Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгы
Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгы
Министрлик жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардагы академиялык чынчылдыкты текшере баштады

Көрүлдү: 1216

​​​​​​​2022-жылдын 21-январында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев жогорку окуу жайлардын жана орто кесиптик окуу жайлардын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү.

post.title

Мурдараак Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги кесиптик окуу жайлардагы академиялык чынчылдыктын деңгээлин жана алардын ишмердүүлүгүнүн лицензиялык стандарттарга шайкештигин текшерүүнү демилгелеп, бул үчүн туруктуу түрдө иш алып бара турган Комиссия түзгөн.

Кеңешменин жүрүшүндө катышуучуларга текшерүүнүн жыйынтыктары тууралуу маалымат берилди.

Министр Б. Купешев Комиссия аныктаган мыйзам бузуулар кайра кайталанчу болсо, окуу жайлардын жетекчилерине кийинки жолу катуу чара көрүлөрүн эскертти.

Кеңешменин жыйынтыгында коррупциялык тобокелдиктерди алдын алуу, студенттердин сабактарга катышуусун текшерүү үчүн түзүмдүк бөлүктөрдүн ишине, студенттердин экзамендерге катышып отуруусуна контролду күчөтүү сунушталды. 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар