Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгы
Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгы
ТЕХНОПАРКТАР ЖӨНҮНДӨ МЫЙЗАМ ДОЛБООРУН КООМДУК ТАЛКУУЛОО 26-НОЯБРГА ЧЕЙИН УЛАНАТ

Көрүлдү: 482

27-октябрда Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында “Технологиялык парктар (технопарктар) жөнүндө” Мыйзамынын долбоору жарыяланган.

post.title

Мыйзам Кыргыз Республикасында технологиялык парктардын түзүлүшүнө, иштешине жана ишинин токтотулушуна байланыштуу келип чыгуучу коомдук мамилелерди жөнгө салууга арналган жана инновациялык өнүгүүнү камсыз кылуу максатында аларды мамлекеттик колдоонун укуктук негизин аныктайт.

13-ноябрга карата “Технологиялык парктар (технопарктар) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча кызыкдар тараптардан сунуштар келип түшкөн жок.

Белгилей кетсек, коомдук талкуу 2023-жылдын 26-ноябрына чейин уланат.

Комментарий калтыруу үчүн кирүү же катталуу керек

Шилтеме:

Мыйзам долбоору - http://koomtalkuu.gov.kg/kg/view-npa/3092

Файл:

Реестр (pdf)

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар