Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгы
Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгы
Кара-Балтада сүт азыктарын өндүрүү боюнча окуу-өндүрүштүк борбор курула баштады

Көрүлдү: 633

11-ноябрда Мухаммед Ибрагимов атындагы Кара-Балта техникалык-экономикалык колледжинде жаңы сүт азыктарын өндүрүү боюнча окуу-өндүрүштүк борбордун жерпайына капсула салуу аземи болду.

post.title

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, Германиянын Кыргызстандагы элчиси, Эл аралык кызматташтык боюнча германиялык коомдун (GIZ) координатору, PECAнын «Борбордук Азиядагы экономикалык өсүү секторлору үчүн кесиптик билим берүү» долбоорунун жетекчиси, жергиликтүү бийлик башчылары жана социалдык өнөктөштөр катышты.   

Окуу борбору НАССР эл аралык стандартына ылайык келет.

Сүт заводу суткасына 1000 литр сүттү кайра иштетет. Сүт азыктарынын төмөнкүдөй ассортименттери өндүрүлөт: кычкыл сүт суусундуктары, сырлар, быштактар жана быштак азыктары.

Ал эми даяр азыктар балдар үйлөрүнө жана окуу жайларга сатып өткөрүлөт.  

Окуу борборунун башкы максаты жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо ишине окутуунун кош системасын киргизүү болуп саналат.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар