Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгы
Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгы
Жыл сайын этникалык кыргыздар үчүн Кыргызстандын медициналык жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн бюджеттик орундар бөлүнөт

Көрүлдү: 794

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 25-мартындагы №102 «Чет өлкөлөрдө жашаган мекендештерге билим берүү жана улуттук маданият маселелеринде колдоо көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 3-декабрындагы №752 токтомун аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жыл сайын чет өлкөдө жашаган этникалык кыргыздарды Кыргызстандын жогорку окуу жайларына тандап алуу жана кабыл алуу боюнча иш жүргүзүп келе жатат.

post.title

Этникалык кыргыздар мамлекеттик жогорку окуу жайларда окушат, аларды даярдоо базалык жогорку окуу жайлардын бардык окутуу багыттары боюнча, атап айтканда, гуманитардык, инженердик-техникалык, медициналык, айыл чарба ж.б. багыттар боюнча жүргүзүлөт. Этникалык кыргыздардын медициналык багыттар боюнча билим алуусу боюнча айта турган болсок, жыл сайын этникалык кыргыздар үчүн каралган квоталардын алкагында Кыргыз Республикасынын медициналык жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн орундар бөлүнөт. Мисалы, соңку үч жылда 40 этникалык кыргызга бюджеттик орундар берилди. Атап айтканда:        

- 2019-2020-окуу жылында 14 этникалык кыргыз И. Ахунбаев атындагы КММАга окууга кабыл алынды;

- 2020-2021-окуу жылында 14 этникалык кыргыз И. Ахунбаев атындагы КММАга окууга кабыл алынды;

- 2021-2022-окуу жылында 12 этникалык кыргыз окууга кабыл алынды (анын ичинен тогузу И. Ахунбаев атындагы КММАда, үчөөсү – ОшМУда билим алууда).

Бөлүнгөн квоталардын алкагында Кыргызстандын жогорку окуу жайларына тапшырууну пландаган этникалык кыргыздар арасында ачык-айкын тандоо жүргүзүү максатында министрлик ар жылы компьютердик же бланктык тестирлөө формасында кирүү сынактарын уюштурат.

Тестирлөөнү КР Билим берүү жана илим министрлигинин Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар улуттук борбору талапкер өзү тандап алган адистик боюнча өткөрөт, тестирлөөнүн жыйынтыгынын негизинде кабыл алууга сунушталгандардын тизмеси түзүлөт.

2020-жылдан тартып, оор эпидемиологиялык кырдаалга жана дүйнө жүзүндө, анын ичинде Кыргызстанда, COVID-19 коронавирустук илдети жайылып кеткенине байланыштуу мамлекеттик чек араларды кесип өтүү кыйынчылыктары жаралып, этникалык кыргыздар үчүн кирүү сынактары соңку эки жылда (2020-2021-окуу жылында жана 2021-2022-окуу жылында) этникалык кыргыздар жашаган өлкөлөрдө (Кытай, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Түркия) жайгашкан Кыргызстандын чет жактагы мекемелери менен биргеликте ишке ашырылды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар