Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгы
Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгы
КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ЧЕХИЯНЫН ОРТОСУНДА ОКУУ БОРБОРУ ТҮЗҮЛӨТ

Көрүлдү: 1212

23-июнда “Expo Eurasian-2022” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнүн жана “Eurasian Education Day” эл аралык форумунун алкагында “Евразия мамлекеттеринин ортосундагы дипломатиялык мамилелердин негизги парадигмасы катары эл аралык бизнес жана билим берүү системаларынын өз ара аракеттенүүсү” аталышындагы тегерек стол өттү.

post.title

Ага Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку жана орто кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлмира Абылкасымова, Евразия элдеринин Ассамблеясынын Башкы катчысынын орун басары Михаил Федоров, Чехия- Орто Азия соода-өнөр жай палатасынын президенти Иржи Неставал жана Россия, Армениянын эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Тегерек столдун жүрүшүндө Чехия-Орто Азия соода-өнөр жай палатасы Кыргыз экономикалык университети, “Билим-Стандарт” көз карандысыз аккредитациялоо агенттиги жана Россиядан келген ассоциациялар менен кызматташуу жөнүндө макулдашууларга кол койду.

Кыргыз экономикалык университетинин ректору Алмаз Кадыралиев Чехия-Орто Азия соода-өнөр жай палатасы менен түзүлгөн келишимдин алкагында Кыргызстан менен Чехиянын ортосунда окуу борбору түзүлө тургандыгын билдирди.

“Бүгүн Чехия-Орто Азия соода-өнөр жай палатасы менен кызматташуу жөнүндө келишимге кол койдук. Ошол келишимдин алкагында биздин студенттерге Чехиянын жогорку окуу жайларына барып окуп, тажрыйба топтоп келүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Эки өлкө ортосунда түзүлө турган борбор жалпы Орто Азия үчүн иштейт. Анда студенттер чет тилин, анын ичинде чех тилин үйрөнүшөт. Анткени студенттер ал жакка барганда стипендия алып, бекер окушат”, - деп билдирди Алмаз Кадыралиев.

Ошондой эле тегерек столдун жүрүшүндө Италиядан, Кытайдан, Россиядан келген өкүлдөр, ЖОЖдордун ректорлору жана Кыргызстандын билим берүү тармагындагы эксперттер билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган темадагы баяндамаларды жасашты.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар