Мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору
Мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору

Көрүлдү: 279

Адабий билим берүүнүн концепциясы

долбоор

АДАБИЙ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН КОНЦЕПЦИЯСЫ

Концепцияны түзүүчү авторлор тобу:

С.О. Байгазиев – Кыргыз билим берүү академиясынын жетектөөчү илимий кызматкери, филология илимдеринин доктору, профессор

А.Ж. Муратов – И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин педагогика кафедрасынын профессору, педагогика илимдеринин доктору

К.К. Акматов – КР билим берүү жана илим министрлигинин «Окуу китеби» борборунун директору, педагогика илимдеринин доктору

Б.А. Абдухамидова – педагогика илимдеринин кандидаты, доцент

А.Б. Батыркулова – педагогика илимдеринин кандидаты

 

долбоор

АДАБИЙ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН КОНЦЕПЦИЯСЫ

КИРИШҮҮ

Кыргыз адабияты – Кыргыз Республикасынын бардык тилдеги, типтеги мектептеринде милдеттүү түрдө окутуулучу предмет. Анын окуу этаптары башталгыч, негизги жана толук курсту камтып, бардык тилдеги мектептерде кыргыз тилинде гана жүргүзүлөт.

Курстун негизги мазмунун кыргыз фольклору, элдик төкмө акындардын жана профессионалдык жазма адабияттын өкүлдөрүнүн чыгармалары түзүп, аларга кошумча кыргыз тилине которулган дүйнөлүк классиканын өкүлдөрүнүн чыгармалары да үйрөнүлөт.

Советтик коомдогу, социалисттик түзүлүштөгү адабиятты «социалдык заказ» катары түшүнүү, рухий тармактардагы авторитардык режим, идеологиялык майдандагы көз боемочулук гуманитардык билим берүүнүн ролун басаңдатып, окуучулардын инсан катары калыптанышын чектеп, көркөм нарктарды түшүндүрүүнүн догматизмин пайда кылган. Мектептерибизде предметтердин саны көбөйдү, балдардын окууга кызыгуусу төмөндөдү, жалпы коомдук турмушта көз боёмочулук, кошуп жазуу өкүм сүрүп, адабий идеалдар талкаланды. Буларга кошумча кино, үналгы, сыналгы, видео, эстрада сыяктуу «массалык маданияттын» перзенттери бала турмушуна активдүү аралашты. Натыйжада мектептерде кыргыз адабиятына бөлүнгөн сааттар кыскартылды, окуу китептери, көркөм адабият, методикалык колдонмолор, окутуунун техникалык каражаттары үчүн материалдар сапатсыз даярдалды, же такыр даярдалган жок. Адабияттын программасына чыныгы көркөм дөөлөттөр эмес, көбүнчө партиялык чакырыктарда шөкөттөлгөн, тематикасы саясатка төп келген чыгармалар көп орунду ээлеп келген.

Мектепте адабият сабагын адабият таануу илимисиз, тарыхый-адабий базасын окутуу мүмкүн эмес. Мындай түпкү таянычтарга сүйөнбөсө көркөм сөз өнөрүн окутуу жемиш бере албайт. Мына ушул чындыкка терең туюнгандыктан улам орустун адабиятчы окумуштуулары менен эстетиктери адабиятты окутуу про­цессии илимий-теориялык жактан жабдуу жагынан мектепке жардамдашууну өздөрүнүн атуулдук ыйык парзы катары эсептеп келишкен. Азыр да орус окумуштуулары мектеп адабият таануусун (школьное литературоведение) түзүү ишине чоң салым кошуп жатышат. Кыскасын айтканда, орус адабия­ты мугалими көркөм сөз сабагынын натыйжалуулугун арттыруу жагынан кеңири мүмкүнчүлүктөргө ээ жана ал окуучулардын өз алдынча чыгармачылык менен иштөөсү, окуп даярданышы үчүн ар кандай кошумча адабияттарды, илимий-популярдуу китептерди, сөздүктөрдү, энциклопедияларды сунуш кыла алат.

Ал эми кыргыз адабияты мугалими бул жагынан кан­дай мүмкүнчүлүктөргө ээ? Тилекке каршы, ал ушу күнгө чейин мектеп Адабият таануу деген нерсенин караанын да көрө элек. Окуучуларга көркөм чыгармачылыктын тоериялык, тарыхый-адабий маселелери, учурдагы адабий процесс жөнүндө кошумча илимий-популярдуу колдонмолорду су­нуш кыла келгенде кайсалап эчтеке таппайт. Кыргыз ада­бият мугалими программалык чыгармалар боюнча диспуттарды, семинарларды өтүүгө шарты да, кызыгуусу да жок. Мына ушундай оор абалдан чыгууга аракеттер бар, өзгөчө эне тилибиз мамлекеттик тил катары укук алгандан кийин жандана баштадык, бирок бул тараптан биз баткан сенектиктин сазы оңойлук менен коё бергидей эмес. Канткенде адабий билим берүүнүн сазынан суурулуп чы- гып, жаңы сапаттык бийиктигине жетебиз?

Биринчиден, мектепке чейинки мекемелерди, башталгыч, орто жана жогорку класстарды камтыган үзгүлтүксүз билим берүүнүн бирдиктүү системасын иштеп чыгуу зарыл.

Экинчиден, адабий билим берүүнү дифференциялоо зарыл. Бул үчүн адабиятка адистешкен класстарды, мектептерди ачуу, бул предметти тереңдетип окутууну киргизүү, факультативдик окуулардын жана курстардын тармагын кеңейтүү, зээндүү балдарды бөлүп окутууну практикалоо керек да, буларды толук ишке ашыруу үчүн азыркы программага, окуу китептерине, усулдук колдонмолорго теңтайлаш (вариативдүү) окуу-нормативдик материалдарды түзүп чыгуу талап кылынат.

Үчүнчүдөн, кыргыз адабиятынын программасын кайрадан таптакыр жаңыча ой жүгүртүү менен өзгөртүп түзүү керек.

Төртүнчүдөн, адабиятты окутуу процессии кайра куруу талап кылынат да, ал мугалим менен окуучунун чыгармачылык кызматташтыгын түзгөн диалог, ой жүгүртүү, талаш-тартыш формасында ишке ашып, адабиятты үйрөтүүнүн жана үйрөнүүнүн мейкиндигин кеңитип, азыркы тар чегин бузууга тийиш.

Бешинчиден, окуучулардын көркөм чыгарма менен, кошумча материалдар, адабий сын менен өз алдынча иштөөсүн активдештирип, библиографиялык изденүүлөрүн, аналитикалык машыгууларын калыптандырып, өз билимин өркүндөтүүгө шарт түзүү кажет. Алтынчыдан, адабият мугалиминин ишин тар алкакка, чектелген чөйрөгө камабай, ага чыгармачылык демилге берүү, окутуп-тарбиялоонун ар кандай формаларын, методдорун жана ыкмаларын колдонууга шарт түзүү, Кыргызстандын тарыхый, аймактык өзгөчөлүгүнө ылайык окутуунун өзгөчө жолдорун колдонууга мүмкүнчүлүк ачуу, сабакты эркин пландаштырууга, окуу программаларын, окуулуктарды, методикалык жана окуу куралдарын тандап алууга, жеке усулдарын өнүктүрүүгө, эксперименттеп көрүүгө кеңири жол ачуу зарыл.

Алтынчыдан, адабият сабагынын башка гуманитардык предметтер менен, анын ичинде эстетикалык циклдеги сабактар (музыка, сүрөт искусствосу) менен карым-катышын, интеграциясын күчөтүү ж.б.

 

ЖАҢЫ КОНЦЕПЦИЯНЫН ЗАРЫЛДЫГЫ

Кыргыз Республикасынын коомдук турмушундагы олуттуу өзгөрүүлөр, калктын белгилүү бир катмарынын рухий деградацияга кабылышы, массалык маданияттын «басып кириши», көркөм адабий китептердин мурдагыдай кеңири чыгарылбай калышы, билим берүү тармагынын дүйнөлүк стандарттарга жакындашуусу, коомдук улуттук-диндик жактан көп катмардануусу ж.б. факторлор мектепте окутулуучу адабият сабагынын да мазмунун жана түзүлүшүн жаңыча иштеп чыгууну шарттады. Улуттук коомдук ойдун, этникалык таалим-тарбиянын, гумандаштыруунун калыптануусунда жана элге таасир этүүсүндө ар дайым оозеки көркөм адабият, элдик төкмө ырчылар, акын-жазуучулар жана алардын мурастарын үйрөнүү чоң мааниге ээ болуп келгендигин эске алуу менен дүйнөлөшүүнүн (глобализация) азыркы чалкеш заманында коомдун тазалануусунда, инсандын руханий жактан өнүгүүсүндө көркөм адабияттын ролу өлчөөсүз чоң болуп отурат. Ал эми ошол көркөм адабиятка коом мүчөлөрүн кызыктыруунун, алардын окурмандык маданиятын калыптоонун бирден бир формасы – мектептеги адабият предмети. Андыктан да өлкөнүн мектептеринде бул предметти окутууну жаңы шарттарга ылайык модернизациялоо учурдун эң актуалдуу талабы болуп отурат.

«Адабий билим берүүнүн мазмунунун жана түзүлүшүнүн концепциясы» мурдагы концепциядан негизинен төмөнкүдөй жагдайлар менен өзгөчөлөнүп турат:

1. Адабий билим берүүнүн ыймандык-этикалык жана маданий-эстетикалык, этномаданий аспектилерин тереңдетүү талабы коюлат.

2. Окуучулардын окуу ишмердүүлүгүндө аларга оор жүк келтирүүчү чыгармаларды үйрөнүү үчүн ырааттуу курс түзүлүп, «чөп башылап» окутуу иши четке сүрүлөт, айрым материалдарды кайталоолордон арылтылат.

3. Соңку жылдардагы адабияттаануу, эстетика, педагогика, психология, мектептаануу, социология, психология, саясаттаануу, лингвистика ж.б. илимдердин жаңы жетишкендиктери «...концепциянын» мазмунунан жана түзүлүшүнөн орун алат.

4. Компетенттүүлүккө негиздеп окутуунун башкы өзгөчөлүктөрү чагылдырылат.

5. Соңку кыргыз адабиятынын (эгемендүүлүк жылдарындагы) жана дүйнөлүк адабияттын кийинки жылдарда которулган көркөм нарктарын көбүрөөк окутууга басым жасалат.

6. Адабий билим берүүнүн мектептик курсундагы кайталоолордон арылуу жүргүзүлүп, айрым курстарда, класстарда сааттарды кайра бөлүштүрүү ишке ашат, үйрөнүүгө татаал чыгармалар 10-11-класстарга сүрүлөт.

7. Адабият предметинин мазмунун аныктаган программа толук бойдон саясатсыздаштырылат.

8. Негизги көңүл окуучулардын текст менен иштеп, оозеки жана жазуу кебин калыптоого жумшалат. Кыргыз тилинин аёосуз деформацияга учурап, мурда болуп көрбөгөндөй ассимиляцияга кабылып жаткан азыркы учурунда адабиятты окутууну бул багытка буруу анын практикалык активдүүлүгүн күчөткөндүк болуп саналат.

 Буга чейинки адабиятты окутуу тексттин маани-мазмунун кургак өздөштүрүү, акын-жазуучулардын өмүр баянын жаттоо, каармандарды оң жана терс лагерге бөлүп алып, каршылаштырып талдоо, образдарга үстүрт баа берүү, окуу китеби менен чектелүү ж.б. кемчилдиктери менен өзүнүн вазийпасын толук аткара албай келди.

 Учурдагы кыргыз мектептеринде адабий билим берүүдө окутуунун электрондук каражаттарын пайдалана албоо, Интернет булактарын колдонбоо, заманбап компьютердик технологияларды сабактарда колдоно албоо, онлайн окутууга даярдыктын жоктугу сыяктуу кемчилдиктери орун алган. Анан калса бул материалдарды мугалимдер жана окуучулар колдоно ала тургандай деңгээлде адаптациялоо техникалык жактан да, методикалык жактан да ишке ашкан эмес.

Адабий билим берүү мектепте өзүнүн башкы функциясы катары – тарбия берүү функциясын аткаруусу керек. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2021-жылдын башында «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы» деген жарлык чыгаруу менен азыркы учурдун эң актуалдуу проблемасын ишке ашыруу милдетин мектептердин алдына койду. Адамзаттын тарыхында анын прогресске жетишүүсүндө инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсүндө жана дене тарбиясында адабий билим берүүнүн ролу чоң болуп келген. Ошондуктан биздин концепцияда тарбиялоо идеясынын башкы идеологиясы төмөнкүлөр менен байланышат:

  • инсанды гумандаштыруу ойлорун турмушка ашыруу;
  • балдардын ичинде бугуп жаткан чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн сууруп чыгуу;
  • инсанды ар тараптуу жана гармониялуу өсүп-өнүгүүгө кам көрүү;
  • окуучуларды турмушка жакындатуу. элдин жашоосу менен байланыштыруу;
  • көркөм адабият аркылуу Ата журтту сүйүү сезимдерин калыптоо;
  • уландар менен кыздарды турмуш тууралуу ойлонууга мажбурлап, өз алдынча жашоого үйрөтүү, социалдык активдүү инсанды жетилдирүү;
  • жаңы, демократиялык коомдун принциптери менен жашоого көнүктүрүү;
  • сулуулукту, кооздукту ылгай билүүгө жана ошого жетишүүгө тарбиялоо ж.б.

Бул максатка жетүү үчүн башталгыч класстан тартып үзгүлтүксүз жана ырааттуу түрдө адабий билим берүү шарты коюлат. Окуучулар адабий чыгармадагы идея, тема, образдар, поэтика менен таанышып гана калбастан, ошол чыгармада сүрөттөлгөн турмуштан өздөрүнө таалим алат, каармандар менен талашып-тартышат, өрнөктүү адамдарды табат, азыркы өзүнүн айлана-чөйрөсү, көрүп-билген адамдар менен чыгармада чагылдырган турмушту, образдарды чагылдырат. Мындан окуучулардын ассоциация түзө билүү компетенттүүлүктөрү калыптануу менен өзүнүн «Менин» издөө процесси автивдешет.

Ошентип, адабий билим берүүнүн жалпы парадигмасы адамдын коомдогу өз ордун табууга багытталат.

Мектепте адабиятты окуутунун максатынын төрт компоненти (тарбиялоо, өнүктүрүү, билимдердин ырааттуулугу, компетенттүүлүктөр) сакталганда гана предмет түпкүлүктүү вазийпасын аткарган болот. Алардын башкы багыты төмөнкүдөй аныкталат:

1. Рухий дүйнөсү ар тараптан өнүкккөн инсанды жетилдирүү, адамгерчиликтүү көз карашты, аң-сезимди, мекен сүйөрлүктү, аталар мурасын сүйүү жана кадырлоо туюмдарын калыптоо.

2. Көркөм адабиятты илим жана искусстводон айырмалай билүү, адабий чыгарманын тексттин эмоционалдуу кабылдоо, образдуу жана аналитикалык ой жүгүртүү, автордук позицияны түшүнүү, чыгарманын негизинде өз пикирин айтуу, кеп маданиятын өстүрүү.

3. Үйрөнүлүп жаткан чыгарманы мазмун жана формалык бирдикте, ал учурдагы тарыхый-адабий жагдай жана адабий теориялык маалыматтар менен бирдикте өздөштүрүү.

4. Адабий чыгарманы окуп-үйрөнүү менен жалпы адамзаттык асыл нарктарды таап чыгуу, аларды өз жашоо-турмушунда колдонууга жетишүү, оюн жеткиликтүү билдирүү үчүн байланыштуу текст түзө билүү компетенттүүлүктөрүнө ээ болуу.

Адабиятты окутуу боюнча мектептен жана класстан тышкаркы иштердин үзгүлтүксүз жүргүзүлүшү (адабият кечелери, окурмандар конференциялары, адабий крайтаануу жумуштары, жазуучулар менен жолугушуулар, искусство жайларына баруу ж.б), окуучуларга кошумча сабактарды уюштуруу окуучулардын адабий ышкысын ойготууда өзгөчө чоң мааниге ээ.

Адабий билим берүүнүн бүтүндүк системасы, ырааттуулугу төмөнкүдөй нерселерди ичине камтыйт:

- кыргыз мектептериндеги кыргыз адабияты;

- окутуу орус, өзбек, тажик ж.б. тилдерге жүргүзүлгөн класстардагы (мектептердеги) кыргыз адабияты;

- эне тилдеги адабият;

- Кыргызстан элдеринин адабияты;

- дүйнөлүк адабият.

Мектептерибиздин тарыхында адабиятты окутуу орус жана кыргыз адабияты сабактарында жүргүзүлүп келүүдө. Бул эки предмет окуучулардын адабий-эстетикалык көз карашын калыптоонун кош канаты болсо да, бириге албаган бир топ проблемалары бар, ошолордун эң негизгилеринин бири – окуучулардын (өзгөчө айыл жериндеги) орус тилин жакшы билбей, орус адабиятындагы классикалык чыгармаларды дурус өздөштүрө албагандыгы. Ал эми кыргыз адабияты сабагында программалык материалдардын бир тобунун көркөмдүк-эстетикалык сапатынын бийик критерийлерге жооп бербегендиги. Адабият окуу предмети катары көркөм чыгарманы окууга жана үйрөнүүгө негизделет. Бул үчүн адабияттын теориясын, тарыхын билүү керек, балдардын окурмандык маданиятын калыптандыруу, оозеки жана жазуу кебинин ыктарын өстүрүү шарт, б.а., сөз өнөрүнүн көркөм асылдыктарын жана ошол дөөлөттөрдү, асылнарктарды ажыратып билүү үчүн компетенттүүлүк зарыл болот.

Төмөнкү класстарда, окуучулардын адабий түшүнүктөрү ар тараптан жетиле элек чакта чыгарманын жеткиликтүүлүгү жана балага кызыктуу болушу негизги чен-өлчөм болсо, класс жогорулаган сайын чыгарманын мазмундун тереңдигине доор менен байланышына (тарыхый-адабий фактор) өзгөчө көңүл бурулат.

Адабий билим берүүнүн структурасы мектеп окуучуларынын курактык психологиясынын өзгөчөлүктөрүнө, таанып-билүүсүнүн, көз карашынын, жалпы эле билим деңгээлинин ар түрдүүлүгүнө карай үч звенодон турат. Алар – башталгыч (кенже жаштагылар), орто (тестиерлер), жогорку (өспүрүмдөр) звенолор. Ал эми мектепке чейинки курак адабий билим алууга даярдык көрүү этабы болуп саналат.

 

I баскыч: Башталгыч класстар (I-IV класс)

1-класска жаңыдан келген окуучу 4 айдан 6-7 айга чейин алиппе мезгилин баштан өткөрүп, ал учурда өзүнүн физиологиялык өзгөчөлүгүнө ылайык тамга таанып, окуу жана жазуу көндүмүнө ээ болот, өтө жөнөкөй текст түзө баштайт. Башталгыч класстардын окуу программалары жана окуу китептери коммуникативдүү функция аткарып, тилдик жактан жана көркөмдүк салмагы боюнча окуучуга жакын болууга тийиш. Бул мезгилде ар бир текст ошол тексттин кунарын сактай алган адам тарабынан балдардын курак өзгөчөлүгүнө ылайык адаптацияланат. Кыска тексттердин идеясы даана көрүнүп, тили так болуп, балдардын кабыл алуусун татаалдаштырбайт. Мугалим окуучулардын текстти талдоосуна жетекчилик кылат жана окурман калыптана баштайт. Бирок бул жерде көркөм чыгармага толук анализ жүргүзүлбөй, окуу ишмердүүлүгүн калыптоого, активдүү окурман жаратууга басым жасалат. Башталгыч класстардагы «Адабий окуу» предмети негизи мектепке өтүү үчүн окуучуларды даярдайт, окуучулар көбүнчө чыгармалардын сюжетин, каармандарын, тилин үйрөнүү менен алагды болот, алар үчүн жаңы сөздөр өтө көп кездешкендиктен сабактардын бир топ учурлары сөздүк жумуштарына жумшалат. Бул класстарда элдик оозеки чыгармачылыктын кенже жанрлары (ыр, тамсил, чакан аңгеме, калптар), дидактикалык мазмундагы чыгармалар (табышмактар, жаңылмачтар, макал-ылакаптар) көбүрөөк окутулат жана сөз өстүрүүгө маани берилет.

Башталгыч класстарда окуучулардын ой жүгүртүүсүн, кыялдануусун өнүктүрүүгө, индивидуалдуулугун калыптоого, оюн аркылуу театралдык, адабий ишмердүлүгүн өстүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Бул процесс баланын китеп окууга болгон сүйүүсүн арттырууга, китепкөйлүк маданиятын чындоого, адабий жана көркөм табитин көтөрүүгө тийиш.

Башталгыч класстын мугалимдери балдар адабиятын, анын спецификасын жана классификацияланышын жакшы билиши керек, ошондой эле алар оюн ишмердигин кеңири практикалашы зарыл, бул мугалимдерден импровизациялык чеберлик да көп талап кылынат.

II баскыч: Негизги мектеп (V-IX класстар)

Бул концентр билим берүү мыйзамына ылайык милдеттүү болгондуктан кыргыз адабиятынын негизи курсу, адабий-теориялык маалыматтардын орчундуулары үйрөнүлүп чыгууга тийиш. Окуучулар адабий чыгармаларды тектер, түрлөр жана жанрлар боюнча айырмалап, каармандардын иш-аракеттерин, жүрүш-турушун талдап, баа берип, кыргыз жана дүйнөлүк классиканын окуп, анализ берет, аларды үйрөнүү процессинде адабият теориясынан маалымат алууга жетишет.

V-IX класстардагы окуучулар чыгармалардын тексттин талдоо менен аны анализдөөгө киришет, анализдөө бара-бара ар тараптуу ишке ашат. Тексттен жыйынтыкка, жалпылоолорго жана жекеликке келип, өз ойлорун ошол тексттен алынган мисалдар менен далилдейт. Ар түрдүү көз караштардан улам талашып-тартышат, өз чындыгына жетүү үчүн күрөшөт.

Орто звено деп аталган негизги мектепте адабият программасынын талабы боюнча бул класстарда сунуш кылынган чыгармалар үч түрлүү жол менен окуп-үйрөнүлөт.

Биринчиси, мыкты чыгармаларды сөзсүз түрдө үйрөнүп билүү. Ошол чыгармалар окуулуктарга киргизилет, алардын айланасында суроо-тапшырмалар берилет да, бул ар балдардын чыгарманы кабыл алуусун терендетүү, кебин өстүрүү, анализдөө маданиятын калыптоо үчүн багытталат.

Экинчисинде, адабияттын классикалык деп аталган үлгү чыгармалары тандалат, улуттук сөз өнөрүнүн туундулары кошулат, мында сунуш кылынган көркөм адабий тексттер үн кубултуп көркөм окулуп, эркин аңгеме-сукбат жүргүзүлөт, диспут өтүлүшү мүмкүн, айрым чыгармалардын экрандаштырылышы, телепостановкасы салыштырылат, интернет материалдары, аудио, видео материалдар, слайддар кеңири пайдаланылат. Бул ыкма мугалимден даяр материалды кабыл алып, көнүп калган окуучуну эң алды менен өзүнчө адабий көрүнүштөрдү талдап-таразалоого, салыштырууга машыктырат.

Окуп-үйрөнүүнүн үчүнчү айлампасы адабият программасында класстан тышкары окуу үчүн сунуш кылынган чы­гармалар менен байланышат. Бул баланын жекече иштөөсүнө негизделет.

Бул класстарда адабияттын спецификасын билдирген, негизинен чыгарманы талдоодо жана баалоодо окуучуга жардам берчү адабий- теориялык түшүнүктөрдү жеткирүүнү милдет кылып коёт, ошондой эле сүрөткердин чыгармачылык өнөрканасына аралашуу да бир топ жакшы натыйжаны берет.

V-IX класстарда балдардын курак өзгөчөлүгүн эске алып, программаны динамикалык сюжеттеги эпикалык чы­гармаларды (өзгөчө кыргыз эпосторун, жөө жомокторду, фантастиканы, романтикалык пафостогу эпикалык, лиро- эпикалык поэмаларды) көбүрөөк аралаштыруу керек. Бул чыгармаларды үйрөнүүдө бала каарман менен окуянын алака-катышын, мүнөздү, сюжеттик өнүгүшүн аңдап түшүнө баштайт. Көркөм окуу, аналитикалык талдоо, тексттеги автордук идеяны ээрчип анализдөө, көркөм сөз каражаттарын талдоо сыяктуу усулдар жана ыкмалар арбын колдонулат.

VIII-IX класс – адабияттык окуунун аяктоочу курсу. Бул класстардын программасы, окутуу методикасы бир жа­гынан V-VII класстарда окутулуучу адабиятты окутуунун тарыхый-системалык курсуна көпүрө катары кызмат кылат. Аталган класстарда адабий көрүнүшкө тарыхый аспекттен баа берүүнүн зарылдыгы туулат. Демек, VIII-IX класстар­да адабиятты окутуу курсунун мазмуну, методикасы ушундай өзгөчөлүктү эске алуу менен курулат.

III баскыч: Жогорку мектеп (X-XI класстар)

Жогорку мектепте адабият курсу тарыхый-адабий курс формасында үйрөнүлөт, негизги мектепте алган адабий-теориялык билимдер тереңдетилип, адабий чыгармаларды аны жараткан автордун биографиясы жана адабий-тарыхый процесс менен бирдикте окушат. Профилдик окутууга өткөндүгүнөн байланыштуу адабият курсунун мазмуну X-XI класстарда базалык (бардыгы үчүн милдеттүү) жана профилдик (кээ бир гуманитардык класстар үчүн) формада болот.

Жогорку звенодо (X-XI класстар) адабиятты окутуу жаштардын инсан катары калыптануусуна, алардын тилдик-коммуникативдик, этномаданий, адабий-теориялык компетенттүүлүктөрүн калыптандырууга багытталат. Ошону үчүн бул класста кыргыз адабиятын жана эл турмушун чагылдыруунан туу чокусу болгон чыгармалар окутулат. Оку­учулардын өз алдынчалыгы өсөт, ошондуктан алар менен сабактын ар кандай жаңы интерактивдүү формаларын: диспут-сабакты, конференция-сабакты, семинар-сабакты, лекция-сабакты, теле-сабакты, интернет-сабакты ж.б.  көбүрөөк алып баруу керек да, балдарды проблемалуу маселелерге аралашууга, тарыхый фактыларга кеңири экс­курс жасоого, сүрөткердин инсан катары түшүнүүгө, коом, доор жана жазуучу проблемасын талдай билүүгө үйрөнүүсү ке­рек. Эң негизгиси, бул класста окуучулар догматикалык идеяларга, стериотиптүү ой жүгүртүүгө кабылгандай болсун, алардын өз билимин ар тараптуу көтөрүүсү, искусствонун башка тармактары менен байланышын чыңдоосу, өз алдынча дил баян, эссе, реферат, доклад жаза билүүгө жетишүүсү талап кылынат. Бул класстарда окуу программасынын, окуулуктардын, кошумча окуу куралдарынын вариативдүүлүгү чоң мааниге ээ. Ошондой эле адабий изилдөөлөр, сын макалалар, биоблиогарфиялык маалыматтама китептер, мемуардык жана теориялык адабияттар, түшүндүрмө, энциклопедиялык сөздүктөр көркөм чыгармаларды түшүнүүдө жардамчы катары кызмат кылат.

 

АДАБИЯТТЫ ОКУТУУ ПРОЦЕССИНДЕ ОКУУЧУЛАР

ЭЭ БОЛУУЧУ НЕГИЗГИ КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮКТӨР ЖӨНҮНДӨ

Мектепте адабиятты окутууга коюлган жаңы талаптар бул предмет боюнча окуучулар ээ болуучу компетенттүүлүктөрдү аныктап алууну талап кылат.

Милдеттүү түрдө («базалык билим деңгээли») кыргыз адабиятын окуган орто мектептин бүтүрүүчүлөрү төмөнкүдөй компетенттүүлүктөргө жетишүүсү менен аныкталат:

  • көркөм чыгарманы эмоциоиалдуу кабыл алып, ал бо­юнча өз алдынча ой жүгүртүп, баалоо жүргүзүү үчүн окурмандык кызыгууларына, китеп окуу маданиятына ээ болуу;
  • чыгармаларды окуп үйрөнүү менен ошол окулгандардын негизги персонаждары, проблематикасы, идеялык-көкркөмдүк өзгөчөлүктөрү, тарыхый-адабий жана азыркы учурдагы мааниси, баалуулугу жөнүндө конкреттүү түшүнүктөрдү алуу;
  • адабият теориясы жана тарыхы боюнча минимум түшүнүктөргө ээ болуу, эл аркылуу көркөм чыгарманы кабыл алууну, баалоону, талдоону үйрөнүү, өзгөчө образдуулук жана идеялуулук, адабий тектер, түрлөр, жанрлар, чыгар­манын көркөм тили, адабий процесстин өзгөчөлүктөрү, көрүнүктүү сүрөткердин өмүр таржымалдары, чыгармачылыгы жөнүндө зарыл билимге ээ болуу;
  • окулган чыгармаларынан негизинде дил баян, эссе, баяндама, реферат жаза алуу;
  • окулган чыгармалардын идеясын, темасын, негизги проблемаларын оозеки жана жазуу түрүндө айта алуу, каармандарга мүнөздөмө бере билүү;
  • чыгарманы турмуш менен, өзүнүн жеке жашоосу менен байланыштыра алуу;
  • чыгарманы окуу менен андагы идеялардан адептик-ыймандык, атуулдук тарбия алуу, эстетикалык табитин көтөрүү ж.б.

 

АДАБИЯТ САБАГЫНДА ОКУУ-ТАРБИЯ ПРОЦЕССИ.

АДАБИЯТ МУГАЛИМИ

Адабият боюнча окуу-тарбия процесси көркөм аңдап билүүнүн эки түрдүү көрүнүшүн чагылтат: биринчиси, көркөм чыгарманы адамдын окуусу жана кабыл алуусу, экинчиси, ошол окулган нерсенин тегерегинде адабият таануунун, башка эстетикалык, гуманитардык сабактардын жардамы аркылуу илимий ой жүгүртүү.

Окуучулар бир топ учурда туш келди, тандабай, максатсыз окуу менен чектелет, бүгүн окуганын эртең унутуп коёт, же окуган чыгармасынын кызматын көрбөйт. Мындайда адабий сын жана адабият таануу балага жардамга келүүгө тийиш, ал адабий көрүнүштү интерпретациялайт, окурмандын алгачкы түшүнүгүн байытат, кеңейтет, коомдук пикир түзүүгө көмөктөшөт. Ошон үчүн бизге мектеп адабияттаануусун күчөтүүнүн зарылдыгы өтө бышып отурат, мугалим да окуучуну сын жана адабият таануу менен камсыздоону мүмкүн болгон бардык мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу керек.

Адабиятты окутуунун эң башкы таянычы, өбөлгөчүсү жана бала өмүрүнө жарык берип алып кетүүчүсү – муга­лим. Адабият мугалими башка предметтик сабактардын мугалимдеринен өзгөчөлөнүп турат, бул анын сөз өнөрү болгон адабиятты окуткандыгы, көркөм сөзгө жакындыгы, көркөм текстти көрктүү жана эмоционалдуу окуй билиши, дилинин тазалыгы, көп чыгармалардын үзүндүлөрүн жатка билиши менен байланыштуу. Адабият мугалиминин таланты өтө сейрээк талант. Ал жазуучу – чыгарма – окурман (окуучу) үч бурчтугунун ортосунда көпүрөлүк милдет аткарат. Өз окуучусун чыныгы адам кылып, мекенчил жана улуттук рухту сыйлоочу, алып жүрүүчү катары тарбиялоо, ыман-ынсаптуу адам катары калыптоо адабият мугалиминин башкы милдети.

 

ОКУУ-ТАРБИЯ ПРОЦЕССИНИН ИЛИМИЙ-МЕТОДИКАЛЫК ЖАКТАН КАМСЫЗДАНДЫРЫЛЫШЫ

Советтик системанын кыйрашы, республиканын рынок экономикасына өтүшү кыргыз ада­бияты сабактарын илимий-методикалык жактан жабдууда олуттуу кыйынчылыктарды жаратты. Ошентсе да, кыр­гыз элинин келечектеги рухий маданиятынын билигин үзүп, жүрүп турган канын токтотуп койбош үчүн жакынкы жылдарга адабияттын окуу-методикалык комплексинин мазмунун жана түрлөрүн жаңы шартка ылайык таптакыр өнүктүрүп чыгуу керек. Кыргыз адабияты мугалими ушул күнгө чейин адабият теориясы, адабият боюнча маалыматнаама (справочник), окуу фильмдери, альбомдор, видеожазуулар менен массалык нускада камсыз болгон жок. Булардын тарыхы али баштала элек. Жакынкы мезгилде ар бир класстын окуу китептерине жарыш (параллель) колдонуучу альтернативдүү окуулуктар иштелүүгө тийиш. Баланын жана мугалимдин колунда мурдагыдай жалгыз гана эмес, эки-үч окуу китеби болгону аны стандарттуу ой жүгүртүүдөн алып чыгып, өзүнүн жеке кызыкчылыгына жана жөндөмдүүлүгүнө ылайык күнүмдүк китебин табууга көмөктөшмөк.

Ошондой эле окуу программалары да зээндүү балдар үчүн, гуманитардык багыттагы лицейлер үчүн, адабияттын тереңдетип окутуучу класстар үчүн дегендей багыттарда иштелиши керек, алардын негизинде окуулуктар да жызылышы кажет. Университеттерде болочок кыргыз адабияты мугалимдердин даярдоонун сапаты жаңыланышы керек. Дарстар, ар кандай мазмундагы жана формадагы атайын курстар тез аранын ичинде илимий-усулдук комплекс менен жабдылууга тийиш.

V-IX класстарга класстан тышкары окуу үчүн берилген тексттерди жана X-XI класстарда окуп үйрөнүүгө сунуш кылынган чыгармаларды (роман- повесттерден, поэмалардан, пьесалардан үзүндүлөрдү, аңгемелерди, ырларды, сын макалаларды толук бойдон) жарыялаган хрестоматиялар баланын окуу китебинен кем эмес шериги. Бирок аларда тексттер сулп-сулп эле ташталып койбостон, окуучулардын психологиялык өзгөчөлүктөрүнө, кызыгууларына, сабак процессии максат-мүдөөсүнө ыла­йык адаптацияланууга, методикалык аппарат менен, иллюстрациялар менен жабдылууга тийиш, керек учурда түзүүчү авторлор тарабынан комментарийлөө талап кылынат. Бул китептердин негизги багыты окуучулардын өз алдынча изденип иштөөсүнө, адабият дүйнөсүн өздөрүнүн жеке «Мени» аркылуу иликтөөсүнө негизделүүгө тийиш. Көркөм чыгармаларды түшүндүрүп, текстти талдап (идеялык, композициялык, лингвистикалык, дидактикалык комментарий берип), ошол көркөм байлыктын не деген зат экенин ийне-жибине чейин анализдеген (атайын мектеп окуучулар үчун) эстетикалык багыттагы макалалар, китептер жазылышы кажет. Ушул кырдаалда жазуучулардын өмүр баянынын, айрым чыгармаларынын жазылыш тарыхын кызыктуу чагылдырган китептер, дил баян, эссе жыйнактары, көркөм чыгарма менен иштөө үчүн сунуш кылынган даяр суроо-тапшырмалар, тесттер, адабият боюнча оюндар, кроссводдор, бул же тигил чыгарманы үйрөнүү үчүн сунуш кылынган библиографиялар, окуучулардын өздөрү жазган доклад, реферат, рецензиялардын, адабий чыгармалардын үлгүлөрү мугалим үчун гүлазык катары бүгүнкү күнү эң эле керектүү болмок. Адабий чыгарманы тилдик аспектиден изилдеген (көркөм чыгарманын тилин теориялык багытта талдаган, бул же тигил жазуучунун сөз корун санап чыккан, тилдик каражаттардын маанилерин чечмелеп берген, эмгектер да адабият сабагына аралашууга тийиш.

Адабият сабагынан көргөзмөлүүлүгү жөнүндө ар дайым айтылып-жазылып келсе да бир багытта олуттуу жылыштар, байкаларлык өзгөрүштөр болгон жок. Биринчи кезектеги милдет – адабий чыгармалардын мазмунуна негизделип көркөм жана документалдык тасмаларды, окуу фильмдерин тартуу, театр спектаклдерин жазып, аларды ютуб ж.б. интернет айдыңына жайгаштыруу. Азыркы техникалык заманда булардын мааниси, бала турмушундагы ролу күндөн күнгө өсүп баратканы ар кимибиз үчүн түшүнүктүү. Акын-жазуучулардын портреттерине, өмүр баянын чагылдырган сүрөт альбомдоруна, слайддарга, адабий чыгармалар боюнча иллюстрацияларга адабият мугалими жана азыркы мектеп муктаж болуп отурат.

 

ОКУТУУ МАМЛЕКЕТТИК ЭМЕС ТИЛДЕ ЖҮРГҮЗҮЛГӨН МЕКТЕПТЕРДЕГИ (КЛАССТАРДАГЫ) КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ

 Кыргыз эмес топтордо, класстарда, мектептерде кыргыз адабиятын окутуу КР мамлекеттик тилин ар тараптуу жана терең үйрөнүү максатын көздөйт. Анда адабий материалдар тил үйрөнүүгө көмөктөшүүгө тийиш болгондуктан чыгармалар кеңири адабий-теориялык жана тарыхый талдоого алынбайт да, этномаданий, этнопедагогикалык, линвистикалык маанисине өзгөчө басым жасалат. Окуучулар бул сабактарда полимаданий инсан катары өзүн калыптоого багыттап, башка улуттук руханий байлыктарды өздөштүрүү сезимин өстүрөт, өздөрүнүн эне тилинде үйрөнүп жаткан чыгармалар менен кыргыз адабиятынын чыгармаларын салыштырып көрүү компетенттүүлүктөрү калыптанат, жалпы улуттарга мүнөздүү, жалпы адамзаттык баалуулуктарды үйрөнөт. Бул курста орус класстарга  орус жазуучуларынын, өзбек класстарында өзбек классиктеринин, тажик мектептерде тажик жазуучуларынын чыгармаларын да кыргыз тилинде кыргыз адабияты предметинде сунуш кылууга болот. Мында маданияттардын диалогу ишке ашып, кыргыз адабияты маданиятаануу функциясы менен өзгөчө көрүнүүгө милдеткер.

24.07.2021

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар