Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгы
Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгы
ОШ МАМЛЕКЕТТИК ПЕДАГОГИКАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНИН ТҮПТӨЛГӨНҮНӨ 97 ЖЫЛ ТОЛДУ

Көрүлдү: 513

Билимдин очогуна айланган Ош мамлекеттик педагогикалык университети 97 жылдык маарекесин белгиледи. Педагог адистерди даядаган окуу жай 1925-жылы ачылып, түштүктөгү эң алгачкы педагогикалык окуу жай болуп негизделген.

post.title

Иш-чарага Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов, Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, окуу жайдын эмгек жамааты жана студенттери катышты.

Университеттин ректору Бекмурза Зулуев жалпы эмгек жамаатты майрамы менен куттуктап, окуу жайдын өнүгүүсүнө салым кошуп, ийгилик жараткан окутуучуларга жана студенттерге ардак грамота менен акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Ошондой эле иш-чара аталган окуу жайдын Музыкалык-педагогикалык факультети тарабынан даярдалган чакан концерттик программа менен коштолду.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар