Көрүлдү: 383
Бүгүн, 25-февралда, Билим берүү жана илим министрлигинде 12 жылдык жалпы орто билим берүү системасына өтүү контекстинде жогорку жана орто кесиптик педагогикалык билим берүүнү реформалоо боюнча жыйын болуп өттү. Иш-чарага окуу-методикалык бирикмелердин, окуу-методикалык кеңештердин өкүлдөрү, ошондой эле педагогикалык факультеттердин кафедра башчылары катышты.
Жыйындын алкагында педагогикалык билим берүүнү реформалоо боюнча Жол картасы талкууланды. Катышуучулар окуу программаларын жаңылоо, окутуунун заманбап методикаларын киргизүү жана педагогдордун квалификациясын жогорулатуу боюнча негизги маселелерди карашты.
Жыйындын жүрүшүндө Мектепке чейинки жана жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты менен синхрондуу түрдө Жогорку кесиптик билим берүүнүн жана педагогикалык багыттар жана адистиктер боюнча орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартын иштеп чыгуунун зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.