Мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору
Мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору
Көп тилдүү билим берүү программаларында мектепке чейинки курактагы балдар менен ишти уюштуруу боюнча методикалык колдонмо

Көрүлдү: 0

Колдонмо Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрли- гинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалифика- циясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун тил мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча инновациялык технологиялар борбору тарабынан жана Социалдык интеграция борборунун адистери менен биргеликте 2020-жылдын 30-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим миистрлигинин буйругун аткаруунун алкагында ЕККУнун Борбор Азия билим берүү программасынын каржылык колдоосу менен даярдалды. Колдонмо Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы РПКБЖ КДИнин ОУБси (окуу-усулдук бирикмеси) тарабынан бекитилген, 2020-жылдын декабрь айында И. Арабаев атындагы КМУнун Илимий Кеңешинин чечими менен басууга сунушталган.

post.title

    Китепте Эстония, Кыргызстан жана Казакстандын бала бакчаларындагы көп тилдүү илим берүү программаларын пилоттон өткөрүү тажрыйбасы, ошондой эле аталган өлкөлөрдөгү методисттер таянган негизги хрестоматиялык материал чагылдырылган.

    Колдонмо адистер тарабынан көп тилдүү билим берүү программасын ишке ашыруу үчүн мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын (МЧББУ) мүмкүнчүлүктөрүн жана ресурстарын баалоо максатында колдонулушу мүмкүн; билим берүүнүн улуттук системасынын контекстинде дүйнөлүк тажрыйбаны эске алуу менен көп тилдүү билим берүү программаларын пландаштыруу, ишке ашыруу жана ишке киргизүүнүн жыйынтыктарын баалоо үчүн колдонулушу мүмкүн; МЧББУда көп тилдүү билим берүү боюнча автордук программаларды жана окуу материалдарын иштеп чыгуу үчүн колдонулушу мүмкүн.

    Китеп ошондой эле ата-энелерге көп тилдүү билим берүүнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө маалымат алуу үчүн сунушталышы мүмкүн; баланын өз тилинде да, максаттуу тилде да тилдик өнүгүүсүн колдоо мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө, ошондой эле бул процесстеги өз ролу жөнүндө маалымат алуу үчүн сунушталышы мүмкүн.

 

Колдонмону төмөндөгү шилтемеден көчүрүп аласыз:

Бала бакчадагы көп тилдүүлүк: Көп тилдүү билим берүү программаларында мектепке чейинки курактагы балдар менен ишти уюштуруу б-ча метод. колдонмо

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар