Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгы
Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгы
Ведомстволор аралык комиссия студенттердин видеокайрылуусу боюнча тараптар менен жолугушуу өткөрдү

Көрүлдү: 1170

2022-жылдын 27-январында Кыргыз эл аралык универсалдык колледжинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү аталган окуу жайдын студенттеринин диний мазмундагы материалдар тууралуу видеокайрылуусун текшерүү боюнча студенттер, окутуучулар, ата-энелер менен жолугушуу өткөрдү.

post.title

Жолугушуу учурунда окуу жайдын жетекчилигине видеокайрылууну даярдаган студенттерге карата мыйзамсыз чаралар колдонулбасын деген көрсөтмө берилди.

Бул иш-чаранын алкагында студенттерге жана окуу жайдын эмгек жамаатына комиссия тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, социалдык тармактарда жана жалпы маалымат каражаттары аркылуу такталбаган маалыматты жана түшүндүрмөлөрдү таратуудан кармануу сунушталды.

Комиссия чогулткан материалдар Ички иштер министрлигинин тергөөсүнө өткөрүлүп берилип, соттун чечими чыккандан кийин расмий маалымат таратылат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар