Мониторинг, стратегиялык пландоо жана мамлекеттик программаларды талдоо  бөлүмү
Мониторинг, стратегиялык пландоо жана мамлекеттик программаларды талдоо бөлүмү
Райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн рейтинги түзүлдү

Көрүлдү: 2398

Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 2021-жылы биринчи жолу билим райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрдүн /башкармалыктарынын ишмердүүлүгүн натыйжалуулугун жогорулатуу, иштерин баалоо жана алардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу максатында критерийлери иштелип чыгып, анын жыйынтыгында менен райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн рейтинги түзүлдү.

post.title

Презентация

  1. Билим берүү бөлүмдөрүнүн ишин пландоо;
  2. Билим берүүнүн сапаты;
  3. Билим берүү уюмдарынын педагогикалык кадрлар менен иштөөсү;
  4. Укук бузуулардын алдын алуу жана ата-энелер менен иштөө;
  5. Балдардын эс алуусун уюштуруу;
  6. Мектепке чейинки билим берүүнүн жана мектепке даярдоонун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
  7. “Санариптик Кыргызстан” Концепциясын ишке ашыруу. Билим берүү тутумунун статистикалык жана башка маалыматтарын берүү багыттарында рейтинги аныкталды.

Бул баалоо, өз кезегинде билим берүү уюмдарынын, райондук шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн ишин сапаттуу уюштуруу, пландоо, үзгүлтүксүз камсыз кылуу, мониторинг жүргүзүү жана баалоо менен заман талабына ылайык атаандаштыкты түзүүгө, бирдиктүү, системалуу иш алып барууга, өнүгүүгө шарттарды түзөт.

 

Билим берүү башкармалыгынын/райондук/шаардык бөлүмүнүн ишин пландоо.

1-багыт боюнча: Билим берүү бөлүмдөрүнүн/башкармалыктарынын ишин пландоо, өткөн жылга талдоо жүргүзүү менен жакынкы жылдарга жана келечекке өнүгүү планын Кыргыз Республикасынын билим берүүнү өнүктүрүү программасына, тиешелүү мыйзамдарга жана ченемдик укуктук актыларга ылайык келиши бир катар багыттар менен каралып чыкты. Натыйжада Чүй-Токмок, Аламүдүн, Ысык-Ата, Ноокат, Жети-Өгүз, Панфилов, Токтогул, Москва, Ноокен райондору жана Бишкек шаары алдыңкы 10 мыкты билим берүү бөлүмдөрү болуп таанылды. Ошол эле учурда пландоо.

 

Билим берүүнүн сапаты.

2-багыт боюнча: Олимпиаданын областтык, республикалык, эл аралык деңгээлдеги жыйынтыктары, жалпы билим берүү уюмдарын аккредитациялоо, “Алтын тамга” аттестатынын жыйынтыктары каралды.

Олимпиада: 2020-2021-окуу жылында республикалык олимпиаданын 1,2,3-этаптарынын жыйынтыгы менен облустук олимпиадалардын, ал эми Ош жана Бишкек шаарлары боюнча шаардык олимпиаданын жыйынтыгы менен райондордун көрсөткүчтөрүнө баа берилди. Жарыяланган байгелердин ичинен олимпиадага катышуучулардын санынын көрсөткүчү негиз катары алынды – 1 жана 2- орундар 17 предмет боюнча алынып, ар бир райондук/шаардык билим берүү бөлүмүнөн 34, Бишкек шаарында – 57, Ош шаарында – 54 окуучу катышты. Эл аралык, республикалык, облустук деңгээлдердеги ар бир катышуучуга - 3 балл, ар бир байгелүү орнунга – 5 балл, ар бир жеңүүчүгө – 9 балл берилди. Жыйынтыгында Бишкек, Ош, Каракол, Талас, Нарын, Жалал-Абад, Баткен шаарлары жана Кадамжай, Кара-Буура, Кара-Суу райондору алдыга чыкты. Бул багытта төмөнкү көрсөткүчтү Кара-Кулжа, Тогуз-Торо, Панфилов, Манас, Базар-Коргон, Чаткал, Тоң, Москва райондору жана Өзгөн, Көк-Жаңгак шаарлары көрсөттү.

Аккредитациялоо.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2021-жылдын 27-августундагы №1482/2 “Республиканын жалпы билим берүү уюмдарын аккредитациялоо жөнүндө” буйругуна ылайык 2021-жылга карата ар бир райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүндөгү мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин жалпы санынан 30%ы аккредитациялоодон өтүү тапшырмасы берилген. Аккредитациялоо планына ылайык, учурдагы абалдын жыйынтыгы баалоого алынды. Белгилеп кетсек, бир дагы мектеп аккредитациядан өтүүгө арыз бербеген райондор бар жана айрым мектептердин аккредитацияга берилген документтери белгиленген талаптарга жооп бербегендиги аныкталды.

Алтын тамга.

Жыйынтыктарды өзгөчө үлгүдөгү аттестат алган бүтүрүүчүлөрдүн саны боюнча баалоодо 2021-жылдын жазында Тажикстан менен чек арага өзгөчө кырдаал киргизилгени эске алынган, мында, Бактен жана Лейлек райондорунун мектеп бүтүрүүчүлөрү «Алтын тамга» сертификатын тастыктоо боюнча тестирлөөгө катыша алышкан жок, абитуриенттердин жарыяланган санын баалоодо жогоруда көрсөтүлгөн аймактар ​​боюнча 50% оң жыйынтык аныкталган.

 

Билим берүү уюмдарынын педагогикалык кадрлар менен камсыздалышы.

3-багыт боюнча: Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Адам ресурстарын башкаруу башкармалыгынын 2021-жылдын декабрь айына карата берген маалыматынын негизинде педагогикалык курамдын болушу каралды. 100% деңгээлде Тоң, Ат-Башы, Кочкор, Нарын, Талас райондору жана Нарын, Сүлүктү, Талас шаардык билим берүү бөлүмдөрү адистерди камсыздаган. Ал эми 24 райондук шаардык билим берүү бөлүмдөрүндө 98% дан төмөнкү көрсөткүчтү көрсөткөн.

Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту 2020/2021-окуу жылына карата графикке ылайык квалификацияны жогорулатуу курстарынын бүтүшүнө талдоо жүргүзүлүп, 23 райондук шаардык билим берүү бөлүмдөрү кызматкерлердин 90-100% 72 сааттык көлөмдө квалификациясын жогорулатуу курстарын аткарышкан. Ал эми Ала-Бука, Базар-Коргон, Ноокен, Токтогул, Тогуз-Торо, Кочкор, Жайыл, Панфилов, Кемин райондук жана Кара-Көл, Көк-Жангак, Майлы-Суу шаардык, Чүй-Токмок билим берүү бөлүмдөрү 69% дан төмөн көрсөткүчтү көрсөткөн.

 

Укук бузуулардын алдын алуу жана ата-энелер менен иштөө.

4-багыт боюнча: Талдоо Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маалыматынын негизинде жүргүзүлдү.

 

Балдардын эс алуусун уюштуруу.

5-багыт боюнча:

Кошумча билим берүү: 2019-2021-жылдар аралыгында балдарды кошумча билим берүү менен камтууну эске алуу менен райондук, шаардык, облустук, республикалык мектептен тышкаркы уюмдардын ишмердүүлүгүнө талдоо жүргүзүлдү.

“Мектеп лигасына” катышуу: Баалоо район/шаарлардын контекстинде түзүлгөн мектеп командаларынын саны боюнча гана жүргүзүлдү, анткени өткөн мезгилде облустук жана республикалык деңгээлде эч кандай иш-чаралар өткөрүлгөн эмес.

 

Мектепке чейинки билим берүүнүн жана мектепке даярдоонун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу.

6-багыт боюнча:

Мектепке чейинки билим берүү менен камсыздоонун 3 жыл аралыгындагы камсыздоо динамикасы боюнча бааланып, анын ичинде вариативдүү балдар бакчалары да камтылды.

Көрсөткүчтөр: мектепке чейинки балдардын жалпы санынан мектепке чейинки билим берүү уюмдарына тартылган балдардын %ы.

1. 12 райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү (21%) белгиленген көрсөткүчтөн жогору көрсөткүчкө жетишти. Алай, Ноокат, Базар-Коргон, Ноокен, Кочкор, Нарын, Панфилов, Бакай-Ата, Талас райондорунда жана Баткен, Кызыл-Кыя шаарларында акыркы 3 жылда мектепке чейинки билим берүү менен камтылган балдардын %дык деңгээли 14%га чейин өстү;

2. 14 райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү белгиленген көрсөткүчтөргө жетишүүнүн орточо деңгээлин (24%) көрсөттү. Мурунку 3 жылда мектепке чейинки билим берүү мекемелерине камтылган балдардын %дык деңгээли мурдагы деңгээлде сакталууда;

3. 30 райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү (55%) белгиленген көрсөткүчтөргө жетишкен эмес. Акыркы 3 жылдын ичинде балдардын % деңгээли кескин төмөндөө тенденциясына ээ болуп, 12%дан 50%ке чейин жеткен. Өзгөчө оор абал Бишкектин Ленин жана Биринчи Май райондорунда аныкталды.

“Наристе” мектепке даярдоо программасы менен камсыздоо боюнча акыркы 3 жылдын динамикасы алынды.

Көрсөткүчтөр: мектепке чейинки балдардын жалпы санынан мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде камтылган балдардын үлүшү.

1. 6 райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү (11%) белгиленген көрсөткүчтөн жогору жетишкендиктерге жетишти. Сокулук, Москва, Тоң, Жети-Өгүз, Ат-Башы райондук жана Нарын шаардык билим берүү бөлүмдөрүндө акыркы 3 жылда 6-7 жаштагы балдардын мектепке даярдоо программасы менен камтылган пайызы 90% жана андан жогору болгон;

2. 25 райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү (44%) белгиленген көрсөткүчтөргө жетишүүнүн орточо деңгээлин сактап 3 жыл аралыгында мектепке даярдоо менен камтылган балдардын %дын деңгээли 70%тен 89%ке чейинки камтуу деңгээлинде болгон;

3. 26 райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү (45%) белгиленген көрсөткүчтөргө жеткен эмес. Акыркы 3 жылда мектепке чейинки даярдоо менен камтылган балдардын %дын деңгээли 70%тен төмөн болгон.

 

“Санариптик Кыргызстан” Концепциясын ишке ашыруу. Билим берүү тутумунун статистикалык жана башка маалыматтарын берүү.

7-багыт боюнча: Билим берүү тутумунун статистикалык жана башка маалыматтарынын учурдагы абалы талданды.

 

2021-жылдын жыйынтыгы менен алдыңкы 20 мыкты ишмердүүлүгүн жүргүзгөн райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрдүн/башкармалыктары деп төмөнкүлөр таанылды:

  • Бишкек шаардык,
  • Ош шаардык;
  • Кадамжай райондук;
  • Каракол шаардык;
  • Аламүдүн райондук;
  • Нарын шаардык;
  • Талас шаардык;
  • Жалал-Абад шаардык;
  • Нарын райондук;
  • Аксы райондук;
  • Ноокат райондук;
  • Сокулук райондук;
  • Чүй-Токмок;
  • Жети-Өгүз райондук;
  • Ысык-Көл райондук;
  • Ак-Суу райондук;
  • Ак-Талаа райондук;
  • Кара-Суу райондук;
  • Кара-Буура райондук билим берүү бөлүмдөрү табылды.

Ал эми төмөнкү баллдарды:

  • Панфилов райондук;
  • Чоң-Алай райондук;
  • Кара-Кулжа райондук;
  • Тогуз-Торо райондук;
  • Таш-Көмүр шаардык;
  • Чаткал райондук;
  • Кара-Көл шаардык;
  • Манас райондук;
  • Өзгөн шаардык;
  • Көк-Жангак шаардык билим берүү бөлүмдөрү көрсөттү.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар