Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгы
Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгы
БатМУ эвакуацияланган жарандарга жакындан жардам берди

Көрүлдү: 64

2022-жылдын 27-январында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында орун алган куралдуу кагылышуунун натыйжасында Баткен районунун Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек, Кара-Бак, Төрт-Күл айыл аймактарынын тургундары Баткен шаарына жана чек арага чектешпеген айылдарга эвакуацияланган.

post.title

Баткен мамлекеттик университетинин башкы корпусуна 103 жаран, БатМУнун алдындагы колледжге 54 жаран эвакуацияланган. Алардын көбү – жаш балдар жана аялдар. Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу БатМУнун ректоратында атайын штаб түзүлүп, эвакуацияланган жарандарга жакындан жардам көрсөтүлгөн. Андан тышкары БатМУнун окутуучуларынын жеке үйлөрүнө элүүдөй тургун жайгаштырылган.

БатМУнун профессордук-окутуучулук курамы эвакуацияланган жарандарга, аялдарга жана жаш балдарга психологиялык жардам көрсөтүп, Кызыл Жарым Ай коому менен биргеликте ысык тамак уюштурган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар