Укуктук камсыз кылуу бөлүмү
Укуктук камсыз кылуу бөлүмү

Көрүлдү: 1704

Биз жөнүндө

Мамлекеттик органдардын юридикалык кызматы жөнүндө
ЖОБО

1. Жалпы жоболор

1. Бул Жободо мамлекеттик органдардын укуктук камсыздоо чөйрөсүндөгү ишинин сапатын жогорулатуу, алардын ишинде мыйзамдуулукту сактоо максатында бийликтин аткаруу бутагынын мамлекеттик органдарынын юридикалык кызматын (мындан ары - юридикалык кызмат) уюштурууга жана аны иштетүүгө карата бирдиктүү талаптар белгиленген.

2. Юридикалык кызмат мамлекеттик органдын башка бөлүмдөрү менен өз ара байланышта ишин жүргүзгөн түзүмдүк бөлүм түрүндө уюштурулат.

3. Юридикалык кызмат өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.

4. Мамлекеттик органдын өзү кайра уюштурулган же жоюлган учурлардан тышкары юридикалык кызматты жоюуга жол берилбейт.

2. Юридикалык кызматтын милдеттери жана функциялары

5. Юридикалык кызматтын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп эсептелет:

- мамлекеттик органдын жана анын кызмат адамдарынын ишиндеги мыйзамдуулукту сактоону камсыздоо;

- мамлекеттик органдын мүлктүк жана башка мыйзамдуу укуктары менен кызыкчылыктарын укуктук каражаттар менен коргоо;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын үгүттөө, мамлекеттик органда укуктук окутууну уюштуруу;

- мамлекеттик органдын компетенциясына ылайык ченемдик укуктук актылардын, буйруктардын, келишимдердин жана юридикалык мүнөздөгү башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгууга түздөн-түз катышуу;

- мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыккан ченемдик укуктук жана башка актылардын долбоорлорун мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге шайкештигин кароо;

- мамлекеттик органдын кызмат адамдарына жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине укуктук консультация берүү;

- мамлекеттик орган тарабынан мыйзамдарды колдонуунун практикасын жалпылоо.

6. Юридикалык кызмат жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функцияларды аткарат:

- мамлекеттик органдын ишинин багыттары боюнча мыйзамдарды өркүндөтүү жөнүндө сунуштарды даярдайт;

- мамлекеттик органдын ишинин укуктук маселелери каралган учурда сот жана башка мамлекеттик органдарда өзүнүн кызыкчылыктарын коргойт;

- мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыккан ченемдик укуктук актыларды, буйруктарды, келишимдердин, процесстик документтердин, ошондой эле юридикалык мүнөздөгү башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгууга катышат;

- мамлекеттик органдын компетенциясына кирген ченемдик укуктук жана башка актыларга инвентаризация жүргүзөт жана жүргүзүлгөн инвентаризациянын негизинде аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди шайкеш келтирүүгө багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдайт;

- мамлекеттик органга келип түшкөн ченемдик укуктук жана башка укуктук актылардын долбоорлорун карайт жана аларга корутунду берет;

- түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан мамлекеттик органдын ченем жаратуучу ишинин келечектеги жана учурдагы пландарын иштеп чыгууга, ал пландарды ишке ашырууга жана алардын аткарылышын контролдоого катышат;

- мамлекеттик органдын укук колдонуучу практикасын башка түзүмдүк бөлүмдөр менен бирдикте жалпылайт жана талдайт, аны өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет;

- жетекчиликтин кол коюусуна берилген юридикалык мүнөздөгү документтердин долбоорлорун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына шайкеш келүүсүн текшерет жана аларга виза коёт;

- эмгек тартибин чыңдоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгууга жана аларды ишке ашырууга катышат;

- мамлекеттик органдын ишиндеги мыйзам бузууга жөндөм түзгөн себептерди жана шарттарды четтетүүгө багытталган чараларды даярдоо боюнча сунуштарды киргизет жана зарылдыгына жараша аларды ишке ашырууга катышат;

- мамлекеттик органдын ченем жаратуучу ишин уюштуруу-методикалык жактан камсыздайт, мамлекеттик органдагы укуктук иштин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган сунуштарды иштеп чыгат;

- мамлекеттик органдын кызматкерлеринин укуктук билимин жогорулатуу боюнча иш-чараларды өткөрүүгө катышат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын укуктук үгүттөө боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана аткарат, мамлекеттик органда укуктук окутууну уюштурат;

- мамлекеттик органдын аймактык органдарында жана ведомстволук уюмдарында укуктук ишти уюштурууну уюштуруу-методикалык жактан жетектейт, анын ичинде келишимдерди түзүүнүн жана аткаруунун, доо коюу ишин жүргүзүүнүн, мамлекеттик органга коюлган дооматтарды кароонун тартиби, аларды өз убагында жана сапаттуу кароонун жана укуктук иштин башка багыттарынын мыйзамдуулук маселелери боюнча текшерүү жүргүзөт;

- мамлекеттик органга келип түшкөн ченемдик укуктук актыларды системалык тартипте каттоону жана сактоону уюштурат, мамлекеттик органдын иши менен байланышкан укуктук маселелер боюнча башка документтерди чогултат, сактайт жана иштетет, аларды контролго алат;

- соттук териштирүүгө алып келген негизги себептерди жана шарттарды аныктоо максатында мамлекеттик орган катышкан талаш-тартыштар боюнча доо иштеринин жана соттук практиканын абалын талдайт жана аларды четтетүү, күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча сунуштарды киргизет, ошондой эле юридикалык кызматка жүктөлгөн милдеттерге жараша башка функцияларды аткарат;

- укуктук камсыздоо чөйрөсүндө башка функцияларды аткарат.

3. Юридикалык кызматтын укуктары

7. Юридикалык кызмат төмөнкүлөргө укуктуу:

- мамлекеттик органдын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишиндеги мыйзамдуулукту сактоону камсыздоого багытталган иштерди жүргүзүүгө;

- мамлекеттик органдын түзүмдүк бөлүмдөрүнөн, аймактык органдарынан жана ведомстволук бөлүмдөрүнөн юридикалык кызматка жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон документтерди жана маалыматтарды сурап алууга;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууларды четтетүү, зыяндын ордун толтуруу, аткарууну камсыздабаган же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган кызматкерлерди жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштарды жетекчиликке берүүгө;

- мамлекеттик органдын жетекчисинин уруксаты менен башка бөлүмдөрдүн кызматкерлерин укуктук маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын жана башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгуу, ошондой эле мыйзамдарды үгүттөө жана мамлекеттик органда укуктук окутуу боюнча иш-чараларды аткаруу үчүн тартууга;

- мамлекеттик органга келип түшкөн ченемдик укуктук актыларды таанышуу, иште пайдалануу жана системалык түрдө каттоо үчүн биринчи кезектеги тартипте алууга;

- мамлекеттик органдын оперативдүү кеңешмелерине катышууга;

- сапатсыз даярдалган жана мыйзамдарга каршы келген ченемдик укуктук актылардын жана башка документтердин долбоорлорун толуктап иштеп чыгуу үчүн аткаруучуларга кайтарып берүүгө, алар боюнча зарыл болгон корутунду чыгарууга жана аныкталган бузууларды четтетүү жөнүндө маалымдамаларды берүүгө, ошондой эле мамлекеттик органдын жетекчисинин тапшырмасы боюнча көрсөтүлгөн долбоорлорду түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан толуктап иштеп чыгууга катышууга.

4. Юридикалык кызматты уюштуруу

8. Юридикалык кызмат жогорку юридикалык билими жана адистиги боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген иш стажы бар кызматкерлердин арасынан түзүлөт.

9. Юридикалык кызматты анын жетекчиси башкарат, ал:

- юридикалык кызматтын ишин жетектейт жана юридикалык кызматтын функцияларынын өз убагында жана сапаттуу аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;

- юридикалык кызматтын кызматкерлеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;

- юридикалык кызматтын кызматкерлерине карата тартиптик жаза салуу же сыйлоо жөнүндө белгиленген тартипте сунуштарды киргизет;

- кызматты жетектөө боюнча башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды аткарат.

10. Юридикалык кызматтын кызматкерлеринин ыйгарым укуктары жана жоопкерчиликтери мамлекеттик органдын жетекчиси бекиткен функциялык милдеттер менен регламенттелет.

11. Юридикалык кызматтын жетекчисине жана кызматкерлерине мыйзамсыз таасир этүү же ушул Жободо каралган милдеттерди аткаруу үчүн аларды куугунтуктоого жол берилбейт.

12. Мамлекеттик органда юридикалык кызматтардын натыйжалуу жана сапаттуу иштеши үчүн талаптагыдай шарттар түзүлөт, анын ичинде:

- өзүнчө жай, ченемдик маалымдама материалдар, укуктук маселелер боюнча мезгилдүү басылмалар, юридикалык адабият, ошондой эле ченемдик укуктук актыларды мезгили менен жаңыланып туруучу электрондук базасы менен камсыздоо;

- юридикалык кызматтын кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин жогорулатуу үчүн иш-чараларды туруктуу негизде уюштуруу.

13. Мамлекеттик органдардын жетекчилери белгиленген тартипте, бекитилген бюджеттин чегинде юридикалык кызматтын кызматкерлерин кошумча материалдык жана материалдык эмес шыктандырууну белгилөөгө укуктуу.

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар