Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгы
Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгы
Ош МПУ - ТАТАРСТАНДАГЫ ЖОЖдор МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ.

Көрүлдү: 0

Ош МПУ - ТАТАРСТАНДАГЫ ЖОЖдор МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ.

post.title

Ош мамлекеттик педагогикалык университети Казань федералдык университети менен кызматташуу боюнча келишимге жетишти. 

Бул демилге 13-20-январь күндөрү Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин (ОшМПУ) делегациясы Казань федералдык университетине (КФУ) жасалган жумушчу сапарында ишке ашты. Мугалимдердин билимин жогорулатуу жана илимий-изилдөө иштери жаатында ЖОЖдор аралык кызматташуу боюнча меморандумга КФУнун ректорунун милдетин аткаруучу, профессор Дмитрий Таюрский жана ОшМПУнун ректору, профессор Б.Б. Зулуев кол койду. 

Окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев баштаган делегациянын жумушчу сапарында эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп, натыйжада окуу жайлар тажрыйба алмашууга, мугалимдердин билим берүү тармагында адистерди даярдоо боюнча биргелешкен программаларды ишке киргизүүгө даяр экендигин билдиришти. Бекмурза Зулуев КФУнун жетекчилигин иш сапары менен окуу жайга (ОшМПУ) келип кетүүгө чакырды. 

Өз кезегинде Дмитрий Таюрский мындай иш сапардын масштабын кеңейтүүнү жана биргелешкен конференция өткөрүүнү сунуштады. Анын алкагында 2022-жылы Казань шаарында өтө турган “21-кылымдагы мугалимдин билим берүү, кесипкөйлүгүн жогорулатуу жана ден соолугун сактоо” VIII Эл аралык мугалимдердин билим берүү форумуна байланыштуу иш чараларга биргеликте катышуу максаттуу аракет болоорун баса белгиледи.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар