Мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору
Мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору
ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНЫН 1-КЛАССТАРЫ ҮЧҮН “АЛИППЕ” ОКУУ КИТЕБИ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРМӨ

Көрүлдү: 546

Социалдык желеде айрым колдонуучулардын: “1998-жылкы “Алиппени” эле кайра басып чыгарышыптыр”, – деп Билим берүү жана илим министрлигин айыптап жатышканы негизсиз.

post.title

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылдын 19-сентябрындагы № 1828/1 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын 1 – 4-класстары үчүн предметтик стандарттардын негизинде башталгыч класстар үчүн окуу-методикалык комплекстерди иштеп чыгуу жана алардын макеттерин министрликке тапшыруу тууралуу жарыя берилген.

2023-жылдын 1-жарымында министрликке окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдарынын 1-классы үчүн “Алиппе” окуу-методикалык комплексинин макети С. Рысбаев, Ч. Бекбаева, Ч. Айдакеевалардан гана келип түшкөн.

“Алиппе” окуу китебин(автору: Рысбаев С.К.) жана “Алиппе” окуу китебине методикалык колдонмону (авторлору: Рысбаев С.К., Бекбаева Ч.Д., Айдакеева Ч.И.) авторлор жогорудагы жарыя боюнча колдонуудагы предметтик стандарттардын негизинде толуктап иштеп чыгышкан жана тиешелүү экспертизадан өткөрүү үчүн министрликке тапшырышкан. Өз кезегинде министрлик аларды илимий-педагогикалык экспертизадан өткөрүү үчүн “Окуу китеби” республикалык илимий-практикалык борборуна берген. Илимий-педагогикалык экспертизанын жыйынтыгы боюнча аталган окуу-методикалык комплекстин мазмуну авторлор тарабынан оңдолгон.

Ошондой эле министрликтин 2022-жылдын 12-августундагы № 1550/1 буйругу менен түзүлгөн Техникалык комиссиянын талаптары боюнча да бул окуу-методикалык комплекске техникалык мүнөздөгү түзөтүүлөр киргизилген.
Окуу китебиндеги өзгөчөлүк катары андагы иллюстрациялардын дээрлик жаңылангандыгын айтсак болот. Иллюстрацияларды “Учкун” ААКда эмгектенген Кыргыз Эл сүрөтчүсү, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун авторлорунун бири Бек Жайчыбеков тарткан. Кызыккандар 1998-жылы чыккан “Алиппе” менен 2023-жылы чыккан “Алиппени” барактап көрүшсө, айырмасы дароо көзгө урунары шексиз.

Белгилей кетсек, 2023-жылы республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен “Учкун” ААКнын басмаканасында жарык көргөн окуу китеби оңдолуп, толукталган 7-басылышы, ал эми методикалык колдонмо оңдолуп, толукталган 2-басылышы болуп саналат. Анткени Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик китеп палатасынын маалыматы боюнча буга чейин “Алиппе” окуу китеби (автору: Рысбаев С.К.) алты жолу, ал эми “Алиппе” окуу китебине методикалык колдонмо (авторлору: Рысбаев С.К., Бекбаева Ч.Д., Айдакеева Ч.И.) бир жолу басылып чыккан. Окуу китебинин 6-басылышы 2010-жылы “Полиграфбумресурсы” ЖЧКнын басмаканасында 5 000 нускада жарык көргөн.

Кошумчалай кетсек, буга чейин республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен бир нече жолу басылып чыккан С. Рысбаевдин “Алиппе” окуу китебиминистрликке таандык. Ошондуктан министрликтин тапшырмасы боюнча бул китеп, башка окуу китептери сыяктуу эле, мындан ары да замандын талабына ылайык жана колдонуудагы предметтик стандарттардын негизиндеөзгөртүү, толуктоолорго дуушар болушу мүмкүн. Анткени дүйнөлүк практикада ошондой, басмалар бир эле окуу китебин бир нече жолу оңдоп-түзөп, жогорку сапатта кайра басып чыгарган мисалдар арбын.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар