Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгы
Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгы
КМШ КУРУЛУШ ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНЫН АССОЦИАЦИЯ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ОТУРУМУ КЫРГЫЗСТАНДА ӨТӨТ

Көрүлдү: 660

7-10-июнда Н.Исанов атындагы КМКТАУнун 30 жылдыгына карата Эл аралык курулуш ЖОЖдорунун Ассоциация (КЖА) Башкармалыгынын көчмө отуруму өтөт. Көчмө жыйын КМКТАУда жана Ысык-Көлдө болот.

post.title

Отурумга КМШнын алдыңкы ЖОЖдорунун ректорлору, Ассоциация башкармалыгынын мүчөлөрү, Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги, Улуттук илимдер академиясынын академиктери, окутуучулары, бүтүрүүчүлөрү ж.б. катышат.

Көчмө жыйындын 7-июндагы күн тартибинде төмөндөгү Ассоциация өкүлдөрү баяндама жасайт:

-        Санкт-Петербург мамлекеттик архитектура жана курулуш университетинин окуу иштери боюнча проректору Светлана Головина «Теоретикалык жана практикалык окутуп даярдоо контексттинде ЭБ жана колдонуу менен ЖББП ишке ашыруу»;

-        Сибирь федералдык университетинин инженердик-курулуш институтунун директору Игорь Тарасов, «Сибирь федералдык университети» ФГАОУ ЖБ инженердик-курулуш институтунда бакалавриат билим берүү моделин трансформациялоо»;

-        “Москва мамлекеттик курулуш университети” Улуттук изилдөө университетинин карьераны өнүктүрүү жана тармактык интеграция борборунун башчысы, Курулуш ЖОЖдорунун Ассоциациясынын жооптуу катчысы Михаил Слепнев, “2021-2022-ж. КЖАнын Бүтүрүүчү квалификациялык иштердин сынагынын жыйынтыктары”, “2022-2023-окуу жылына КЖАнын БКИ студенттик олимпиадаларды жана сынактарды уюштуруунун планы”.

Маалымат үчүн:

Н.Исанов атындагы КМКТАУ - алгач Кыргыз архитектура-курулуш институту, 1998-жылдан тарта КМКТАУ, 2008-жылы эгемендүү Кыргызстандын туңгуч премьер-министри Насирдин Исановдун ысымы ыйгарылган. Быйыл КМКТАУ өзүнүн негизделгенинин 30 жылдыгын белгилейт. Бул маарекелик жыл КМКТАУга өлкө үчүн тарыхый маанилүү миссияны - Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолун изилдөө иштерин жүргүзүү жана долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгууну ишке ашыра баштаганы менен маанилүү.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар