Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгы
Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгы
Кыргызстанда студенттердин 84 пайызы мамлекеттик жогорку окуу жайларда окуйт

Көрүлдү: 1060

Кыргызстандын жогорку окуу жайларында 231 394 студент билим алса, алардын 84 пайызы мамлекеттик ЖОЖдордо окуйт.

post.title

Студенттердин 30% же 70524 адам - чет мамлекеттердин жарандары.

Чет өлкөлүк студенттердин 63% - коңшу өлкөлөрдөн келгендер. Алсак, Кыргызстандын жогорку окуу жайларында окуп жаткан студенттердин көбү (38857) - Өзбекстандан келгендер, андан кийинки орундарда Индиядан келгендер (14461) жана Пакистандан келгендер (9758) турат. Коңшу өлкөлөрдөн келген студенттердин көбү мамлекеттик ЖОЖдордо, ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген студенттер мамлекеттик эмес ЖОЖдордо окушат.

2022-жылы ЖОЖдор 40145 адисти даярдап чыгарат же студенттердин жалпы санынын 17% бүтүрүүчү болот деп күтүлүүдө.

 

Cүрөт: Ош мамлекеттик университети https://oshsu.kg/ru/photogallery/703

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар