БАШТАЛГЫЧ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МАМЛЕКЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТТАРЫ БЕКИТИЛДИ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

16 Март 2026 ж. 12:09

Көрүлдү: 1567

Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамынын 9 жана 13-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 токтомуна ылайык, башталгыч кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттары бекитилди.

post.title

Бекитилген стандарттар төмөнкү кесиптерди жана квалификацияларды камтыйт:

    • Кесип: Айыл чарба өндүрүшүнүн тракторчу-машинисти, квалификациясы: (8322) Айыл чарба өндүрүшүнүн тракторчу- машинисти (тиркеме №1);
    • Кесип: Айыл чарба өндүрүшүнүн устаты (фермер), квалификациясы: (8281) Айыл чарба машиналарын жана жабдууларын оңдоочу слесарь (тиркеме №2);
    • Кесип: Бычып кесүүчү, квалификациясы: (7443) Бычып кесүүчү (тиркеме №3);
    • Кесип: Компьютерлерди жана кеңсе техникаларын оңдоо жана тейлөө боюнча устат, квалификациясы: (7422) Компьютерлерди, оргтехниканы жана локалдык тармактарды оңдоо жана тейлөө боюнча устат (тиркеме №4);
    • Кесип: Жалпы курулуш иштеринин чебери, квалификациясы: (7121) Кыш кыноочу (тиркеме №5);
    • Кесип: Маалыматтык технологиялардын коопсуздугу боюнча адис, квалификациясы: (2139) Маалыматтык технологиялардын коопсуздугу боюнча адис (тиркеме №6);
    • Кесип: Мобилдик телефондорду, смартфон жана планшеттерди оңдоо жана тейлөө боюнча устат, квалификациясы: (7422) Мобилдик телефондорду, смартфон жана планшеттерди оңдоо жана тейлөө боюнча устат (тиркеме №7);
    • Кесип: Web жана мультимедиялык тиркемелерди иштеп чыгуучу, квалификациясы: (3121) Веб-дизайнер (тиркеме №8);
    • Кесип: Web жана мультимедиялык тиркемелерди иштеп чыгуучу, квалификациясы: (3514) Web-программист (тиркеме №9);
    • Кесип: Автомобилдин айдоочусу, квалификациясы: (8322) Автомобилдин айдоочусу “С1” (тиркеме №10);
    • Кесип: Өсүмдүк өстүрүү устаты (фермер), квалификациясы: (6111) Жашылча өстүрүүчү (тиркеме №11);
    • Кесип: Ширетүүчү (электр жана газ менен ширетүү иштери), квалификациясы: (7212) Электр-газ менен ширетүүчү (тиркеме №12);
    • Кесип: Тигүү жабдуусунун оператору, квалификациясы: (7443) Тигүүчү (тиркеме №13);
    • Кесип: Универсал-фрезерлөөчү, квалификациясы: (7223) Фрезерлөөчү (тиркеме №14);
    • Кесип: Ачык кен жумуштарынын машинисти, квалификациясы: (8332) Бульдозердин машинисти (тиркеме №15);
    • Кесип: Программалык камсыздоону иштеп чыгуучу, квалификациясы: (2512) Программалык камсыздоону иштеп чыгуучу (тиркеме №16);
    • Кесип: Дезинфекциялоочу жабдуулардын оператору, квалификациясы: (8163) Дезинфекциялоочу жабдуулардын оператору (тиркеме №17);
    • Кесип: Түтүк өткөргүч жана сантехникалык системалар боюнча слесарь, квалификациясы: (7126) Түтүк өткөргүч жана сантехникалык системалар боюнча слесарь (тиркеме №18);
    • Кесип: Ашпозчу-кондитер, квалификациясы: (5122) Ашпозчу 3-деңгээл (тиркеме №19);
    • Кесип: Ашпозчу-кондитер, квалификациясы: (5122) Ашпозчу 4-деңгээл (тиркеме №20).

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар