Мониторинг, стратегиялык пландоо жана мамлекеттик программаларды талдоо  бөлүмү
Мониторинг, стратегиялык пландоо жана мамлекеттик программаларды талдоо бөлүмү

Көрүлдү: 1732

Биз жөнүндө

 

Стратегиялык пландоо, мониторинг жана анализдөө бөлүмүнүн жобосу

  1. Жалпы жоболор
  2. Стратегиялык пландоо, мониторинг жана анализдөө бөлүмү (мындан ары – Бөлүм) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин (мындан ары - БИМ) Борбордук аппаратынын  түзүмдүк бөлүмү болуп саналат, ал Кыргыз Республикасынын БИМ ишин Бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча камсыз кылат.
  3. Бөлүм өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускаманы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындыгы № 72 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө Жобону,  Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын,  БИМдин чечимдерин,  ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
  4. Бөлүм өз ишин министрдин жетекчилигинин астында жүргүзөт.
  5. Бөлүмдүн милдеттери жана функциялары:
  6. Бөлүмдүн негизги милдеттери:
  7. билим берүү жана илим тутумун өнүктүрүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын стратегиялык багыттары боюнча сунуштарды белгиленген тартипте иштеп чыгуу; өнүгүү максаттарына жетүү үчүн артыкчылыктарды белгилөө;
  8. билим берүү жана илим сектору үчүн аларды өлкөнү өнүктүрүүнүн мамлекеттик стратегиялык документтерине интеграциялоо боюнча сунуштардын топтомун иштеп чыгуу;
  9. билим берүү жана илим жаатындагы мамлекеттик стратегиялык жана программалык (максаттуу) документтерди жана долбоорлорду иштеп чыгууга, ишке ашырууга, мониторинг жүргүзүүгө жана баалоого катышуу;
  10. индикаторлорду жана күтүлгөн натыйжаларды кошо алганда, өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарынын максаттарын ишке ашыруу жана жетишүү алгоритмин аныктоо;
  11. ишке ашырылып жаткан мамлекеттик стратегиялык документтердин жана саясий чараларын координациялоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана баалоо процесстерин башкаруу, Министрликтин аткаруу бийлиги катары ишинин натыйжалуулугун баалоо;
  12. далилдүү саясаттын негизи катары маалымдалган башкаруу чечимдери боюнча сунуштарды даярдоо үчүн статистикалык маалыматтарды талдоо.
  1. Бөлүм төмөнкү функцияларды аткарат:
  1. стратегиялык пландаштыруу тутумунун иштеши, өнүгүшү жана өркүндөтүлүшү боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана белгиленген тартипте кароого киргизет; өнүктүрүү жаатындагы мамлекеттик стратегиялык жана концептуалдык документтерди иштеп чыгуу жана оңдоо, жүзөгө ашырылган жана аяктаган мамлекеттик стратегиялык документтерге жана саясатка мониторинг жүргүзүү, Министрликтин натыйжалуулугун баалоо, маалымдалган башкаруу чечимдери боюнча сунуштарды даярдоо үчүн статистикалык маалыматтарды талдоо, далилдүү саясат тутумун калыптандыруу;
  2. стратегиялык пландоо жана мамлекеттик стратегиялык документтердин аткарылышы боюнча мониторинг отчетторун, ошондой эле Министрликтин ишинин натыйжалуулугун баалоо, отчетторду даярдоо боюнча түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишин координациялайт;
  3. министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнөн, министрликтин ведомстволук уюмдарынан, менчигинин түрүнө карабастан билим берүү уюмдарынан, илимий мекемелерден, аймактык билим берүү, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, Бөлүмдүн милдеттерин жана функционалдык милдеттерин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон, анын ичинде статистикалык жана башка маалыматтарды сурайт жана алат; Бөлүм тарабынан даярдалган сунуштарды жана аналитикалык материалдарды негиздөө үчүн билим берүү органдарынын документтери жана башка материалдары менен таанышат;
  4. орто жана узак мөөнөткө билим берүү жана илим тутумунун өнүгүшүн талдайт жана божомолдойт;
  5. билим берүү чөйрөсүнүн абалын, тенденцияларын жана өнүгүү келечегин талдоо үчүн илимий-изилдөө иштерин жана илимий изилдөөлөрдү уюштурат жана катыша алат;
  6. Бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелерди кароодо жолугушууларга, семинарларга, конференцияларга жана башка иш-чараларга катышат;
  7. билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү мамлекеттик стратегиялык документтерди жана жалпы тенденцияларды ишке ашыруунун жүрүшүн баалоо үчүн мониторингдин тиешелүү индикаторлорун иштеп чыгат жана колдонот (Министрликтин тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү менен бирге);
  8. билим берүү жана илим тутумунун өнүгүү тенденцияларын талдайт, мониторингдин жана баалоо натыйжалары боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
  9. Бөлүмдүн функцияларына ылайык ченемдик укуктук документтерди иштеп чыгат;
  10. Бөлүмдүн компетенциясынын чегинде коррупцияга каршы иш-чаралардын пландарын ишке ашырууга катышат;
  11.  Бөлүмдүн компетенциясына кирген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
  1. Бөлүмдүн ыйгарым укуктары
  1. Бөлүм ага жүктөлгөн функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
  • Бөлүмгө жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон материалдарды жана маалыматтарды мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, илимий мекемелерден жана билим берүү мекемелеринен, коомдук жана эл аралык уюмдардан, ошондой эле Министрликтин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнөн, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнөн суроого жана алууга;
  • Бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдердин долбоорлорун даярдоо үчүн консультация алуу жана / же маалымат алуу максатында, зарыл болсо, башка бөлүмдөрдүн, консультациялык фирмалардын, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын, мамлекеттик комитеттердин, министрликтердин жана ведомстволордун, билим берүү жана илимий ж.б.уюмдардын адистерин ишке тартууга, ошондой эле Бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча тийиштүү кат алышууларды жүргүзүүгө;
  • Бөлүмдүн ишин маалыматтык, материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну талап кылууга;
  • Бөлүмдүн ишинин багыттарына негизделген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.

                Бөлүмдүн кызматкерлерин материалдык жактан камсыз кылуу жана социалдык коргоо "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык жүзөгө ашырылат.

  1. Бөлүмдүн жоопкерчилиги
  1. Бөлүмдүн кызматкерлери мыйзамга ылайык тартиптик, административдик, финансылык жоопкерчилик тартышат.
  2. Кызматтык милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Бөлүмдүн кызматкерлери тартиптик жазага тартылышы мүмкүн.
  3. Тартиптик жазаларды, администрациялык, материалдык жоопкерчиликти колдонуунун жана даттануунун тартиби мыйзам менен белгиленет.
  4.  Бөлүмдүн кызматкерлери жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузууга алып келген аракеттери же аракетсиздиги үчүн мыйзамда каралган жоопкерчиликти тартышат.
  5.  Бөлүмдүн кызматкерлери төмөнкүлөргө милдеттүү:
    • алардын ишинин жыйынтыктары жана натыйжалуулугу;
    • өзүнүн функционалдык милдеттерин талаптагыдай аткаруу.
  6.  Бөлүмдүн адистери мамлекеттик кызматкерлер үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жүрүм-турумдун этикалык ченемдерин сактоого милдеттүү.
  1. Бөлүмдүн түзүмү жана ишин уюштуруу
  1. Бөлүм бөлүмдүн башчысынан, башкы адистен (2 бирдик), жетектөөчү адистен (2 бирдик) турат.
  2. Бөлүмдү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин буйругу менен дайындалуучу жана бошотулуучу башчы жетектейт.
  3. Бөлүм башчы бөлүмдүн ишин жетектейт жана Министрликтин жетекчилиги жана анын түзүмдүк бөлүмдөрү, башка органдар жана уюмдар, алардын кызмат адамдары, ошондой эле жарандар менен болгон мамилелерде бөлүмдүн атынан чыгат, Бөлүмгө жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы, аткаруучулук жана эмгек тартибинин абалы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
  4. Бөлүмдүн кызматкерлеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү кызматтык нускамаларга жана ушул Жобого ылайык жүргүзүлөт.
  5. Бөлүмдө документтер менен иштөө Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускамага жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт.
  6. Бөлүмдүн иштөө тартиби, эмгек шарттары жана эмгек тартибинин ченемдери Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык белгиленет.
  7. Министрликтин жетекчилигине жана түзүмдүк бөлүмдөрүнө кызматтык каттар бөлүм башчынын колу менен даярдалат.
  8. Бөлүм өз ишин жүргүзүү үчүн тиешелүү маалыматтык программалар жана тутумдар, ченемдик укуктук материалдар, ошондой эле компьютердик жана башка оргтехника менен иш алып барат.

 

 

 

 

 

 

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар