Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгы
Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгы
ОНЛАЙН ЛЕКЦИЯДАН ВИРТУАЛДЫК ЛАБОРАТОРИЯГА КАРАЙ...

Көрүлдү: 489

2022-жылдын 31-майында И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде «Кыргыз Республикасынын аймактык жана борбордук ЖОЖдору үчүн VR технологияларын (виртуалдык аныктык) билим берүү жана өндүрүштө колдонуу» темасында семинар өттү.

post.title

Онлайн лекция учурунда Сэм Хьюстон мамлекеттик университетинин (АКШ) профессору Улан Дакеев окуу жараянына жаңы технологияларды киргизүү, өзүнүн лабораториясы жана анын ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди.

Семинардын аягында кызыккан угуучулар лектор менен республиканын бардык аймактарынын ЖОЖдорунун катышуусунда виртуалдык лабораториялар тармагын түзүү боюнча долбоорду биргелешип даярдоону макулдашышты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар