Мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору
Мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору
ҮЧ ЖАШТАН ЖЕТИ ЖАШКА ЧЕЙИНКИ БАЛДАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ ЖАНА ОКУТУУ БОЮНЧА КОЛДОНМО

Көрүлдү: 0

Колдонмо балдарды окутуунун жана өнүктүрүүнүн курактык көрсөткүчтөрү боюнча зарыл маалыматтардын концепциялык жыйындысын билдирет. Ал педагогдордун, ата-энелердин жана кенже курактагы балдарды өнүктүрүүгө таламдаш бардык адамдардын практикалык иш-аракеттерине багыт берүү жана жакшыртуу менен балдарды окутуунун жана өнүктүрүүнүн түпкү максатын жана күтүлгөн натыйжаларын чагылдырат.

post.title

    Бул колдонмодо балдарды өнүктүрүүнүн ар кандай жактары жана аларды окутууга карата ыкмалар кең-кесири сүрөттөлгөн, балдардын курактык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жумушчу эксперттик топ иштеп чыккан колдонмонун индикаторлору, ошондой эле ата-энелер жана педагогдор үчүн сунуштар келтирилген.

    Бул колдонмону мектепке чейинки мекемелердин тарбиячыларынын квалификациясын жогорулатуу үчүн, педагогикалык ЖОЖдордун студенттерин окутууда, жеке практикада, кенже курактагы балдарга билим берүүнүн жана аларды багуунун сапатын жакшыртуу максатында ата-энелердин педагогикалык компетенциясын жогорулатуу үчүн окуу курал катары колдонууга болот.

Колдонмону төмөндөгү шилтемеден көчүрүп аласыз:

ҮЧ ЖАШТАН ЖЕТИ ЖАШКА ЧЕЙИНКИ БАЛДАРДЫ ОКУТУУ ЖАНА ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА КОЛДОНМО

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар