Мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору
Мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору

Көрүлдү: 291

Кыргызстандын жалпы билим берүүчү мектептеринде кыргыз тилин экинчи тил катары үйрөтүүнү өркүндөтүүнүн концепциясы

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги

Кыргыз билим берүү академиясы

Көп тилдүү билим берүү жана адабият  лабораториясы

Кыргызстандын жалпы билим берүүчү мектептеринде кыргыз тилин экинчи тил катары үйрөтүүнү өркүндөтүүнүн концепциясы

Толукталып, кайрадан иштелип чыккан  редакциясы

Концепцияны толуктап иштеп чыккандар:                

 С. Рысбаев, п.и.д. профессор

Б. Абдухамидова, п.и.к.

 

            Бишкек – 2021

Окуу орус, өзбек, тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде кыргыз тилин окуп-үйрөнүүнүн

жалпы маселелери

 

Кыргыз Республикасы – көп улуттун өкүлдөрү жашаган эгемендүү мамлекет. Анда азыркы күндө кырктан ашуун улуттардын өкүлдүрү жашап, эмгектенип жана билим алып жатышат. Мына ушундай шартта түпкү улуттан башка ар бир улуттун өкүлдөрү Концтитуциялык укуктарына ылайык тил тандоо жана сүйлөө, эне тилин сактоо эркиндигине жана укуктарына ээ, ошону менен бирге, республиканын  Мамлекеттик тили – кыргыз тилин окуп үйрөнүүгө да милдеттүү. Анткени КРнын Конституциясынын 5-статьясында да, КРнын Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамынын 1-статьясында да «кыргыз тили Кыргыз Республикасынынын мамлекетик тили болуп саналары» жана ал  башталгыч, орто жана жогорку окуу жайларында окутуунун жана тарбиялоонун негизги тили экендиги, окутуу расмий же башка тилдерде  жүргүзүлгөн билим берүүчү мекемелерде «Мамлекеттик тилди окутуу жана үйрөтүүнү камсыз кылуу» маселелери мыйзам түрүндө белгиленген. Алар КРнын Президентинин алдындагы мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын КРда мамлекеттик тилди жана тил саясатын өнүктүрүүнүн Улуттук программасында андан ары тереӊдетилген.

Мына ушундай мыйзамдуу көрсөтмөлөргө ылайык республиканын орус, өзбек жана тажик тилдүү мектептеринде окуучуларга кыргыз тилин талаптын деңгээлинде окутуп-үйрөнүү, турмуш-тиричиликтин жана коомдук турмуштун түрүү чөйрө-кырдаалдарында кыргызча сүйлөп пикир алышууга көнүктүрүү маселеси күн тартибине коюлган.

Белгилеп кетүүчү нерсе: кыргыз тили кыргыз тилдүү мектептерде эне тили катары окутулуу менен, республиканын орус, өзбек жана  тажик тилдүү мектептеринде экинчи тил катары үйрөтүү жүргүзүлөт.

Азыркы учурда республикабыздын 2200дөн ашуун мектептеринин ичинде 500дөй орус, өзбек, тажик тилдериндеги жана  жарыш тилдүү мектептери бар. Мындай учурда,  кыргыз тилин үйрөтүү методикасынын  маселелери, албетте, биринчиден, мектептердин окуу жүргүзүлгөн тилине, экинчиден, республиканын шаар жана айыл аймактарындагы тилдик  чөйрөлөргө жана да түрдүү тилдин өкүлдөрү басымдуу жашаган чөйрөнүн өзгөчөлүктөрүнө, ошону менен бирге, балдардын тил билүү деңгээлдерине жараша чечилүүгө тийиш.Ошого жараша кыргыз тилин  жаңыдан үйрөнүүчүлөр үчүн башталгыч этапта үйрөтүү ыкмалары киргизилет, ал эми кыргыз тилин байланыш-катыштын деңгээлинде билген окуучулар үчүн улантуучу топтордо иштөө жүзөгө  ашырылмакчы. Бир катар мектептерде балдардын тил билүү деңгээлдерине  ылайык тайпаларга бөлүп окутуу да уюштурулушу  мүмкүн. Бул шарттарды практикада туура эске алганда гана кыргыз тилин  үйрөтүүнүн натыйжалуу болуусуна жетишмекчи.

Ошентсе да, орус, өзбек, тажик мектептеринде кайсы гана улуттун өкүлдөрү болбосун, кыргыз тили предметин окутуу процессинде  алардын эне тилин окуп-үйрөнүүсүнө, улуттук өзгөчөлүктөрүнө, этностук өз алдынчалыгына, эне тилинде сүйлөө эркиндигине жана бул тараптагы конституциялык  кол тийбестиктерине эч качан шек келтирилбейт жана улут аралык мамиле маданиятына жана ынтымактыкка карама-каршы ой-максат менен жүргүзүлбөйт. Ошону менен бирге, ал мектептерде кыргыз тилинин да өз алдынчалыгына, анын кол тийбестигине  да шек келтирүүгө тийиш эмес. Бирок да, кыргыз тилине, республиканын мамлекеттик тили жөнүндө мыйзамга ылайык айрым артыкчылыктар берилүүгө тийиш.

 

Кыргыз тилин экинчи тил катары окуп-үйрөнүүнүн максат-милдеттери, мазмуну жана анын компонеттери тууралуу

Окутуунун өзгөчөлүктөрү, негизги багыты,  максаты жана милдеттери

 

Бардык эле окуу предметтери сыяктуу кыргыз тилин орус, өзбек жана тажик тилдүү мектептерде окуп-үйрөнүүдө да “эмне үчүн окуу керек?”, “эмнени окуп үйрөнүү керек?” анан да, “кантип окуп үйрөнүү керек?” –деген проблемалуу суроолорду алдыга коебуз. Мына ушул суроолорду туура чечкенде гана окутуунун мазмунун, максатын, окутуу каражаттарын туура аныктайбыз. Анткени,  “окутуунун максаты – баарынын алгачкысы жана анын аныктагычы болуп саналат”. Анын алгачкы болгон себеби, ишмердүүлүк дайыма максатты  жана “түпкү натыйжаны аныктоодон башталат”, б.а. “пикир алышууга үйрөтүү” башкы максат болуу менен бирге, ал окутуунун мазмунун да, түпкү натыйжасы да болуп калат.

 Демек, кыргыз тилин окутуунун негизги максаты башка улуттун өкүлдөрүн күндөлүк турмуш-тиричиликтин түрдүү чөйрөсүндө жана турмуштук түрдүү кырдаалдарда кыргыз тилинде эркин сүйлөшө билүү менен сабаттуу  жазууга ээ кылуу.

Андай болсо, сабакта өздөштүргөн ар бир сөз, сүйлөм, текст, грамматикалык формалар, окуучунун өз алдынча ой-пикирин билдире алуусунун зарыл каражаттары болушу, а сабактын мазмунун болсо баланын көз карашына, ой жүгүртүүсүнө, жашоо жана окуу иш-аракеттерине байланышкан окуу материалдары түзүүсү керек. Мындай маалыматтар оозеки да, жазуу түрүндө да берилет, анткени окуучу бул багыттарда, эркин пикир алышуунун деңгээлинде, кептин 4 түрү (угуу, окуу, сүйлөө, жазуу) боюнча  баарлаша билүүгө ээ кылууга багытталат.

Бул иш-аракеттер негизги багыт катары окутууну коммуникативдик багытта уюштурууну көздөйт. Сабакты коммуникативдик ыкмада уюштуруу гана окуучуну турмуштук түрдүү кырдаалдарда сүйлөшө алууга, маектеше билүүгө, анын негизинде кыргызча сүйлөө маданиятына көнүктүрүүгө мүмкүн экендигин тил үйрөтүүнүн дүйнөлүк практикасында  далилденген.

Коммуникативдүүлүк гана  окутуунун практикалык максатын алдыга коёт. Ал, жогоруда айтылгандай, оозеки сүйлөшүүгө үйрөтүүдөн башталмакчы, т.а. бала мектепти аяктаганда кыргыз тилинде өз оюн ачык, так, сабаттуу жазып  билдире  алышы, башка бирөөнүн сөзүн түшүнүп, болуп өткөн же боло турган окуя туурасында  монологдук баяндоо, сүрөттөө жана ой жүгүртүү түрүндө пикрин билдире алууга жетишүүсү –максаттуу иш. Текстти окуганда да окуучу аны туура, так, шар, көрктүү окуй алышы эле жетишсиз. Окуучу ал тексттин мазмунун түшүндүрүп айта билиши өзгөчө бааланат. Балдар эне тилинен кыргыз тилине же тескерисинче, кыргыз тилинен эне тилине сөздүктү пайдалануу менен которо алууга машыктыруу да сабактын практикалык баалуулугунун бир белгиси болору талашсыз. Мындай иш процесси андан ары улантылуу менен, которуу ишин сөздүксүз жүргүзүүгө машыктыруу иштери аткарылмакчы.

Эгер, «окутуу  белгилүү бир көз караштарга, ишенимдерге, инсандык сапаттарга тарбиялай турган белгилүү бир максатка багытталган жана коомдук мааниси бар процесске алып келет» деген методикалык жобого таянсак, кыргыз тилин окутуунун тарбия берүүчүлүк максаты булар менен белгиленет:.

“Канча тил билсем мен ошончо кишимин”- деген накыл кептин маанисин түшүнүү кыйын деле эмес. Чындыгында, адам канча тил билсе, ошончо элдин өкүлдөрү менен баарлашып, рухий дүйөсү байып, көз карашы кеңейет, бири-биринин тилин сыйлайт, дилин түшүнөт, маданиятын урматтайт, сүйлөшүү жана жүрүм-турум маданияты калыптанат. Натыйжада балдар толеранттуулукка үйрөнөт. Булар аркылуу улуттар жакындашат, улут аралык ынтымак бекемделет. Анткени,  улут аралык баарлашуу маданияты – жалпы эле баарлашуу маданиятынын  калыптанышынын өзгөчө бир формасы болуп саналат. Бөтөн тилдеги окуу техникасына, көрктүү окууга үйрөнүү дагы баланын окуу маданиятын жогорулатат. Ошону менен бирге, эки тилдеги тапшырмаларды аткаруу (окуу, жазуу, которуу ж.б.) да балдарды акыл эмгегинин маданиятына үндөсө, класста жупташып, топтошуп, же биргелешип тапшырмаларды аткаруу менен, балдарды бири-бири менен ынтымакташып, жамаатта иштөө  маданиятына чакырат.

Кыргыз тили кабинетинин  улуттук мазмунда жана эстетикалык жактан жарашыктуу жасалгаланышы да балдарды эмоционалдык жактан сезим-тумдарын активдештирет.

Жогоруда айтылгандар сыяктуу, кыргыз тили сабагынын  билим берүүчүлүк кызматы да өзгөчө бааланат. Өз эне тилинен башка тил да  сүйлөшүү каражаты катары өздөштүрөт, аны колдонуп, түрдүү көрүнүштөрдүн, заттардын, предметтерди атап үйрөнүшөт,  тилдик фактыларды, ал тилдеги балдарга ылайык мыкты адабий үлгүлөрдү окуп үйрөнүшөт.

Кыргыз тилинин фонетикалык өзгөчөлүктөрүн үйрөнүүдө өзгөчө тыбыштардын (ө, ү, к, г,  ж жана созулма үндүүлөрдүн) айтылышы, кыргызча сүйлөм курулушу, сүйлөмдөгү сөздөрдүн орун тартиби менен таанышат. Сөз жасоонун түрдүү жолдорун өздөштүрүшөт, аларды талдап үйрөнүү менен, өз эне тилиндеги тилдик формалар менен салыштырат. Атап айтканда, буга: сөз өзгөртүүчү жана сөз жасоочу мүчөлөрдүн улануусу менен кандай сөздөр жасаларын мисалга тартса болот. (мисалы: суу, суучул, суудай, сууну ж.б. Орус тилинен кирип, кыргыз, өзбек жана тажик  тилинде активдүү лексикага айланган, бул тилдерде бирдей кызмат аткарган сөздөрдүн тобу менен кездешишет. Бул алардын билим деңгээлинин артышына жардам берет, улам кийинки таануу иш-аракеттерине пайдубал болот.

Кыргыз тилин окуп-үйрөтүүнүн өстүрүүчүлүк максаты да билим берүүчүлүк жана тарбия берүүчүлүк жагы менен тыгыз байланыштуу. Анда баланын тилди үйрөнүү процесси аркылуу акыл эс ишмердүүлүгү менен коомдук активдүүлүгүнүн деңгээлинин жогорулоосуна негиз болот.

Бул максаттарга ылайык мындай милдеттерди да  чечүүнү көздөйт:

-окуучулардын өз алдынча ой-пикирин кыргыз тилинде билдирип, темага ылайык маектеше алууга жетишүүсү;

-кеп ишмердүүлүгүнүн угуу, окуу, сүйлөө, жазуу жана которуу түрлөрүндө деӊгээлдерге жараша иштөө  көндүмдөрүнө ээ болуу;

-сабакты коммуникативдик ыкмада уюштуруу менен окуучуну турмуштук түрдүү кырдаалдарда жана чөйрөлөрдө кыргызча сүйлөө маданиятына көнүктүрүү жана кыргыз тили аркылуу дүйнө таануусун өстүрүү;

-мектепти аяктаганда кыргыз тилинде газеттик жөнөкөй темадага макаланы жана радиодон социалдык-маданий жөнөкөй темадагы берүүлөрдү түшүнүүгө жетишүү;

-болуп өткөн же боло турган окуя туурасында  монологдук баяндоо, сүрөттөө жана ой жүгүртүү түрүндө пикирин билдире алуу;

-темага ылайык тексттин мазмунун түшүндүрүп өз сөзү менен айтып бере алышы жана кырдаалган жараша темада текст түзө алуу;

-балдар эне тилинен кыргыз тилине же тескерисинче, кыргыз тилинен эне тилине сөздүктү пайдалануу менен сөздүксүз эле которо алууга жетишүү;

-иш кагаздарын кыргызча түзө алуу.

 

Кыргыз тилин үйрөтүүнүн мазмуну жана анын компоненттери кандай болууга тийиш?

Тил үйрөнүүнүн  дүйнөлүк практикасын эске алсак, кыргыз тилин да башка улуттун өкүлдөрүнө  үйрөтүүдө окутуунун мазмуну катарында лингвистикалык (тилдик жана речтик), лексикалык, өлкө таанытуучулук жана тематикалык компоненттери  менен минимумдарын системалуу түрдө эске алуубуз кажет.

Андай болсо, кыргыз тилин орус, өзбек жана тажик тилдүү мектептерде окутуунун мазмунунун негизги бөлүгүн анын лингвистикалык компоненти түзөрү анык. Себеби кайсы окуу материалын эмне үчүн, кандай максатта окуп үйрөнүү керек ?– деген суроого мына ушул компоненти менен жооп берүүгө болот. Билим берүүнүн бул компоненти кыргыз тилинин фонетикалык өзгөчөлүктөрүн, лексикалык каражаттарын, грамматикалык формаларын, акырында, кыргыз графикасын өзүнө камтыйт. Себеби кыргыз тилин окутууда фонетика эң  башкы орунду ээлеп» турары жана ага өзгөчө көңүл бөлүү зарылдыгы айтпаса да түшүнүктүү.

Фонетикалык материалдар кыргыз тилиндеги өзгөчө тыбыштарды туура айтууга тил жатыктырып, сүйлөмдө кыргызча интонацияга көнүктүрүүгө кызмат кылса, лексикалык материалдар заттардын ж.б. кыргызча аттарын, кыймыл-аракетин жана алардын ар кандай абалын айтып үйрөнүүгө, кырдаалдык даяр фразаларды өздөштүрүп, аны  таяныч кылып сүйлөп көндүрүүгө багытталат.  Ал эми грамматикалык материалдар кыргыз тилинин грамматикалык  формаларын, структурасын, типтүү фразаларын, сүйлөшүү үлгүлөрүн үйрөнүүгө кызмат кылат.

Мына ушул жерден мындай суроо туулат: биз тил үйрөтүүдөгү иш-аракеттерибизди эң алды менен эмнеден баштайбыз? Эң алды менен  баланы эмнеге үйрөтөбүз? Тилгеби, кепкеби? Тактап айтканда, ишти лексиканы же тилдик системаны үйрөтүүдөнбү, же коммуникативдик максатта кыргыз тилинде түздөн-түз сүйлөшүүгө үйрөтүүдөн баштоо керекпи?

Албетте, аталган мектептерде кыргыз тилин окутуудагы негизги максат -  сүйлөшүүгө үйрөтүү болгондуктан, ага тез жана оңой жетүүнүн ыңгайлуу жолу – үйрөнүп жаткан тилдик жана речтик материалдардын функционалдык кызматын түшүндүрүү, андан ары коммуникацияга өтүү болмокчу.

Мында тилдик материалдардын минимуму: фонетикалык, лексикалык, грамматикалык минимумдар так болушу, ошондой эле, зарыл кырдаалдык-тематикалык минимумдар да туура иштелип чыгышы зарыл. Демек, тилди үйрөнүүнүн лексикалык-коммуникативдик компоненти (сөз+колдонуу технологиясы) негизги ролду ойнойт.

Кыргыз тилин үйрөтүүдө лингво-өлкөтаануучулук компоненти унутта калбайт. Ал төмөндөгүлөр менен белгиленет: тилди үйрөнүү кыргыз улутунун салт-саанасы, тарыхы, географиясы, маданияты ж.б. улуттук белгилер менен тыгыз байланышта жүрөт. Мына ушундан улам экинчи тилди үйрөтүүнүн лингвоөлкөтаануучулук принциби иштелип чыгууга тийиш.

Ал аркылуу балдар кыргызча сүйлөшүүгө гана көнүкпөстөн, кыргыз  элинин рухун, улуттук салт-санаасын, маданияты менен тарыхын, географиясы менен жаныбарлар дүйнөсүн, белгилүү адамдарын жана алардын эмгеги менен өмүрүн  үйрөтүшөт. Алар окутуунун мазмунун ар тарабынан тереңдетет жана байытат.

Кыргыз тили аркылуу орус, өзбек жана тажик балдары кыргыз элинин  улуттук психологиясын, менталитетин, улуттук ыйык белгилерин, белгилүү тарыхый окуяларын, даталуу күндөрүн, жан дүйнөсүн үйрөнүшөт. Мындай зарыл маалыматтар, орус класстарында окуп жатышкан кыргыз улутунун балдары үчүн да өзгөчө зарыл экендиги айтпаса деле түшүнүктүү.

Окутуунун мазмунунун  бай, ар тараптуу, өстүрүүчүлүк, тарбиялык жана билим берүүчүлүк мүмкүнчүлүктөрүнүн кенен болушу үчүн - окуу материалдарынын тематикаларынын класстардын баскычтары  менен балдардын курактык өзгөчөлүктөрүнө ылайык аныктылышы, т.а. түрдүү деңгээлдерге ылайыкталып  берилиши, алардагы тематикалык-кырдаалдык  минимумдардын так болушу, ал минимумдар баланын инсандык кызыкчылыктарына шайкеш  келиши айрыкча көңүлгө алынат.

 

Кыргыз тилин экинчи тил катары окутуунун методологиялык негиздери

Тилдерге үйрөтүүнүн методикасын жаңылоо туурасындагы 1991-жылы Щвейцария конвенциясында эл аралык атайын стандарт кабыл алынган. Ошол стандарттын талаптарына негизденген чет тилдерин үйрөтүүнүн методикасы бир катар өлкөлөрдө ийгиликтүү колдонулуп, жакшы натыйжага жетишип жаткандыгы бизди кызыктырбай койбойт. Анын үстүнө, учурдагы  глобалдашыруу процессинде эгемендүү мамлекетибиздин улуттук тилин башка тилдердин терс таасирлеринен таза сактап калуу, аны окуп-үйрөнүү жана турмушта колдонулуу кулачын мындан ары кеңейтүү үчүн тилдерди үйрөтүүнүн эл аралык ыкмаларын натыйжалуу пайдалануу жолдорун издөөбүз парз.

Мына ошол эл аралык стандарттын талаптарына көз чаптырсак, кайсы гана тилди үйрөнүү болбосун, окуу предмети катары статусуна карата ТОSL,  TOEFL  жана LWS деген аталыштар менен мамиле кылуу калыптанган. Алардын ар биринин мүнөзүнө жараша кызматы такталган, маани-маңызы бекемделген, ошого жараша практикада такай пайдаланылып, эл аралык деңгээлде таанылган.

Бул аталган багыттарды эске алып,  Кыргызстанда да кыргыз тилин  экинчи тил катары окутуу практикабызды кайра карап чыгуунун, ал тургай, аны өркүндөтүүнүн зарылдыгын алдыга коёбуз. Ал милдет окуу стандарттарыбызды, концепциялар менен программабызды өркүндөтүү милдетин жаратат жана анын учурга жараша  ыңгайлуу жолдорду табуу зарылдыгын белгилейт.

Бүгүнкү күндө  тил үйрөнүү маселеси мектептеги педагогикалык-методикалык проблеманын чегинен  чыгып, тил адамдын  турмуштук карым-катышынын зарыл куралы деңгээлине, т.а. жаңы сапаттык деңгээлге көтөрүлүп чыгып отурат. Адам канча тил билсе, ошончо элдин өкүлү менен баарлашып, дүйнөнүн кайсы  гана бурчунда  болбосун.  талаптагый жашоо кечирип кетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга өтүүдө.

Мунун өзү тил үйрөнүү-адамдын өнүгүүсүнүн негизги бир факторуна айлангандыгын да далилдейт, ага антропологиялык (гуманисттик) мамиле жасоону, тактап айтканда, кыргыз тилин экинчи тил катары үйрөтүүнү инсанга багыттап окутуу технологиясына таянып жүзөгө ашыруу сыяктуу концептуалдуу максаттуу  багытты так аныктообузду талап кылып отурат.

Ушуга байланыштуу, тил үйрөнүү төмөндөгүдөй методологиялык багыттарда жүргүзүлөрү максатка ылайык келет:

– тилди адамдардын өз ара карым-катышынын куралы катары үйрөтүү (коммуникациянын куралы катары);

– тилди улуттук маданиятты таануунун каражаты катары үйрөтүү; (таанытуучу лингвистика, т.а. лингвоөлкө таануу багыты);

– тилди инсанды өнүктүрүүнүн куралы катары үйрөтүү;

– тилди коомду ич ара байланыштырып бириктирүүнүн каражаты катары үйрөтүү;

– тилди билим алуунун каражаты катары үйрөтүү;

– тилди инсандын социалдык-турмуштук талабын канааттандыруу куралы катары үйрөтүү;

– тилди жашап жаткан чөйрө менен социалдашуунун каражаты катары үйрөтүү.

Тил үйрөнүү, жогорудай белгиленгендей,  инсандын калыптанышына, анын коомдо эркин социалдашуусуна, ар  улуттар менен этностор аралык маданий коммуникацияга тез аралашуусуна жол ачуу менен, сабакты дал ушундай максаттуу багытта үйрөтүү технологиясын, анын мазмунун иштеп чыгуу милдетин коёт. Ал бир катар жаңы жана өркүндөтүлгөн методологиялык багыттарга таянууну талап кылат.

Биринчиден, тилди окутууну жана үйрөтүүнү маданиятты түзүүчүлүк багытына таянуу менен жүргүзүү. Анткени бул  багыт тилди грамматиканын туткунунда гана үйрөтүү ситемасын бузат, аны которуп, жаттап үйрөнүү методикасын четке кагат,  чейректерде баа алуу үчүн гана окуу максатынан  артка кайтарат. Ошентсе да, тилди ал тилдин ээси болгон элди-жерди таануу (лингвоөлкөтаануу) менен гана чектелбейт, ал инсандын тил аркылуу элдик маданиятты таануусун өнүктүрүүнү көздөйт. Демек кыргыз тилин үйрөтүүнүн лингво-этномаданияттаануу багыты окуу процессинин өзөгүн ээлеп турат.

Анткени сабакта тил аркылуу элди-жерди гана таанып тим болбостон, башка улуттун балдары кыргыз элинин материалдык-рухий маданиятын, анын ичинде,  сүйлөө маданиятын, мамиле маданиятын  да кеңири үйрөнүү багытын көздөгөн мазмун жана жаңы технология менен толукталат.

Экинчиден, кыргыз тилине сабагына болгон мамиле өзгөрөт, анткени  сабакта кыргыз тилинин грамматикасын гана  окутууга  эмес,  кыргыз тилинде сүйлөөгө үйрөтүүгө басым коюлат. Албетте, мунун өзү  программалык материалдарды аныктоодо  жалаң гана грамматикага таянууга болбостугун, сабакта кыргызча кепке үйрөтүү багытын карманган технологиянын негизинде сабак жүрөрүн эске салат. Андай сабактарда кыргыз тилинин тилдик системасы, тактап айтканда теориялык прагматикалык билим эмес, кепке жатыгуу негизги өзөктү ээлейт. Грамматика менен лексика сүйлөшүүнүн курулуш материалы катары гана кызмат кылат, сабактын өзөгүн кепке үйрөтүү, сабакта үйрөнгөн окуу материалдарын белгиленген керектүү сүйлөшүү сферасында жана зарыл тематикаларда, белгиленген кырдаалдарда жана коюлган так максатта колдоно билүүгө машыктыруу технологиялары негизги орунду ээлейт. Грамматика формалдуу үйрөнүлүүдөн - практикалык грамматиканы үйрөнүүгө багытталат.

Үчүнчүдөн, тилди экинчи тил катары үйрөнүү инсандын  тил аркылуу өнүгүүсүн шарттайт, тил инсандын өнүгүүсүнүн каражатына айланат,  тил менен бирге элди, анын маданиятын үйрөнүү мумкүнчүлүгү алдыга чыгат.

Кыргыз тилин үйрөтүүдөгү мындай жаңыча технологияны киргизүүдө анын мазмунун деңгээлдерде ишке ашыруу киргизилет. Ал деңгээлдер коммуникативдик чөйрөдө сүйлөшүү тематикалары  менен типтүү кырдаалдар аркылуу аныкталат. Демек, кыргыз тилин окуу орус, өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде үйрөтүү маданиятты түзүүчүлүк багытта,  системалык-деңгээлдик мамиленин негизинде, өзүнө ылайык принциптерге таянуу аркылуу жүзөгө ашат.

Ал принциптер төмөндөгүчө мүнөздөлөт.

1). Коммуникативдик-маданият аралык  баарлашууга үйрөтүү принциби. Бул принцип, ири алдыда, кыргыз тили предметин окутуу максаты менен байланышып турганы менен маанилүү. Анткени кыргыз тили сабагы башка предметтерден айырмаланып, окуучуну улуттар аралык мамиле маданиятына үйрөтүүчү максатты көздөгөндүгү менен баалуу.

2) Кыргыз тилин экинчи тил катары окутуудагы усулдук принциптердин кататарында деңгээлдерде  окутуу прицибинин ролуна, тактап айтканда, кыргыз тилин үйрөтүүнүн үч баскычтагы  системалык-деңгээлдик принцибине айрыкча маани берилет. Бул принцип дидактиканын жеткиликтүүлүк же окуучунун жаш өзгө­чөлү­гүн эске алуу принциби менен да дал келет. Баланын жаш өзгөчөлүктө­рүнө, класстардын деңгээлине карап, окуу материалдарын тилдик көндүмдөрдүн түрлөрүнө  бөлүп берүү ишке ашат. Ар бир курактын  алдындагы тилдик жана коммуникативдик милдеттер такталат. Аларга ылайык кайсы баскычта ким кандай деңгээлде сүйлөй алары белгиленет, ал баскычтардын тилдик жана коммуникативдик талаптары, милдеттүү критерийлери аныкталат, сүйлөшүү сфералары, лексикалык, грамматикалык, кырдаалдык минимумдар иштелип чыгат.

Баскычтар дагы бирин-бири уланткан системалуу, бирдиктүү,  А1, А2 жана Б1 аттуу беш деңгээлге бөлүнөт да, өз-өзүнчө максаттуу дидактикалык мүнөздөмөлөргө ээ болот. Бул деңгээлдер кыргыз тилин үйрөтүүнүн мектептик программасынын мазмунун, мектептик стандартынын толук көлөмүн  аныктайт. Ошону менен бирге, 11-класстын бүтүрүүчүсү кыргыз тилин үйрөнүүдө мектеп стандартынын көлөмүнө жана деңгээлине ээ болуу менен, кыргыз тилин ортодон жогорку деңгэлде өздөштүргөнү туурасындагы сертификатка ээ болот. (Эскертүү: аталган деңгээлдер, алардын мүнөздөмөлөрү жана талаптары  тууралуу кийинчерээк  кенен сөз болот).

Аталган сертификат орто жана жогорку окуу жайларда кыргыз тилин улантып окууда эске алынат. Мунун өзү мектепте кыргыз тилин он бир жыл бою окуп-үйрөнүп, бирок орто жана жогорку окуу жайларына барган башка улуттун балдарынын  кайрадан баштооч топтон максатсыз  окуп баштоосуна бөгөт болот. Анткени аталган окуу жайларда кыргыз тилин экинчи тил катары ар бир кесиптик багыттарга жараша үйрөнүүнүн В-1 жогорку жана С-1, С-2  академиялык жана жетик деңгээлдери  улантылууга тийиш.

Деңгээлдерди мындай бөлүп алуу менен, окуу материалдарын жө­нөкөйдөн – татаалга, жеңилден – оорго жана оордон- адымдоого, ошону менен бирге,  белгилүүдөн – белгисизге,  белгисизден-чыгармачылыкка карай жайгаштыруу ишке ашырылат.  Мунун өзү усулдук ыкма гана эмес, бул окутуунун натыйжалуулугуна карай багытталган принциптүү мамиле болмокчу.

3. Баарлашууга багыт берүүчүлүк принциби –кыргыз тилин экинчи тил катары окутуунун башкы максаты болгон анын практикалык максатын ишке ашырууга багытталган жетектөөчү усулдук принцип болуп саналат. Ал кыргыз тилин экинчи тил катары үйрөнүүдө кеңири орун алуу менен, окуу китептери,  окуу- усулдук комплекстерин түзүүдө жетекчиликке алынат. Сабактар да ушул багытта уюштурулат. Бул принцип сабактаи грамматикага үйрөнүү менен эмес, сүйлөшүп баарлашууга үйрөтүү багытын көздөйт жана окуу процессин ошол багытта уюштурууну максат кылат. «Коммуникативдүүлүксүз бүгүнкү усул жок» – деген багытты бекем карманат.

Бул принциптин дагы бир артыкчылыгы – кыргыз тилин экинчи тил катары окутуунун багытын гана эмес, анын бүткүл мазмунун да аныктагандыгында, оозеки, жазуу түрүндөгү кыргызча баарлашуу кандайча жүргүзүлө тургандыгын, анын жолдорун  ыкмаларын да көрсөтүп берет.

4) Окутуунун кырдаалдык-тематикалык принциби – бул, «сүйлөөгө үйрөнүүнүн бүткүл иш-аракети кырдаалдардын негизинде жана анын жардамы менен гана жүр­гүзүлөт» дегенди түшүндүрөт.

«Кырдаал»-деген сүйлөшүп пикир алышуучу адамдардын өз ара мамилелешүүсүнүн системасын, адамдардын сүйлөшүп ой жүгүртүү иш-аракеттерин практикага ашыруучу учурларды сүйлөшүүнүн жүрүшүн жүзөгө ашыруучу негизги ыкма да  болуп саналат.

Эгер  «мотив» - баланын жүрүм-турум аракеттерин, теориялык жана практикалык ишкердүүлүктөрүн аракетке келтире турган себептердин системасы болсо,  «кырдаал» түшүнүгү  алардын ички талаптарынын, көз карашынын, кызыкчылыктарынын, эмоцияларынын натыйжасында  келип чыгуучу тил үйрөнүүгө болгон ички талабынын жаралышын шарттайт.

5) Окуучунун эне тилиндеги өзгөчөлүгүн эсепке алуу принциби да кыргыз тилин экинчи тил катары окутуу процессинде өзгөчө ролду ойнойт. Анткени ал аркылуу окуу материалдарын тандоодо, атап айтканда, лексикалык, грамматикалык материалдарды тандоодо кыргыз эмес балдардын эне тилинде буюмдардын, көрүнүштөрдүн аталыштарын, аларды өздөштүрүү жана жазуу, оозеки жумуштарды аткара алуу деңгээлин ж.б. окуу процессинде туура, натый­жалуу пайдалануу баланын кабыл алуусуна, өздөштү­рүүсүнө оң гана таасир берери шексиз. Ошондой эле, кыргыз тилинин грамматикалык-фонетикалык материалдарын да окуу программасында жана окуу китептеринде берүүдө аларды окуучулар эне тили сабагында  дал ошол учурда өздөштүргөнү, же өз­дөштүрө электиги сөзсүз эске алынат. Ошону менен катар, бул принциптин дагы бир өзгөчөлүгү  мында: өзбек тили – кыргыз тилине тектеш тил экендиги, тажик тили- араб-фырсы тилдеринин тобуна, ал эми   орус тили болсо  славян тилдеринин тобуна кирери, алардын да бир катар тилдик жалпылыктары менен бирге айырмачылыктары  да бар экени көңүлдүн борборунда болот, алардын арасындагы интерференция, транспозиция жана транслитерация  кубулуштарына да таянылат.

6) Инсандын жекече тил үйрөнүү мүмкүнчүлүгүнө жана кызыгуусуна таянуу принциби. Бул принцип да өтө маанилүү, анткени орус,өзбек жана тажик тилдүү мектептерде ар бир улуттун баласы кыргыз тили сабагында окуучу гана эмес, сүйлөшүүгө катышуучу жеке инсан (речевой портнёр)  катары  да   көрүнөт.  Албетте, алардын тил үйрөнүүдөгү жеке мүмкүнчүлүгү менен кызыгуусунун деңгээли ар түрдүү болору шексиз. Ошондуктан, бул факторлорду да эске алып иш жүргүзүү сөзсүз  жакшы натыйжага алып бармакчы.

7) Кыргыз тилин экинчи тил катары окутууда жалаң эле тилдик фактылар менен чектелүүгө болбостугу жогоруда айтылды. Анткени тил аркылуу элдин тарыхы, салт-санаасы, ошондой эле баланын жашаган орду, мекени (шаар, айыл-кыштак,  табият) бир­ге үйрөнүлөт. Ошондуктан, лингводидактикадагы мындай таанып билүү процесси окутуунун өлкө таануучулугу деп айтылат. Демек, тил үйрөнүү менен мындай таанып билүү иш-аракетин бирдикте камтыган бул лингво-улуттук маданиятты таануучулук принцибинин ролу эң эле чоң.

Бул принцип да ырааттуу иш аракетсиз жүзөгө ашырылбайт. Окуу китептерде, усулдук бардык адабият­тар­да, сабактагы жандуу процесстеги жазуу жана оозеки иштелип жаткан иштердин баарында бала жашаган өлкө, анын рухий жана материалдык маданияты, сүйлөшүү жана мамиле маданияты, ж.б. жөнүндөгү түрдүү маалыматтардын болушу жетектөөчү мазмундук компонент болуусу көңүлдүн борборун ээлейт.

Тилдер элдердии жакындаштырат. Окуучу балдарда да ар биринин тилине, дилине жана салт-санаасына урмат-сый мамилеси калыптанбаса, ал   балдарды да эч нерсе, эч ка­чан жакындаштырбайт.

8) Кыргыз тили сабактарында окуу материалдарын кептеги таанытуу жана коммуникативдик  кызматына жараша тандап алуу принциби окутуу­нун практикалык максатын көздөө менен, сабакта үйрөтү­лүп жаткан ар бир сөз, грамматикалык формалардын сүйлө­шүүдө эмне кызмат аткарарын түшүндүрүүнү көздөйт. Чын­дыгында, «ар бир сөз өзүнө тиешелүү синтаксистик кызматы менен мүнөздөлөт, ал кызматын белгилүү бир грамматикалык моделдерде жана кеп үлгүлөрүндө аткарат. Ар бир модель же кеп үлгүсү өзүнө тиешелүү лексика менен толукталып турат. Мына ошентип, кеп менен грамматиканын, анын ичинде, прикладдык грамматиканын жандуу биримдиги ишке ашат.

Бул иш-аракеттер берилген сөз же грамматикалык фор­маларды курулай жаттап үйрөнүүгө карама-каршы турат. Окуучуга үйрөнгөн сөзүн кандай учурда, кандай максатта, кантип колдонуунун жолун көрсөтөт. Атап айт­канда, ал аркылуу  заттын турган ордун билдирүү, кыймыл-аракеттин кайда багытталганын айтуу, же буюмдун кимдики экендигин мындайча айтат, же болбосо, мындайча учурашып, таанышууга болот? – деген сыяктуу мотивдерге ылайык сөз жана грамматикалык формаларды тандап алып, алардын минимумдарын түзүү, лексикалык каражаттарын  топтоо жана грамматикалык материалдарды ошого ылайыктап сунуш кылуу ишке ашырылат.

 

Кыргыз тилин сүйлөшүү чөйрөсүнө, сүйлөшүү тематикасына жана андагы коммуникативдик милдеттерге ылайык үйрөтүүдөгү  талаптар

Кыргыз тилин башка улуттун балдарына үйрөтүүнүн натыйжалуу  болуусу–тилди үйрөтүү методикасы илиминин гана жетишкен ийгилиги катары бааланбайт. Ушундай шартта биз тилди адамдардын байланыш-катышынын гана куралы эмес, улуттун рухун, мамлекеттин идеологиясын түзөр жана улуттун өзүн сактап калуунун да каражаты экендигин эсибизге салуубуз кажет. Андай болсо, ага илимий-методикалык  гана талап коюу жетишсиз. Ага, ири алдыда, мамлекеттик камкордук гана эмес, мамлекеттик талап да, мамлекеттик көзөмөл да болуусу пайдалуу.

Чындыгында, кыргыз тилин башка улуттун өкүлдөрүнө талаптагыдай  үйрөтүү, баарыдан мурда, кыргыз мамлекетинин ийгилиги.  Анткени, ал–анын мамлекеттик тилинин кулач жайышын, рухий беделинин көтөрүлүшүн камсыз кылат. Кыргыз тили республикада жашап жаткан түрдүү улуттардын   өкүлдөрүнүн арасында рухий көпүрө болуп, аларды бириктирүүчү каражат деңгээлине жетишет, акырында,  кыргыз элинин  байыртадан берки рухий казынасынын, тарыхынын, дилинин өлбөстүгүн далилдейт.

Анын мындай деңгээлге жетиши бир канча орчундуу факторлорго көз каранды экендигин белгилөөгө тийишпиз. Алар кайсылар?

Биринчиден, Кыргыз Республикасында кыргыз тилине болгон коомдук талаптын, ал тилде сүйлөөгө болгон турмуштук зарылдыктын түзүлүшү. Бул-албетте, сырткы талап. Коомдук мындай талап болбосо, анын зарылдыгын бүгүнкү мектеп окуучусу сезбесе, эч ким ал тилде сүйлөбөйт, коомдук чөйрөдө колдонулбайт.

Экинчиден, Кыргыз Республиканын ар бир жараны, асыресе, мектеп окуучусу  кыргыз тилин үйрөнүүгө жана  сүйлөөгө болгон ички зарылдыктын, каалоо сезиминин, ички керектөөнүн (мотивация) болуусу. Кыргызстанда кыргыз тилинде инсандык  алакаларга, жазуу жана оозеки байланыштарга (коммуникация)  карата ички даярдыгынын жаралышы (интенция).

Үчүнчүдөн, кыргыз тилин үйрөнүүгө киришкен  башка улуттун  баласы «Мен келечекте Кыргызстанда жашайм жана иштейм. Кыргыз тили менин жашоо куралым болот, андан ийгилик табам, кызматта иштейм, билим алам.Кыргызстанды тереңдеп үйрөнөм» - деген келечектүү кызыкчылыктын,  оң мотивдин болуусу, т.а. кыргыз тилинин бала үчүн жашоо каражаты катары  кызмат кылуусу;

Төртүнчүдөн, күндө кыргыз тилинде сүйлөөгө болгон турмуштук жандуу практиканын болушу, класстагы ар бир сабакта  мугалим менен окуучу кыргыз тилинде гана баарлашуусу, сабакттын  түздөн-түз кыргыз тилинде гана жүрүүсү.

Ушундай факторлор менен катар, кыргыз тилин натыйжалуу үйрөтүүдө чечилүүгө тийиш болгон бир катар илимий-педагогикалык зарыл шарттарды да эсепке алуу  керек. Алар төмөндөгүлөр болмокчу:

  1. Мектептеги кыргыз тил сабагын окутуунун максатынын так аныкталышы;
  2. Сабактарда кыргыз тилин үйрөтүү методдорунун туура тандалышы;
  3. Туура принциптердин жетекчиликке алынышы;
  4. Кыргыз тили мугалимдеринин методикалык чеберчилигинин жогору болуусу;
  5. Тил үйрөнүүнүн эл аралык үлгүлөрүн камтыган коммуникативдик жаңы технологияга таянуу;
  6. Тил үйрөтүүгө ылайыкталган сапаттуу окуу китептеринин, усулдук жана дидактикалык адабияттарынын болуусу;
  7. Окутуунун практикалык баалуулугунун жогору болуусу;
  8. Кыргызстандын жогорку окуу жайларында  кыргыз тилин экинчи тил катары  окутуу боюнча адис мугалимдерди сапаттуу даярдоо;
  9. Жогорку жана орто окуу жайларында кыргыз тилин экинчи тил катары үйрөтүүнүн деңгээлдерге негизденген концепциясы менен стандарттарынын түзүлүшү;
  10. Кыргыз тилин экинчи тил катары үйрөтүүнүн методикалык негиздеринин иштелип чыгышы.

Бул айтылгандарды талдап келсек, ойлордун чордонунда тилге үйрөнүүгө болгон коомдук талап жана үйрөтүүнүн жаңы технологиясы тургандыгы сезилип турат. Андагы биринчи талап-кыргыз тилин  үйрөнүүгө киришкен окуучунун болгон ички талабы жана тышкы (коомдук, мамлекеттик) талаптарды туюнтса, экинчи талап-жаңы технология маселеси туура методдорду тандоо, туура принциптерге таянуу, керектүү каражаттарды иштеп чыгуу, мугалимдин методикалык чеберчилигин жанылоо маселелерин эске салат.

Эмесе, төмөндө кыргыз тилин (мектепте) экинчи тил катары үйрөтүүнүн жүрүшүндө окуучулардын кебин максаттуу өстүрүү үчүн кандай сүйлөшүү чөйрөлөрү эске алынары жана ал чөйрөлөргө жараша окуу материалдарынын тематикалары кандай болору тууралуу сөз кылалы.

1.Баланын өздүк жана күндөлүк турмуш-тиричилик чөйрөсү . Буга төмөндөгү тематикалар кирет: баланын өзү, аты-жөнү, чоң ата, чоң-энеси, бир туугандары, жашаган үйү, бөлмөсү, өздүк  буюмдары, үй дареги,  күндөлүк эрежеси,  үй турмушу, бир туугандарына камкордук көрүү, ата-энеге жардам берүү, үй буюмдары, кийим-кечектер, эмеректер, идиш-аяктар, тамактануу, үйдө аткаруучу күндөлүк иштер, ата-энени сүйүү жана сыйлоо, бир туугандарына урматтоо менен мамиле жасоо, улууну урматтоо, кичүүнү ызааттоо, кыргызча учурашуу, таанышуу, кечирим суроо, уруксат суроо, куттуктоо, базардан, дүкөндөн сатып алуу, нерсенин санын, сапатын, эмненин кайда экенин, убакытты, мезгилди ж.б. сурап билүү, сурап алуу ж.б. тематикаларда сүйлөшүүгө машыктыруу.

2. Коомдук, социалдык-маданий чөйрө. Буга төмөндөгү тематикалар кирет: бала туулуп-өскөн, жашаган жана окуган айыл, шаар, көчө, айылдагы жана шаардагы социалдык шарттар,  мектептер, түрдүү мекемелер (эс алуу жайлары, дүкөндөр, китепканалар, клуб, кино-театр, оорукана, спорт аянтчалар, музейлер, Кыргыз Республикасы, Ала-Тоо жергеси, Өкмөт үйү, зоопарк, базар), кыргыздын ыйык жерлери, улуттук майрамдар ж.б. тууралуу окуу материалдары жана ушул багыттагы сүйлөшүүлөр.  Табият, экология,  Ала-Тоонун жаратылышы, жыл мезгилдери, тоолору, суулары, көлдөрү, жаныбарлары, канаттуулары, жалпы үй жана жапайы айбанаттар, өсүмдүктөр, дарактар, жер жемиштер, жашылчалар, аба ырайы, жаан-чачындар,  табияттын кооздугу, ал жерлерде эс алуу, табиятты коргоо, камкордук көрүү, тазалыкты сактоо, экологиялык проблемалар, тамактануу адеби, кийим кийүү адеби, коомдук жайларда жүрүм-турум адеби, телефондо сүйлөшүү адеби, бирөөгө кыргызча кайрылуу жана көңүлүн өзүнө бура алуу, тааныш-бейтаанышка мамиле жасоо, туулган күн, салттуу майрамдар, улуттук салттар, улуттук  майрамдар, улуттук кийимдер, улуттук буюмдар ж.б.   тематикалардын чегиндеги окуу материалдары жана аларга жараша  баарлашууга машыктыруу, ж.б.

        3.Окуу-таануу чөйрөсү.  Буга төмөндөгү тематикалар кирет:  баланын туулуп-өскөн мекени, Кыргыз Республикасы, кыргыздын улуттук баатырлары, Манас, кыргыз эли, кыргыз жери, кыргыздын  белгилүү адамдары, Кыргызстанда жашаган башка улут өкүлдөрү,  баланын окуган мектеби, мектебинин дареги, классы, окуу куралдары, окуу эмгеги, окуткан мугалими, анын аты-жөнү, классташтары, мектептеги достору, окуу предметтери, кыргыз тили сабагы, мектептеги жүрүм-туруму, коомдук иштерге катышуу, мектеп короосу, андагы оюндар, мектеп бакчасы, окуу чейректери, каникулдар, ж.б. тууралуу окуу материалдары жана ушул тематикалардагы сүйлөшүү.

4.Эмгек жана кесип чөйрөсү. Буга төмөндөгү тематикалар кирет:   эмгектин мааниси, түрдүү кесиптер, кесип ээлери, ата-эненин кесиптери, бош убакыт, китеп, музыка, бий, музыкалык аспаптар, ийримдер, мектептеги окуу предметтери,  завод, фаврика,теле-радио, театр, журналистика, актер, кино-фильм, театр, спорттун түрлөрү, балдар эмнени каалайт, эмнени жактырат, келечекте ким болгусу келет, келечек максаттар, сүйгөн иши, кесиби тууралуу окуу материалдары жана аларга байланыштуу баарлашууга машыктыруу.

       

Кыргыз тилин үйрөтүүнүн деңгээлдик системасы жана анын дидактикалык талаптары

Кыргыз тилин окуу орус, өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде үйрөтүү  коммуникативдик багытта уюштурулары тууралуу жогоруда айтылды. Сабакты коммуникативдик ыкмада уюштуруу аркылуу гана окуучуну турмуштук түрдүү кырдаалдарда сүйлөшө алууга, оюн сабаттуу жаза билүүгө, анын негизинде кыргызча кеп маданиятына көнүктүрүүгө мүмкүн.

Албетте, бул айтылгандар  - бир эле учурда,  бирдей шарттарда аткарыла калбай турган татаал процесс. Ал - кандайдыр бир, башталышы, активдешүүсү,  өнүгүүсү жана жыйынтыгы бар жандуу иш-аракеттерге ээ, максаттуу талаптары камтылган, тепкичтүү деңгээлдерде ишке ашар өзүнчө бир дидактикалык система. Ушул багытта түзүлгөн эл аралык тил үйрөтүү стандарты дүйнөдө ийгиликтүү колдонулуп  келүүдө. Ал стандарт деңгээлдик система (эл аралык стандарт) деп аталат жана кыргыз тилин экинчи тил катары үйрөтүүнүн  инновациялык парадигмасы катары бааланат.

 Ошондуктан, дүйнөлүк тил үйрөнүүнүн эл аралык бул системасына   (Тил билүүнүн Европалык стандарты) таянуу менен, Кыргызстан үчүн  төмөндөгүдөй үч (А,В жана С) баскычтагы системалык-деңгээлдик принципте тил үйрөтүүнүн «модели» кабыл алынган. Анын А (А1,А2) жана В (В1) деӊгээлдери мектеп үчүн сунушталат (таблицаны караӊыз).

 

А деӊгээли

 

Кыргыз тилин эӊ жөнөкөй колдоно билүү деӊгээли

 

 

А1

Баштапкы деӊгээл

А1.1.

1-класс (карапайым көндүмдөр)

А1.2.

2-4-класстар (жөнөкөй көндүмдөр)

А2

Калыптануу деӊгээли

5-7-класстар

(Негизги көндүмдөр)

В деӊгээли

 

Кыргыз тилин өз алдынча колдоно билүү деӊгээли

 

В1

Орто деӊгээл

8-11-класстар

(орто мектептин стандартына ылайык толук көндүмдөр)

В2

Ортодон жогорку деӊгээл

 

С

Эркин колдоно билүү деӊгээли

С1

Жетик денгээл

 

 

С2

Жогорку деӊгээл

 

 

 

Мында байкалып тургандай, А1 Баштапкы деӊгээл экиге бөлүнөт. Анын ичинен, карапайым көндүмдөр (А 1.1.кыргыз тилин үйрөнүүгө багыттоочу мезгил) 1-класста калыптанат,анда  башка тилдүү балдардын  кыргыз тилин үйрөнүүгө киришүү  мезгили болуу  менен, анын эң жөнөкөй  көндүмдөрүнө ээ кылат. Ал деңгээлге  жогоруда белгилеген сфералардын ичинен баланын инсандыгына, анын  жашоо жана окуу чөйрөсүнө жакыныраактарын камтыган тилдик жана сүйлөө көндүмдөрү тартылат. Негизинен,  ал деңгээлде карапайым мамилелешүү кырдаалдары менен окуу иш-аракеттерине  мүнөздүү  тематикаларда  сүйлөшүүгө багыттоочу жөнөкөй окуу материалдары, лексикалык чакан минимум, грамматикалык баштапкы формалар негизги орунду ээлейт.

2-3-4-класстарды камтыган А1.2-Жөнөкөй  көндүмдөр (эӊ жөнөкөй тилдик жана сүйлөшүү көндүмдөрүнө машыктыруу мезгили) да балдарды турмуштук жөнөкөй сфераларында сүйлөшүп-пикирлешүүгө көнүктүрүүнү улантат, аны  баштапкы киришүү деңгээлиндеги баарлашуу көндүмдөрү менен тилдик материалдар  байытат.

Бирок мындагы кадыресе көмдүмдөрдүн талаптарындагы башкы айырмачылык- анын түзүлүшү үч этаптан турат, т.а. кыргызча баарлашууга болгон баштапкы жөнөкөй көндүмдөр калыптанып, андан ары  баштапкы орто көндүмдөр бекемделет. Ал  баштапкы толук көндүм менен аякталат. Окуу материалдары да ушундай багытта, бирин-бири толуктап уланткан мүнөздө өнүгүп, жыйынтыкталат.

Бул деңгээлди басып өткөн окуучулар заттык, сындык, сандык жана кыймылды билдирген  сөздөрдү, жана да жак, чак, жөндөмө мүчөлөрүн кебинде колдонуп, кадыресе күндөлүк алыш-бериш, сурап алуу, сурап билүү кырдаалдарында сүйлөө аракеттерине жарап калышат.

Ошондой эле, А2 Калыптануу деңгээли деп аталган-5-7-класстарды камтыган  (тилдик жана сүйлөшүү көндүмдөрүнө, сабаттуулукка калыптандыруу, активдештирүү мезгили) кадыресе деп аталган деңээлде окуучулар кыргызча сүйлөөдө жана жазууда, негизинен, буга чейинки (башталгыч класстарда) ээ болгон баштапкы көндүмдөрдү бекемдеген, кадыресе  тилдик жана сүйлөшүү көндүмдөрүнө ээ болгон, кыргызча сабаттуу жазууга машыга баштаган өткөөл  мезгил катары бааланат.

Окуучулар бул мезгилде заттык, сандык, сындык жана да кыймыл маанисиндеги лексикалык каражаттарды толук өздөштүрүп, жак, чак, көптүк, сурама мүчөлөрүн, ж.б. грамматикалык негизги формаларды кебинде активдүү колдонуп, кыргызча сүлөшүү этикетинин негизги түрлөрүнө ээ болушат.  Өзүлөрүнүн тил үйрөнүүдөгү оң мотивациясын өнүктүрүп калган мезгилге жетишет.

Бул окуучулардын тил билүү деңгээли  жашаган, окуган чөйрөсүн кыргыз тилинде кенири таанып-билип калган  мезгилге келгенин тастыктайт. Ал таанып-билүү андан ары активдүү улантылат, анткени бул класстардын окуу материалдары окуучулардын таанып-билүүсү менен катар, тил үйрөнүүдөгү  ишмер аракеттерин чагылдырып,  комплекстүү, системалуу түрдө уюштурулат.

Бул класстарга окуучулардын сабаттуу сүйлөшүү жана жазуу кебинин программалык  негизин түзгөн лексикалык кор (лексика),  сөз түркүмдөрүн (морфология) окуп-үйрөнүү кезеги келет.  Мында  лексикалык материалдар аркылуу  кыргыздардын улуттук  материалдык-рухий маданияттын, салттын, ж.б. таанып-билүү иш-аракеттери да активдешет жана буга чейинки бардык көндүмдөр мында ары татаалданат жана балдар андан ары чыгармачылык менен иштөө жолуна багыт алат.

В  деңгээли кыргыз тилин өз алдынча колдоно билүү деӊгээли деп аталат жана   ал эки этапта ишке ашат. Анын биринчи этабы –В1 деӊгээли  8-11-класстарды (өз алдынча чыгармачыл ишмердүүлүктөрдү өнүктүрүү мезгили)  камтуу менен, орто мектептин окуу курсу  жалпыланат.

Бул мезгилде окуучулар кыргыз тилин синтаксистик негизде, т.а. «сүйлөөгө сүйлөшүү аркылуу», «сүйлөшүүнүн жүрүшүндө үйрөнүү» принцибинде жана чыгармачыл ишмердик багыттарда, байланыштуу үлгү тексттер аркылуу тил үйрөнүүгө активдүү киришишет. Окуучулар сүйлөмдүн синтаксистик жана маанилик  табияты тууралуу  толук маалыматтарды алып, ал аркылуу оюн так, жеткиликтүү айтууга, байланыштуу текст аркылуу бүтүн  пикирин билдирүүгө, орто татаалдыктагы кырдаалдарга ылайык сүйлөшүүгө жетишишет.

 Окуучулар мектеп стандартын жана орто мектептин программалык материалын толук өздөштүрүп, кыргызча сүйлөөгө кеңири жатыгып калышат жана орто деңгээлдеги тил билүү сертификатына  ээ болуп, мектепти аякташат.

Бул мезгилде окуучулар кыргызча сүйлөшүп жатыгуунун грамматикалык каржаттары болгон бүткүл морфологиялык-синтаксистик материалдарды толук окуп-үйрөнүшөт. Кыргызча кеп этикетинин бардык түрлөрүнө машыгышат, бир катар иш кагаздарын туура түзүүгө жетишишет. Кыргызча жазуу, оозеки  сабаттуулугу артат, өз алдынча баяндоо, сүрөттөө жана ой жүгүртүү тибиндеги тексттерди түзүп, чакан баяндама жана дилбаяндарды  талаптагыдай жазып калышат. 

Ошентсе да, эске алуу керек, бул деңгээлдердин ар бири өзүнө тиешелүү татаалдыктардагы  грамматикалык-лексикалык, тематикалык жана коммуникативдик минимумдары менен коштолуп, бирин-экинчиси улантып, толуктап, байытып отуруп,системалуу түрдө  мектеп деңгээлин толук камтыйт.Мындагы аталган компоненттер өз алдынча бүтүн системага ээ болуу менен, окуучунун кыргызча сүйлөө иш-аракеттеринин толук турүн (угуу, окуу, сүйлөө, жазуу) жүргүзүү механизмин элестетет.

 

Кыргыз тилин компетенттүүлүккө негизденип окуп-үйрөнүүнүн дидактикалык талаптары жана негизги компетенттүүлүктөр

 

Жогоруда белгиленген  максаттарга жараша кыргыз  тилин экинчи тил катары үйрөтүүгө төмөндөгүдөй  дидактикалык талаптар  коюлат:

1.Кыргыз тилин үйрөтүүнүн практикалык максатка туура келиши;

2.Кыргыз тилин үйрөтүүнүн практикалык максаты анын методикасына дал келиши;

3.Кыргыз тилин  үйрөтүүнүн натыйжалары максатка туура келиши;

4. Кыргыз тилин  үйрөтүүнүн натыйжаларынын компетенттүүлүктөрдүн каптанышына кызмат кылышы;

5.Кыргыз тили сабагынан алган окуучулардын баалары сабактын натыйжаларына жана  компетенттүүлүктөргө дал келиши;

6.Кыргыз тилин үйрөтүүнүн мазмуну менен турмуштук практиканын талаптарынын төп келиши;

7.Грамматикалык материалдарды үйрөтүүдө анын функионалдык-практикалык жагынын болушу;

8. Текст менен  кеп өстүрүүнүн бирдиктүүлүгүнө жетишүү;

9. Кыргыз тилин окутуунун баланын кызыкчылыгы менен дал келиши;

10. Кыргыз тилин үйрөтүү тилдин турмуштук курал катары колдонуп жашоо зарылдыгына жооп бериши.

Ушундай  максаттардан жана талаптардан улам, натыйжада окуучулар кыргыз тидин экинчи тил катары окуп-үйрөнүүдө төмөндөгүдөй  компетенцияларга ээ болууга тийиш. Алар предметтик  стандарттын негизинде окуучулар ээ болуучу негизги компетенттүүлүктөр катары  келип чыгат жана  алардын түйүндүү компетенттүүлүктөр менен карым-катыштары, түрлөрү жана маани-маңызы төмөндөгүлөрдөн айкын көрүнөт.

1. Тилдик компетенттүүлүктөр:

– тилдин системасы боюнча теориялык билимге ээ болуу;

– адабий тилдин нормасын билүү;

– тилдик кор, сөздүк курамы жөнүндө билимге ээ болуу;

– тилдин сөздүк байлыгына ээ болуусу;

– тилдин грамматикалык түзүлүшүн билүү;

– тилдик көрүнүштөрдү (формаларды) талдай билүү­сү;

– сөздүктөр менен иштей билүү;

– орфографиялык сабаттуулугу;

– сөздөрдү, сүйлөмдөрдү түзө билүүсү.

Жыйынтыктап айтканда: эне тилиндежазуу мада­ния­тына ээ болуусу, тилдин фонетикалык системасы, лек­си­ка­лык курамы, синтаксистик табияты, морфоло­гиялык түр­күмдөрү, орфографиялык принциптери, пунк­туа­циялык эре­желери ж.б. жөнүндөгү тилдик (теориялык) компе­тенттүүлүккө ээ болуусу.

2. Коммуникативдик компетенттүүлүктөр:

– кеп ишмердүүлүгүнүн бардык түрлѳрүнө жараша иштей алуусу;

– кеп маданиятына үйрөнүүсү;

– кептин стилдерине жараша иштей алуусу;

– түрдүү чөйрөдө сүйлөө ишмердүүлүгүнө ээ бо­луусу;

– сүйлөшүү этикетин өздөштүрүүсү;

– кептин функционалдык түрлөрүнө жараша иштей алуусу;

– кыргызча кеп этикетине жатыгуусу, ээ болуусу.

Жыйынтыктап айтканда: теориялык билимдерин жа­зуу жана сүйлөө ишмердүүлүгүндө, кептин баяндоо, сүрөт­төѳ, ой жүгүртүү типтерине ылайык оозеки-жазуу түрүндө текст түзө билүүдө, тексттин ар кандай (көркөм, публи­цистикалык жана илимий) стилдерине ылайык иш жүргүзө билүүдө, иш кагаздарын түзүүдө, кеп мадания­тына ээ болууда (эне тилинде таза, так, туура сүйлөп, логикалуу жаза билүүдө, кебинин бай, көркөм, адептүү, орундуу болуусунда), баяндама жана дил баяндарды сабаттуу жаза билүүдө, жат жазууларды катасыз жазуу ишмердүүлүгүнө жетиштүрүүдө окуучунун практикалык-коммуникативдик компетенттүүлүккө ээ болуусу.

3. Когнитивдик,  т.а. лингвоэтномаданий компе­тент­түүлүктөр:

– тил аркылуу улуттук маданияттын баалуулуктарын үйрөнүү (тил – маданият);

– тил менен элдин тарыхын байланышта карап үйрөнүү (тил – тарых);

– улут аралык сүйлөшүү маданиятына үйрөнүү;

– тил аркылуу элдик психологияны үйрөнүү;

– тил аркылуу улуттук сөз өнөрүн үйрөнүү.

Натыйжада, тил аркылуу элдин маданиятын (элдик тилди, этнолингвистиканы), тарыхын, салт-санаасын, үрп-адатын аңдап билүү, сөздөрдүн маанилерин, түркүн сырларын үйрөнүү, алардын негизинде элибиздин менталитетин иликтеп билүү ишке ашмакчы..

 

Кыргыз тилин натыйжалуу окутуу үчүн  кандай методдорду колдонуу керек?

Кыргыз тилин экинчи тил катары натыйжалуу үйрөтүү аркылуу турмушта кеңири колдонулушуна жол ачууда ыңгайлуу методдордун ролу чоң.  Анткени учурдагы практикабызда кыргыз тилине үйрөтүүгө эмес, баланын лингвистикалык компетенттүүлүктөрүн өстүрүүгө айрыкча көңүл бөлүнөт, аларды жаттап алууга, мугалим  айтканды кайталап айтууга басым жасалат.

Мындагы  проблеманы туура чечүү – кыргыз тилин үйрөтүүнү туура уюштурууга байланышкан бир катар илимий-методикалык маанилүү маселелерди чечүү менен бирге каралууга тийиш. Мисалга алсак, адегенде, сабакты пландаштыруу, анын максатын туура аныктоо, ага жетүү жолдорун издөө, окуучулардын коммуникативдик билгичтиктерин (компетенциясын)  өркүндөтүү, сабакка бөлүнгөн убакытты туура пайдалануу, пикир алыша билүүгө үйрөтүү үчүн сабакта пикир алышуу маанайын түзүү, үйрөнгөн окуу материалын практикада колдонуп сүйлөөгө машыктыруу, окуучунун чыгармачыл, өз алдынчалуу ишин уюштуруу, ал үчүн окуу зарылдыгын пайда кылган кырдаалдарды уюштуруу жана ага багыт берген ачык суроо- тапшырмаларды камтыган көнүгүүлөр системасын түзүү, окуучулардын билимин максаттуу (объективдүү) баалоо сыяктуу методикалык иштердин системасы ырааттуу аткарылат.

 Кыргыз тилин  экинчи тил катары окутуу жалпы педагогиканын төмөндөгү: түшүндүрүү методу, аңгеме методу, проблемалык окутуу, изилдеп үйрөнүү методу, салыштырып окутуу методдоруна таянылат. Ошону менен бирге, төмөндөгү методикалык системаларды да  пайдалануу максатка ылайык келет, атап айтканда, окутуунун коммуникативдүүлүгү (Е.Пассов), өнүгүүнүн активдүү зонасы (Л.С.Выготский), акыл ишмердүүлүгүн этап менен өнүктүрүү (П.Я.Гальперин), өнүктүрүп окутуу теориясы (Д.Б.Эльконин П.И.Давылов, В.И.Зинченко ж.б.), таанып-билүү ишмердүүлүгүн башкаруу теориясы (В.Н. Беспалько, Н.Т.Талызина), баланын инсандыгын эске алып окутуу (И.С.Якименская, И.Б.Бекбоев), кеп ишмердүүлүгү  теориясы (А. Леонтьев), проблемалык окутуу (Махмудов, К.Иманалиев, Б.Өмүралиев), тилди түздөн-түз үйрөтүү, тездетип үйртөтүү методдору,  ден соолукту сактап окутуу багыты ж.б.

Булар менен катар, соңку убактагы интерактивдүү методдор практикага жигердүү кирип жатат. Албетте, учурдагы тил үйрөтүү боюнча дүйнөлүк практикада сыналган бул ыкмаларды, анын стратегияларын колдонуу  да кыргыз тилин үйрөтүүдө жакшы натыйжаларга жол ачары шексиз.

Окуучулардын кыргыз тилин өздөштүрүүсүнө туура стимул болууда алардын практикалык көндүмдөрүн акыйкат баалоо көңүлгө айрыкча алынууга тийиш. Бул багытта америкалык психолог, педагог Бенджамен Блумдун таксономиясы (таанып-билүүчүлүк системасы) жана Венндин диаграммасы да  жакшы жардам бермекчи.

Тактап айтканда, Блумдун таксоманиясындагы таанып-билүү  деңгээлдери: билүү, түшүнүү, колдонуу аракеттери – төмөнкү  деңгээлдеги тилдик жана сүйлөө көндүмдөрүн камтыса, экинчи деңгээли – талдоо, синтездөө, баалоо иштери – жогорку деңгээлдеги тилдик жана сүйлөшүү билгичтиктеринен жана сабаттуулуктун деңгээлинен кабар берет. Б.Блумдун бул таксономиясы окуучулардын угуу, окуу, жазуу, сүйлөө процесси менен да түздөн-түз байланыштуу. Ошону менен бирге, окуучулардын окуу стандарына ылайык жана программалык материалдар боюнча билим, билгичтик жана көндүмдөрүн  баалоодо жана  мониторингин чыгарууда, сөзсүз түрдө, баалоонун формативдүү, суммативдүү жана диагноздоочу  жолдорун ылайыктуу пайдалануу мезгил талабына шайкеш келет.

Концепцияны толуктап иштеп чыккандар:                 

 С. Рысбаев, п.и.д. профессор

Б. Абдухамидова, п.и.к.

 

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар