Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
“БИЛИМ БЕРҮҮ ЖӨНҮНДӨ” ЖАҢЫ МЫЙЗАМДЫН ДОЛБООРУ КООМДУК ТАЛКУУГА КОЮЛДУ

Көрүлдү: 16

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу, калкка көрсөтүлүүчү билим берүү кызматтарынын сапатын жакшыртуу жана аларды алуунун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн билим берүү институтун модернизациялоо максатында алдыңкы эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» жаңы Мыйзамдын долбоорун иштеп чыкты.

post.title

Мыйзам долбоорунда мектепке чейинки билим берүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулган, атап айтканда: менчиктин жеке формасындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарын лицензиялоону жокко чыгаруу (кабарлоо тутумун киргизүүнү пландаштырылууда), жеке адамдарга атайын сертификаттын негизинде мектепке чейинки курактагы балдарды кароо жана багуу боюнча кызмат көрсөтүү укугу берилет, бул ченемдер балдардын мектепке чейинки билим алууга жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга олуттуу таасир тийгизет деп болжолдонууда. Ошондой эле, реформалардын бири белгилүү бир профилдеги балдарга жана чоңдорго кошумча билим берүү боюнча кызмат көрсөтүүчү билим берүү уюмдары үчүн лицензиялоону жокко чыгаруу болуп саналат, мисалы, тил курстары, IT-технологиялар боюнча курстар ж. б.

Атаандаштыкка жөндөмдүү жаштарды даярдоо, жалпы билим берүү уюмунан чыгарууда профилдик көндүмдөрдү өздөштүрүү максатында, бул келечекте бүтүрүүчүгө келечектеги кесипти аң-сезимдүү тандап алууга мүмкүндүк берет, мектептик билим берүүгө профилдик окутуу маселелери киргизилген.

Адам ресурстарын өнүктүрүү жаатындагы мамлекеттик саясат квалификациялардын улуттук системасын киргизүүгө жана өркүндөтүүгө негизделет. Башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү системасы билим берүү кызматтарын керектөөчүлөрдүн суроо-талаптарына жана иш берүүчүлөрдүн квалификациялуу кадрларга болгон муктаждыктарына шайкеш жооп берүүгө мүмкүндүк берген натыйжалуу механизмдерге ээ болушу керек, билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде социалдык өнөктөштүктү активдештирүү зарыл. Ушуга байланыштуу билим берүү уюмунда да, уюмдарындагы же ишканаларындагы жумуш ордунда да окутууну уюштуруу механизмдерин жөнгө салуучу ченемдер киргизилген.

Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, Билим берүү кызматтарын каржылоонун элементтеринин бири кирешелердин ар кандай деңгээлдериндеги адамдар үчүн сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында колдонулуучу ваучердик система болуп саналат. Ушуга байланыштуу, каржылоонун ченемдик принциби менен катар Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзам долбооруна бул системаны жарандарды сапаттуу билим алуу үчүн колдоо шарттарынын бири катары пайдаланууга мүмкүндүк берген ченем киргизилген.

Мыйзам долбоору 

Шилтеме: http://kenesh.kg/ky/article/show/9313/bilim-beruu-zhonundo-kirgiz-respublikasinin-miyzaminin-dolbooru-2022-zhildin-8-sentyabrinan-tartip-koomduk-talkuuga-koyulat

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар