Көрүлдү: 1676
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
Кыргыз билим берүү академиясы
Көп тилдүү билим берүү жана адабият лабораториясы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮЧҮ МЕКЕМЕЛЕРИНДЕ
КЫРГЫЗ ТИЛИН ЭНЕ ТИЛИ КАТАРЫ ОКУТУУНУН КОНЦЕПЦИЯСЫ
(Оӊдолгон, толукталган жаӊы редакциясы)
Иштеп чыккан топ: п.и. д., профессор
Ж.А.Чыманов
п.и.д., профессор
С.К.Рысбаев
п.и.д., профессор
В.И.Мусаева
Бишкек-2021
1.Кыргыз тилин эне тили катары окутуунун жалпы маселелери
Кыргыз Республикасында 2020-2024-жылдары мамлекеттик тилди ѳнүктүрүүнүн жана тил саясатын ѳркүндѳтүүнүн улуттук жаӊы программасы кыргыз тилин жана башка тилдерди окутууга конкреттүү максатты коюп, жаӊы миледеттерди аныктады.
Тактап айтканда:
Кыргыз Республикасында жашап жаткан бардык этностордун тилдерин сактоо жана өнүктүрүү менен Кыргызстан элинин биримдигин чыңдоонун маанилүү фактору катары мамлекеттик тилди толук жана кеңири колдонууну камсыз кылган натыйжалалуу тил саясатын куруу; эне тилин, мамлекеттик расмий жана эл аралык тилдерди эркин билген кыргызстандыктардын көп тилдүү жаңы муунун өстүрүү.
Максатты ишке ашыруудагы негизги милдеттер:
республиканын коомдук турмушундагы бардык чөйрөлөрдө мамлекеттик тилди толук жана кеңири колдонууга жетишүү;
мамлекеттик тилди өнүктүрүү, анын функционалдык мүнкүнчүлүгүн күчөтүү жана кыргыз тилинин маалыматтык-билим берүү рессурстарын байытуу;
мамлекеттик тилди-кыргыз тилин эне тили, экинчи тил жана чет тили катары окутуунун окуу-усулдук негиздерин өркүндөтүү жана стандартташтыруу;
мамлекеттик тилди окутуу боюнча инфраструктураны, аккредитацияланган борборлордун тармагын түзүү жана өнүктүрүү;
мамлекеттик тилге окутуу үчүн зарыл шарттарды түзүү жана аларга түрткүү берүү;
калктын тил маданиятынын деңгээлин көтөрүү.
«Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясынын максаты, бул, барыдан мурда, дүйнөлүк тарыхтын, түрк элдеринин тарыхынын, чыгыштын, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана КМШ мамлекеттеринин көчмөндүү маданияттарынын контексттеринде илимий дүйнө тааным көз карашты, маданиятты жана билим берүү процессин синтездөөнүн негизинде жаштарга жогорку сапаттагы таалим- тарбия берүүнү камсыз кыла алгыдай билим Берүүнүн улуттук моделин калыптандыруу болуп эсептелет». (И.Бекбоев). Улуттук моделди түзүү жана өнүктүрүү маселеси -улуттук тилдин, кыргыз тилинин окутулуп-үйрөтүлүшү жана билим берүү, тарбиялоо процессинде колдонулушу менен ажырагыс биримдикге чечилүүчү маселе. Анткени кыргыз тили мамлекеттик тил катары Республикада билим берүүнүн бардык баскычтарында милдеттүү түрдө окутулуучу предмет катары жана бардык предметтерди окутуунун каражаты (тили) катары да кызмат кылат.
Билим берүүнүн улуттук моделин калыптандыруунун негизги максаты - «өсүп келе жаткан муундарды улуттук маданият, элдик каада- салт, ыймандык жана эстетикалык баалуулуктар менен тааныштыруу, ошол эле учурда аны жалпы адамзаттык баалуулуктар менен айкалыштыра ишке ашыруу» (Э.Мамбетакунов). Мындай конкреттүү жана айкын максатты турмушка ашыруунун каражаты, куралы жана булагы кыргыз тили болуп саналат.
Демек, кыргыз тилин окутууну жаңылоонун концептуалдуу негизин, жалпы эле кыргыз тилинде билим берүүгө, айрыкча кыргыз тили сабагына милдеттүү түрдө артыкчылыктуу (приоритеттүү) маани берүүнү толук таануу зарыл. Тагыраак айтканда, улуттук жана жалпы адамзаттык дөөлөттөргө негизделип окутуунун бирден-бир, куралы кыргыз тили экендигине өзгөчө маани берилиши керек.
Ал эми кыргыз тилин жалпы билим берүүчү мекемелерде окутуунун теориялык жана практикалык маселелери кыргыз тилинде кыргыздын өзүн-өзү таанып-билүүсү, ой жүгүртүүсү, акыл-эси, улуттук үрп-адаты, салты, ыймандык, адептик жана этика- эстетикалык дөөлөттөрү сакталганы, эли- жерин, Мекенин көздүн карегиндей сактоонун зарылдыктары улуу осуят катары айтылгандыгын, кыргыз тили жалпы адамзаттык баалуулуктарды топтоочу, сактоочу жана таратуучу болгондугу, кыргыз тилинде кыргыз элинин тарыхы, маданияты. адабияты, санжырасы берилгендиги, кыргыз элинин элдиги эне тили аркылуу сакталгандыгы жана баркталгандыгы, кыргыз элинин келечеги кыргыз тилинин келечеги менен тыгыз байланыштуу болушу сыяктуу улуттук, мамлекеттик маани- маӊызга ээ болгондугу менен бирдикте чечилиши зарыл.
2.Кыргыз тилин окутуунун методологиялык негиздери
Жалпы билим берүүчү мекемелерде кыргыз тилин эне тили катары окутуу төмөнкү методологиялык негиздерге таянат:
Педагогиканын жалпы методологиясына (философиялык концепцияларга):
материалисттик диалектиканын жалпы жоболоруна жана негизги категорияларына;
Кыргыз Республикасынын коомдук-социалдык, экономикалык жана саясий –өнүгүшүнө;
педагогика, психология, филология илимдеринин соңку жетишкендиктерине;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана тарбиялоо боюнча кабыл алган мыйзамдарына, концепцияларына, стандарттарына, окуу пландарына жана программаларына ж.б.
Педагогиканын атайын методологиясына:
Кыргыз тилин эне тили катары окутуунун жеке мыйзам-ченемдерине:
өспүрүмдүн (окуучунун) аң-сезимине, таанып-билүүсүнө, кызыгуусуна жана суроо- талаптарына;
өспүрүмгө (окуучуга) таалим-тарбия берүүгө таасир этүүнүн аныкталган мүмкүнчүлүктөрүнө.
өспүрүмдүн (окуучунун) инсан катары калыптануусунун (тарбия жана өзүн-өзү тарбиялоо) өбөлгөлөрүнө ж.б.
Педагогиканын жеке методологиясына:
кыргыз тилинен билим жана тарбия берүүнун мыйзам-ченемдерине;
кыргыз тилин окутуунун принциптерине жана методдоруна;
кыргыз тилинен билим берүү процессии (сабакты) уюштуруунун формаларына;
окуучулардын кыргыз тили боюнча өздөштүргөн билимдерин баалоонун жаңыланган критерийлерине.
Кыргыз тилин окутуунун лингвистикалык методологиясына:
«өспүрүм-тил-ишеним» түшүнүктөрүнүн ажырагыс биримдигине, б.а. «өмүрдүн чыныгы баасы-ишеним, өмүрдүн чыныгы бактысы да - ишеним» (Ч.Айтматов) экендигин толук таануу жана эне тилди окутууда бул маселеге өзгөчө маани берүү. Өспүрүмдүн (окуучунун) өмүр, жашоо, турмуш, келечек тууралуу өз тушүнүгү, ага жараша өз ишеними болот. Ал ишенимди аныктап-тактоого, бекемдөөгө, кастарлап сактоого, ишеним аркылуу өспүрүмдүн турмуштук-социалдык, ишмердүүлүк келечек максатын так аныктоого өбөлгө түзөт. Максатты аныктоодо жана ага жетүүдө эне тилден өткөн курал да, каражат да, булак да жок.
- Кыргыз тилин окутуунун социалдаштырууга, б.а. окуучунун кыргыз тили боюнча алган таалим-тарбиясы реалдуу социалдык-турмуштук суроо- талаптарга, окуучунун жеке муктаждыктарына толук жооп бергидей деңгээлде болушу керек. Кыргыз тилин окутууну гумандаштырууга б.а. билим берүү процессиндеги мамиле-алакаларды жаңылоо. Мугалим менен окуучунун, окуучу менен окуучунун, мугалим менен ата-эненин ж.б. мамилелери, баарлашуу - сүйлөшүүлөрү маданий-адабий жана этика-эстетикалык жѳрѳлгѳлѳргѳ ылайык зарыл. Кыргыз тили мугалими-окуучулардын эне тили боюнча алуучу билим-көндүмдөрүнүн зарыл, керектүү экендигин аныктап кѳрсөтүчү, билимдердин багытын, каражат-булагын ачып берүүчү, билимин баалоочу субъект. Окуучу-социалдык-турмуштук суроо-талаптарга, жеке керектөөлөрүнө жана муктаждыктарына жараша тилдик-кептик көндүмдөрдү өздөштүрүүчү, аларды колдонуучу субъект. Демек, кыргыз тили сабагынын маани-маңызын, жандуу, кызыктуу жана максаттуу баарлашуу түзүүсү зарыл.
- Кыргыз тилин окутууну ааламдаштырууга, б.а. эне тилде окутуу боюнча кыргыз, тектеш тилдерден тартып дүйнөүк деңгээлдеги иштелип чыккан окутуунун алдыңкы технологияларын өздөштүрүү, аларды ылайыктоо, толуктоо менен практикада колдонуу. Кыргыз тилин окутуунун мазмунуна аны турмуш-тиричиликте, ишмердүүлүктүн бардык түрлөрүндө, улуттар жана эл аралык сүйлөшүүлөрдү, баарлашууларды тейлѳѳдѳ кыргыз кеп маданиятын дүйнөлүк өнүккөн тилдердин колдонуу денгээлине чейин жеткирүү, алардын салтка айланган тажрыйбаларын кыргыз тилинин тилдик-кептик каражаттары менен берүүнү киргизүү. Мисалы, саламдашууда: ат салом алейкум, арыбаңыз, саламатсызбы, кечирип коюңуз, ыракым этиниз ж.б., кайрылууда: айым (айымдар), мырза (мырзалар), кайрылууга мүмкүнбү? Сурасам болобу? ж.б. сөз, сөз айкаштарын колдонууну салт катары окутуп үйрөтүү;
- окуучулардын кеп ишмердүүлүгүн өркүндөтүүнун дидактикалык маани-маңызын толук аңдап-билүүсү. Кеп ишмердүүлүгү-адамдын бардык ишмердүүлүктөрүнүн жаралуу, калыптануу өнүгүү жана ишке ашырылышын камсыз кылган компонент. Кеп ишмердүүлүгүн өнүктүрүү ой жүгүртүгѳ , ой-жүгүртүү аң- сезимге, ал таанып-билүүгө, ал эми таанып- билүү кызыгууга байланыштуу, атүгүл көз каранды. Демек, окуучунун кеп ишмердүүлүгүн ѳркүндөтүү аркылуу анын өзүн–өзү таанып билүүсү, инсан катары калыптануусу, коомго, коомдогу социалдык-турмуштук жагдай-шарттарга жараша өз көз карашынын иштелип чыгышы, жарандык, атуулдук сезимдердин, адеп-ахлактык түшүнүктөрдүн калыптанышы, коллективде аракет кылууга көнүгүүсү, турмуштук, инсандык максаттын аныкталышы, тилдик-кептик жеке суроо-талаптарынын канагаттандырылышы сыяктуу турмуштук зарыл компетенцияларга ээ болуусуна багытталган дидактикалык маселелерди чечүүгө болот.
Көрсөтүлгөн дидактикалык маселелердин чечилиши окуучунун кыргыз тилинде туура, мыкты сүйлөй алуусун, баарлашуусунун кебинин адабий жана маданий нормаларга төп келиши, сөз маанилерин, сөз тѳркүндөрүн (контексттик маани) туура баамдап, аныктап, кепти уга билүүсүн, сабаттуу (орфографиялык, пунктуациялык жана стилистикалык) жаза билүүсүн, ошондой эле түрдүү стилдерде жазылган тексттерди (китептерди) окуп, түшүнө алуусун өркүндөтүү менен биримдикте ишке ашырылат.
Окуутулардын кеп ишмердүүлүгүн өркүндөтүүнүн негизин сүйлөшүү, баарлашуу түзүү зарыл. «Сүйлөгөнгө сүйлөп жатып гана үйрөнүүгө болот» (Скилеф). Демек, жалпы билим берүүчү мекемелерде бүгүнкү күнгө чейин үстөмдүк кылып келе жаткан кыргыз тилинин илимий-теориялык грамматикасын гана окутуудан баш тартып, жандуу кыргыз тилин окутууга артыкчылыктуу орун берүү зарыл.
Окуучуларды сүйлѳѳ, баарлашуу кѳндүмдѳрдүн калыптандыруу, ѳркүндѳтүү окучунун угуусун, угуп түшүнүсүн ѳстүрүү менен тыгыз байланышта, биримдикте боло тургандыгын кѳңүлгѳ алуу. «Сѳйлѳгѳндү сүйсѳң укканга үйрѳн» «азаматтын жакшысы азыраак сүйлѳп, кѳп тыңшайт»ж.б. накыл кептердин маанисин толук түшүнүүгѳ багыт берүү. Угуунун ѳзгѳчѳлүктѳрүн, кептеги маанисин, таанып билүүдѳгү ордун терең түшүндүрүү талабы коюлат
3.Кыргыз тилинен билим берүүнүн принциптери
Кыргыз тили боюнча билим берүүнүн принциптери аркылуу эне тилди окутуунун теориялык маселелери (деңгээлдери) аныкталат. Принциптердин аныкталышы «мыйзам - мыйзам ченемдүүлүк - принцип - эреже» системасынын алкагында ишке ашырылат. Кыргыз тилин окутуунун мыйзамдары билим берүүнүн жалпы мыйзамдарынын негизинде түптөлөт. Кыргыз тилин окутуунун мыйзам-ченемдери болуп төмөнкүлөр сакталат:
тил жана кептин жалпылыгы жана өзгөчөлүгүнүн мыйзам-ченеми;
тил-кеп-текст биримдигинин мыйзам - ченеми;
тил жана ойлоо, тил жана таанып-билүү процесстеринин биримдигинин мыйзам-ченеми;
эне тилин окуп үйрөнүүнүн өзүн-өзү, өз улутун, өз өлкөсүн (мекенин) таанып-билүү менен биримдиги мыйзам-ченеми;
эне тил менен улуттук, жалпы адамзаттык дөөлөттөрдүн биримдиги, байланыш мыйзам- ченеми ж. б.
Аныкталган билим берүүнун принциптери кыргыз тилин окутуунун мыйзамдарын жана мыйзам-ченемдерин турмушка ашыруунун негизги жобосу, көрсөткүчү болууга тийиш. Ал эми «эреже» түшүнүгү принциптерди колдонуунун технологиясы болуп саналат.
Жалпы билим берүүчү мекемелерде кыргыз тили боюнча билим берүү жалпы дидактикалык, лингвистикалык жана жеке предметтик (методикалык) принциптерге негизделет.
3.1. Жалпы дидактикалык принциптер:
табигыйлык-кыргыз тили эне тил катары өзүнчө предмет катары окутууну, барыдан мурда, тилдин табигый (жаратылыштык) - коомдук- социалдык кызматына (функциясына) жараша жүргүзүү.
тарбиялык-тил, бардык ишмердүүлүк менен биримдикте адамга акыл-эс, аң-сезим, ойлонуу касиет жѳндѳмүн берген, таалим менен тарбия берүүнүн эң ийкемдүү, эң таасирдүү куралы жана каражаты катары окутулушу;
- илимийлүүлүк-педагогиканын, психологиянын жана кыргыз элдин педагогикасынын алгылыктуу жана келечектүү жоболоруна таянуу:
- аң-сезимдүүлүк-жана активдүүлүк-окуучунун, барыдан мурда. эне тилди окуп үйрөнүү турмуштук-социалдык зарылдыктан келип чыкканын толук аңдап-билүүсүнө, окууга кызыгуусун жана жеке аракеттенүүсүн ойготууга,билим алуу ѳздѳштүрүүү технологиясын калыптандырууга, ѳркүндѳтүүгѳ багытталышы.
керсөтмөлүүлүк-окуучу жандуу кыргыз тилин, кыргыз тилинде сүйлөшүүнүн. баарлашуунун мыкты үлгүлөрүн сабак процессинде ѳздѳштүрүүсү, угууга жана мыкты сүйлөөгѳ кѳнүгүүлөрү.
теория менен практиканын айкалышы-билим берүү процессинде кыргыз тили боюнча берилген ар бир теориялык-практикалык маалымат алардын практикалык-турмуштук мааниси менен шѳкѳттѳлүшү (иллюстрацияланышы).
системалуулук жана ырааттуулук-эне тилди окутуу тил системасын гана үйрөтүүдөн турбайт. Тил-кеп-текст түрүндө, системалардын системасын белгилуу ырааттуулукта окутуу талабы коюлат;
Элдин педогогиканин идеялырана,тажрыйба-табылгаларына таянуу «ѳнѳр алды-кызыл тил», «элдин ѳмүрү-анын тилинде», тилин жоготкон-дилин жоготот.
Тарыхка кайрылуу, таянуу-кыргыз тилин окутуунун жазуу-сызуу кеңири колдонгонго чейинки жана жазуу-сызуу аркылуу окутуу тажрыйбаларынын алгылыктууларын иргеп, өркүндөтүп колдонуу.
Гумандуулук - жалпы класска (коллективге) жана жеке окуучуга сыйлоо, өз алдынчалыгын таануу менен мамиле кылуу.
Интеграциялоо жана дифференциялоо-кыргыз тили сабагы зарылдыгына жараша башка предметтер (адабият, тарых, география) менен интеграциялоо, керек учурда дифференциялоону камсыз кылуу.
Глобалдык билим берүү шарттарындагы тилди окутууда кеңири колдонулуп жаткан технологияларды өздөштүрүү жана колдонуу.
Лингвистикалык принциптер:
лексика-семантикалык - тил бирдиктери өз алдынча, бөлуп окутулбастан, алар лексика – семантикалык биримдикте үйрөтүлөт;
структуралык-семантикалык - тил бирдиктеринин ички мазмуну жана сырткы формалык жактары биримдикте окутулат;
эстетикалык-функционалдык - тилдин функционалдык, этикалык-эстетикалык колдонулуш өзгөчөлүктөрүнө маани берүү, үйрөтүү.
Жеке предметтик (методикалык) принциптер:
Коммуникативдик - кыргыз тили сабагы реалдуу турмуш, келечек менен байланышкан жандуу, кызыктуу жана максаттуу сүйлөшүүгө, баарлашууга үйрѳтүгѳ негизделиши;
тил, кеп жана текстти биримдикте окутуу - тил - курал, кеп - ал куралдын колдонулушу, ал эми текст - куралды колдонуудан алган натыйжа, продукт. Кыргыз тилин окутууда бул биримдик сакталышы кажет;
стратегиялык - кыргыз тили боюнча билим берүүдө окуучуларды өзүн-өзүнө таанытуу аркылуу коомдук турмушка, өз максатын аныктоого, келечектеги жеке ишмердикке, өз эли-жеринин патриоту болууга, ыймандуулукка, эмгекчилдикке жана маданияттуулукка тарбиялоо;
проблемалык - кыргыз тилин окутууда даяр такталган, аныкталган эреже-аныктамаларды, жоболорду үйрөтүүгө басым койбостон тилдик - кептик кубулуштарды ойлонуу, изденүү, өз алдынча аныктап алууга көндүрүүгө көңүл буруу;
интерактивдүүлүк, окуучуларды кыргыз тили сабагында талашып-тартышууга, ой-толгоого, ой жарыштырууга, жекече жана коллективде (класста) тыянак чыгарууга машыктыруу.
4. Кыргыз тили боюнча билим берүүнүн максаты жана милдеттери
Жалпы билим берүүчү мекемелерде кыргыз тилин эне тили катары окутуунун негизги максаты - окуучулардын (өспүрүмдөрдүн) кеп ишмердигин (сүйлөөсүн, баарлашуусун) жакшыртуу жана өркүндөтүү, б.а. окуучу, өспүрүм жалпы билим берүүчү мекемелерде кыргыз тили боюнча билим алуу процесстеринде “...улуттук менталитеттин базасында мыкты, маданияттуу сүйлөй билүүгө жана өз оюн мыкты жаза билүүгө үйрөнүшү зарыл. Эне тил сабагы окуучуга ар кандай турмуштук чөйрөлөрдө, жагдай-шарттарда кимдер менен кандай сүйлөшүүнүн стандарттуу жана стандарттуу эмес негиздерин, информация алмашуунун мотивдерин, этномаданияттын логикасын, тактика-стратегиясын, нормативин жана саясатын, туюндурулган текстти толук түшүнүүнүн, иликтеп кабыл алуунун механизмдерин, жөрөлгөлөрүн үйрөнүшү зарыл ” (Т.Маразыков). Ошондой эле эне тили аркылуу улуттук, жалпы адамзаттык улуу дөөлөттөрдү, эне тилди, мекенди, эмгекти кастарлап урматтоо, ыйык тутуу баалуулуктарына өспүрүм ээ болууга тийиш.
Кеп ишмердиги-өз ичине сүйлөө, угуу, жазуу, окуу сыяктуу ишмердиктерди камтыган, ошол эле учурда ойлоо, таанып-билүү, кызыгуу, аң-сезим, акыл-эс менен ажырагыс биримдикте болуучу өтө татаал социалдык-психологиялык кубулуш. Кыргыз тилин окутуунун максатын аныктоодо жана турмушка ашырууда бул өзгөчөлүккө артыкчылыктуу маани берүү талабы коюлат.
Кыргыз тили боюнча билим жана тарбия берүүгө коюлган максатты турмушка ашыруу үчүн төмөнкүдөй милдеттерди аткаруу зарыл:
окуучу (өспүрүм) эне тилдин өз турмуш – тиричилигиндеги, коомдогу жана келечегиндеги барк-баасын, маанисин айкын билүүгө тийиш;
тил жана кеп, тил жана аң-сезим, тил жана ойлоо, тил жана таанып – билүү, тил жана маданият, тил жана адам ишмердигинин ажырагыс биримдигин жеткилең түшүндүрүү;
эне тил жөнүндө элдик тил илиминин (этнолингвистиканын) жоболорун, мурастарын жана талаптарын окуучунун аң-сезиминде бекемдөө (өнөр алды-кызыл тил, ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө, жакшы ойлонсоң жакшы сүйлөйсүң ж.б.);
-кыргыз тилинин байлыгын, ийкемдүү, этикалык - эстетикалык маданий баалуулуктарын аңдап билүүгө, кастарлоого жана колдонууга окуучуну көнүктүрүү;
кыргыз тил илиминин фонетика, лексика жана фразеология, сөз жасоо жана грамматика бөлүмдөрү боюнча практикалык мааниге ээ болгон билим берүү;
окуучуларды сөздү угууга жана түшүнүүгө, сөздү сыйлоого жана сөзгө турууга үйрөтүү;
окуучуларды тил бирдиктерин жана каражаттарын эркин жана аӊ-сезимдүү түрдө оозеки жана жазуу кебинде колдонууга, өз ой- пикирин, көз карашын толук билдирүүгө (текст түзүүгө) көнүктүрүү;
баарлашуунун, сүйлөшүүнүн жагдай-шартына жана максатына жараша так-таасын жана маданияттуу пикир алышууга, адабий тил нормаларын сактоого (стилистика) үйрөтүү;
сабаттуу жазуунун (орфографиялык жана пунктуациялык) туруктуу көндүмдөрүн калыптандыруу;
- иш кагаздарын сабаттуу жазуунун көндүмдөрүнө ээ кылуу;
- эне тили аркылуу улуттук жана адамзаттык рухий дөөлөттөрдү өздөштүрүүгө, өз боюна синирүүгө жана аздектеп багууга үйрөтүү;
түрдүү стилдерде жазылган тексттерди окуп- түшүнүүгө, жалпылаштырууга үйрөтүү.
5.Кыргыз тили боюнча билим берүүнүн мазмуну
Кыргыз тили боюнча билим берүүнүн мазмуну предметтик стандартка ылайык окутуунун жаңы парадигмаларына таянуу менен аныкталат. Алар:
Инсанга багыттап окутуу;
-когнитивдик маалыматтык;
-маданият таануучулук;
-компетенттүүлүккө негизден окуттуу.
Биринчи, тилдик компетенция. Мында кыргыз тилиндеги тыбыштар, алардын кеп ишмердигиндеги өзгөрүшү, маани өзгөртүүчү (фонемалык) касиеттери, сөздүн тилдин материалдык негизин түзүүчү болушу, сөз, сөз маанилери, сөздүн жасалышы, сөздүн мазмуну жана формасы, сөз айкаштары, сүйлөм, алардын тексттеги кызматы, графика, орфография, пунктуация, адабий тил нормалары, тил бирдиктеринин, каражаттарынын жалпы эле тил системасынын тексттеги орду жана мааниси туралуу соӊку лингвистикалык жана этнолингвистикалык маалыматтар камтылууга тийиш.
Экинчи, коммуникативдик компетенция. Бул компетенция окуучунун мыкты сүйлөөсүн, баарлашуусун, жалпы эле кеп ишмердигин өркүндөтүүгө багытталгандыктан ага артыкчылыктуу маани берилет.
Кыргыз тилинен билим берүүнүн мазмунун сүйлөшүүгө үйрөтүү, сүйлөшүүнүн этномаданий жана универсалдуу нормативдерин, логика- семантикалык структурасын, стилдик негиздерин үйрөтүү, сүйлөшүү системасынын өзгөрмөлүү табиятын, ага өбөлгө болгон факторлорду, жагдай-шарттарды үйрөтүү, аларды окуучулардын аң-сезиминде, ой-жүгүртүүсүндө калыптандыруу жана өнүктүрүү кызматын аткарган материалдар түзүүсү зарыл. Окуучунун даяр тексттерди талдоосу, текстти кайра түзүүсү жана өз алдынча текст түзүп, аны өркүндөтүүсө аркылуу коммуникативдик компетенцияларды калыптандыруу жана өнүктүрүү керек. Кыргыз тили сабагынын негизги мазмуну жандуу жана максаттуу сүйлөшүүнү бирге жаратуу, түзүү, табуу жана ээ болуу дегендикти, ошол эле учурда жашоо турмушту үйрөнүү, келечек ишмердигине даяр болуу деген түшүнүк менен жуурулушуп кетет.
Кыргыз тилин окутуунун мазмунун тилдик жана коммуникативдик компетенцияларга бөлуп көрсөтүү, ар бир компетенциянын мазмунун аныктоого кызмат кылат да, окутуу процессинде алар ажырагыс биримдикте каралат, б.а. тилдик компетенция коммуникативдик компетенцияны калыптандыруунун, өнүктүрүүнүн каражаты катары кызмат аткарат.
Үчүнчү, маданий лингвоэтномаданий компетенция. Кыргыз тили улуттук жана жалпы адамзатттык маданиятты сактоочу, чагылдыруучу, таратуучу жана толуктоочу каражат экендигин таанып-билүү, колдонуу. Тил, кеп маданияты менен жалпы маданиятты айкалыштыра өздөштүрүү жана колдонуу милдеттери жүктөлөт.
6.Кыргыз тили боюнча жалпы билим берүүчү мекемелерде билим берүүнүн азыркы абалы жана келечектүүбагыттары.
Кыргыз тили сабагы жалпы билим берүүчү мекемелерде, айрыкча, орто мектептерде окутууда, негизинен, грамматикга асым коюлуп келгендиги маалым. Өткөн жылы кыргыз тилинин программасы принипцтүү багытта кайра өзгөртүлүп, т.а. “Грамматикадан - кепке” аттуу багытта кайра түзүлдү. Байланыштуу кептин материалдары класс сайын, “жөнөкөйдөн талаалга” аттуу принипке таянуу менен, байланыштуу кеп, кептин түрү жана стилдери грамматикалык материалдар менен мазмундаштыгына жараша аралаштырылып, сиӊиилип берилди.
Мындан ары Кыргыз тилин эне тили катары окутууну толугу менен 2020-2024-жылдар үчүн кабыл алынган улуттук жаӊы программанын койгон талаптарына максаттарына жана милдеттерине шайкеш жүргүзүү милдети коюлат. «Кыргыз тест» тарабынан иштелип чыккан «Кыргыз тилин билүү деңгээлине коюлган талаптар» (А1,А2,В1,В2) кыргыз тилин окутууда тиешелүү денгээлдер боюнча толук аткарылышына активдүү аракет кылуу. окутуунун салттуу жана иновациялык-интерактивдүү методдорун колдонуу менен окуучуларда билим алуунун техналогияларын калыптанып, өнүгүшүнө өзгөчө маани берүү.Кыргыз тили сабагынын мазмунун жандуу, кызыктуу, эмоционалдуу жана натыйжалуу баарлашуунун сабагына айлантуу. ,
Кыргыз Республикасында элге билим берүүнүн өнүктүрүү стратегиясында максатында билим берүүнүн «улуттук модели калыптандыруу бүтүрүүчүлөрдү өздөрүнүн жеке жөндөмдүүлүктөрүн, мүмкүнчүлүктөрдүн жана керектөөлөрүн толук пайдаланып ишке ашырууга даярдоо, проблемаларды өз алдынча чечүүнү, билгичтикти, изденүүчүлүктү, өзүнүн ишмердүүлүгүнүн натыйжасы жана анын кийинкиси үчүн жоопкерчиликти толук моюнга алууга даяр экендикти калыптандыруу - иштин негизги максаттары болмокчу” (И.Бекбоев), - деп көрсөтүлгөн.
Бул максатты турмушка ашырууда кыргыз тили жана адабияты предметтери өзгөчө мааниге ээ болуп, өзгөчө роль ойной тургандыгы толук таанылууга тийиш. Ал үчүн:
-5-11-класстар үчүн кыргыз тилинин окуу программасын толугу менен. “Кептен-грамматикага” аттуу принциптүүбагытта кайра түзүү. Мында кыргыз тилин эне тили катары окутуунун максатына окутуунун мазмуну толук жооп берүүге тийиш. Ал үчүн төмөндөгүдөй маселелер чечилүүгө тийиш:
-жаны окуу программага ылайык окуу китептерин, методикалык колдонмолорду, дидактикалык материалдарды жаңылоо;
окутуунун максатына жана мазмунуна жараша окуучулардын билим, билгичтик жана көндүмдөрүн баалоонун критерийлерин иштеп чыгуу;
окуучулардын социалдык калыптануусунда жана адеп-ахлактык, ыймандык жактан өнүгүүсүндө кыргыз тили жана адабияты предметеринин ролуна артыкчылыктуу маани берүү;
кыргыз тилин жана адабиятын окутууну бирдиктүү процесс катары кароо жана билим берүүнү ага багыттоо;
окуучулардын кеп ишмердиктеринин азыркы абалын терең үйрөнүү, келечегин аныктоо;
стилистиканы, айрыкча иш кагаздарын жүргүзүүнүн үлгүлѳрүн үйрѳтүүнүн технологиялары иштеп чыгуу, колдонуу;
текст менен иштөөнүн, текст талдоонун, текст түзүүнүн, текстти кайра түзүүнүн технологияларын өз-өзүнчө иштеп чыгуу;
-сүйлөө, жазуу маданиятына айрыкча маани берүү;
кыргыз тилин окутуунун мазмунуна элдик оозеки чыгармалардын үлгүлөрүн, көркөм. илимий тексттерди киргизүү;
билим берүү процессинде этнопедагогиканын, этнолингвистиканын, этнопсихологиянын жоболорун кеңири колдонуу;
кыргыз тилин окутуунун методикасы илиминде тилдин фунционалдык жана коммуникативдик кызматтарын окутуу маселелерине өзгөчө көңүл буруу;
Кыргыз тилин окутууда окуучулар ээ болуучу комптенттүүлүктөрдү тактоо, окуучула эне тилинен сабаттуулуктун негизинде, деӊгээлдик тлаптарга жараша үйрөнүүчү лексикалык минимумду тактап иштеп чыгуу;
Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мекемелеринде кыргыз тилин окутуп үйрөтүүнүн комплекстүү планын иштеп чыгуу жана практикада жетекчиликке алуу;
кыргыз тил боюнча көрүү, угуу материалдарынын топтомдорун түзүү ж.б.
26.07.2021