арибинде 150-350 бетке чейин болуусу шарт;
  • Кол жазманын башка маалымат булагынан көчүрүлүп алынбагандыгын (плагиат) тастыктоочу документ тиркелиши керек.

4. Сынака катышуу шарттары

4.1.      Окуу куралдар жана колдонмолор 3.1. пунктта көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келүүсү тийиш;

4.2.      Китептер жана колдонмолор электрондук түрдө жана кагаз түрүндө (1 нускада) кабыл алынат;

4.3.      Ушул Жобонун 5.1 пунктунун талаптарына  жооп берген кол жазмалардын авторлору  тиркемедеги аталыштар боюнча сынакка катыша алышат;

4.4.      Плагиат (көчүрүп алган) деп табылган окуу куралдар сынактык кароодон четтетилет;

4.5.      Автор жөнүндө толук маалымат: өмүр баяны, дареги, байланыш телефондору, сапаттуу сүрөтү (электрондук түрдө);

4.6.      Кѳрсѳтүлгѳн мѳѳнѳттѳн кечиктирилген жана катышуу шартына ылайык тапшырылбаган эмгектер сынакка кабыл алынбайт.

4.7. Сунушталган эмгектерди Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдында түзүлгөн лингвистикалык-эксперттик комиссия тандоодон ѳткѳрѳт

5. Лингвистикалык-эксперттик комиссиянын ишмердүүлүгү

5.1.     Сынакка катышуу үчүн катталган кол жазмалардын жана анын коштомо документтеринин талапка (Жобонун 3-пункту) ылайык келишин карайт;

5.2.     Мамлекеттик тилди жайылтууга жана өркүндөтүүгө багытталган окуу куралдарын    басып чыгарууда сапаттык жагын көзөмөлдөйт.

5.3.      Сынактын жыйынтыгы менен коюлган бардык талаптарга жооп берген кол жазмаларды басууга сунуштайт.

6. Сынактын жыйынтыгы:

6.1. Сынактын талаптарына жооп берип, сынактан өткөн кол жазмалар окуу куралы катары акысыз басмадан чыгарылат.

6.2. Окуу куралдын жарык көргөн нускасына ылайык авторго (авторлорго) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 20-апрелиндеги №225 токтомунун негизинде сый акы каралат.

6.3. Сынактын жыйынтыгы чыгарылгандан кийин жеңүүчүлөрдүн эмгектеринин электрондук (PDF) варианттары сайтка жайгаштырылат.

 

7. Сынактын мѳѳнѳтү

Сынакка катышуу үчүн табыштама 2019-жылдын 1-мартына чейин кабыл алынат. Ал эми даяр кол жазмалар 2019-жылдын 1-июнуна чейин кабыл алынат.

Кол жазмалар кагаз жана электрондук түрдө, коштомо жана жолдомо документтери менен КР ББИМдин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторуна жѳнѳтүлүүгѳ, же тапшырылууга тийиш.

Бишкек ш., Тыныстанов к., 257, 324-иш бѳлмѳ.

Маалымат үчүн телефондор: 66-10-46, 0709 492424 Толкун Карагулова

 

Жүктөп алуу: Конкурс УП аткарыла элек ЖОЖ.xlsx

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар