Көрүлдү: 0
Бүгун Бишкек шаарындагы “Sheraton” мейманканасында “Компетенцияларды сертификациялоо жана валидациялоо: эмгек рыногунун жаңы мейкиндиктери” аттуу форуму өткөрүүлүүдө. Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Улуттук квалификациялык кеңештин мүчөлөрү, иш-берүүчүлөр, социалдык өнөктөштөр жана ведомстволор катышууда.
Форумдун максаты: Кыргыз Республикасында эмгек рыногун жана экономиканы өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн компетенцияларды сертификациялоо жана валидациялоо: учурдагы абалын жана келечегин талкуулоо.
Милдеттери:
• Компетенцияларды/квалификацияларды сертификациялоону жана валидациялоону өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн жана актуалдуулугун жалпы түшүнүүнү калыптандыруу;
• Квалификацияларды, компетенцияларды/квалификацияларды валидациялоо жана сертификациялоо системасын өнүктүрүү чөйрөсүндөгү улуттук жана эл аралык контекстти жана практиканы көрсөтүү;
• Формалдуу эмес жана информалдуу окутууну сертификациялоо жана валидациялоо процессине тартылган негизги кызыкдар тараптардын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн перспективаларын талкуулоо жана механизмдерин иштеп чыгуу.
Иш-чаранын негизги уюштуруучулары – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Германиянын Эл аралык кызматташтык коому (GIZ).