Көрүлдү: 1220
Кыргызстандын жогорку окуу жайларында 231 394 студент билим алса, алардын 84 пайызы мамлекеттик ЖОЖдордо окуйт.
Студенттердин 30% же 70524 адам - чет мамлекеттердин жарандары.
Чет өлкөлүк студенттердин 63% - коңшу өлкөлөрдөн келгендер. Алсак, Кыргызстандын жогорку окуу жайларында окуп жаткан студенттердин көбү (38857) - Өзбекстандан келгендер, андан кийинки орундарда Индиядан келгендер (14461) жана Пакистандан келгендер (9758) турат. Коңшу өлкөлөрдөн келген студенттердин көбү мамлекеттик ЖОЖдордо, ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген студенттер мамлекеттик эмес ЖОЖдордо окушат.
2022-жылы ЖОЖдор 40145 адисти даярдап чыгарат же студенттердин жалпы санынын 17% бүтүрүүчү болот деп күтүлүүдө.
Cүрөт: Ош мамлекеттик университети https://oshsu.kg/ru/photogallery/703