Укуктук камсыз кылуу бөлүмү
Укуктук камсыз кылуу бөлүмү

Көрүлдү: 2081

Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча
НУСКАМА

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 613 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Ушул Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускама (мындан ары - Нускама) мыйзам алдындагы актылардын долбоорлорун иштеп чыгуучу адамдар (мындан ары - эксперттер) үчүн практикалык колдонмо болуп саналат.

2. Ушул Нускама Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун (мындан ары - мыйзам алдындагы акты) иштеп чыгууга жана аларды тариздөөгө талаптарды аныктайт.

3. Ушул Нускаманын максаты мыйзам алдындагы актылардын долбоорлорун тариздөөдө жана укуктун ченемдерин иштеп чыгуу, өзгөртүү жана токтотуу эрежелерин колдонууда бир түрдүүлүктү сактоо жолу менен мыйзам алдындагы актылардын сапатын камсыздоо болуп саналат.

1-глава. Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлоруна жалпы талаптар

4. Ушул Нускама түзүмдүк таризделишине, мыйзам алдындагы актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү тартибине, мыйзам алдындагы актылардын жана алардын түзүмдүк элементтеринин колдонулушунун токтотулушуна, мыйзам алдындагы актылардын долбоорлоруна коштомо документтердин таризделишине талаптарды камтыйт.

5. Мыйзам алдындагы актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу төмөнкү принциптерге негизделет:

1) жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо;

2) мыйзамдуулук;

3) негиздүүлүк;

4) максатка ылайыктуулук;

5) адилеттүүлүк;

6) айкындуулук;

7) мыйзам алдындагы актынын тилинин жеткиликтүүлүгү.

6. Бир мыйзам алдындагы акт:

1) коомдук мамилелерди жаңыдан жөнгө салууну белгилей алат;

2) башка мыйзам алдындагы актыларга өзгөртүүлөрдү киргизе алат;

3) башка мыйзам алдындагы актылардын колдонулушун токтотуп тура алат;

4) аларды күчүн жоготту деп таануу жана мындай актыларды жокко чыгаруу жолу менен мыйзам алдындагы актылардын колдонулушун токтото алат.

7. Мыйзам алдындагы актынын долбоорун иштеп чыгуу процесси үч этаптан турат:

1) таанып билүү - ченемдик жөнгө салуунун негизинде жаткан объективдүү зарылдыкты аныктоо, жыйынтыгында ченемдик укуктук актыда ишке ашырылууга жаткан укуктук ченемди ченемдик жөнгө салуу жана маңызын аныктоо негизги максаты болушу керек болгон коомдук мамилелердин катышуучуларынын зарыл болгон жүрүм-турумунун вариантын аңдап билүү;

2) иш - мыйзам алдындагы актыны жаратуу процесси. Бул этапта эксперт тарабынан келечектеги ченемдик укуктук актынын, анын түзүмүнүн модели жасалат, коомдук мамилелердин катышуучуларынын жүрүм-турумунун ченемдик көрсөтмөлөрү түзүлөт, негизги маанилик түзүүчүлөрдүн логикалык системасы түзүлөт;

3) жыйынтыктарды талдоо - эксперттин алар өздөрү иштеп чыккан мыйзам алдындагы актыга өзүнүн баа берүүсү, мыйзам алдындагы актынын долбоорунун максатына жетүүсүн талдоо, мыйзам алдындагы актынын долбоорунун ченемдик укуктук актыларга шайкештиги, ченемдик көрсөтмөлөрдүн логикалык байланышты, юридикалык тилди сактоосу.

8. Мыйзам алдындагы актынын долбоорун иштеп чыгууда эксперт төмөнкү контролдоочу суроолорду аныктайт:

1) мыйзам алдындагы актынын долбоорун укуктук жөнгө салуунун предмети - мыйзам алдындагы актынын долбоорун иштеп чыгууга киришүүдөн мурда, укуктук регламентациялоого жатуучу маселелердин чөйрөсүн аныктоо зарыл;

2) мыйзам алдындагы актынын долбоорун түзүү зарылдыгы жана негиздүүлүгү (же колдонуудагы мыйзам алдындагы актыга өзгөртүүлөрдү киргизүү) - укукта кенемтенин табылышы, башкача айтканда ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынбаган, маанилүүлүгүнөн улам укуктук жөнгө салынууга тийиш болгон коомдук мамилелердин комплексин аныктап белгилөө, ошондой эле коллизиялык, кайталанган ченемдерди же зарылдыгынан жана актуалдуулугунан улам өзгөртүлүүгө тийиш болгон ченемдерди аныктоо;

3) бул маселени жөнгө салууга ченем жаратуучу субъектинин ыйгарым укуктарын. Мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларды жаратуу мыйзам кабыл алуунун маанилик уланылышы болуп саналат. Мыйзам алдындагы актылар бирдиктүү комплекс катары мыйзамдарды ишке ашыруунун толук механизмин түшүндүрөт;

4) мыйзам алдындагы актынын долбоорунун, ошондой эле ал аркылуу өзгөрүлүүчү (өзгөртүү киргизилүү учурда) актынын маанилик жана логикалык ара байланышын эске алуу менен мыйзам алдындагы актылардын долбоорлорунун тексттеринин мамлекеттик жана расмий тилдерде аутенттүү болуусунун милдеттүүлүгүн.

9. Мыйзам алдындагы актынын долбоору кыйла жогору юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актынын ченемдерине карама-каршы келбеши керек жана бирдей юридикалык күчтөгү ченемдик укуктук актыларга шайкеш келүүгө тийиш.

Мисал:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүүнүн методикасын бекитүү жөнүндө" токтому:

1) жөнгө салуу предмети ишкердин субъекттеринин ишине жана өнүгүшүнө ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүү тартиби болуп саналат;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам алдындагы акты менен укуктук жөнгө салуунун зарылчылыгы жана негиздүүлүгү ишкердик субъекттеринин ишине жана өнүгүшүнө ченемдик укуктук актылардын, жөнгө салуучу таасирин талдоону өткөрүү тартибин аныктаган ченемдик укуктук актынын жоктугу менен шартталган;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясы "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренеси менен жөнгө салынган (Ишкердикти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Методикага ылайык жөнгө салуучу таасирин талдоо жүргүзүлөт).

10. Мыйзам алдындагы актынын долбоорунун тексти адабий тилдин расмий-иш стилинин ченемдерин жана юридикалык терминологияны сактоо менен учур чакта, кыска жана макулдашылган формада берилет.

11. Мыйзам алдындагы актынын долбоору ички ырааттуулукта, логикалык жактан дыкат жана ушул Нускаманын талаптарына шайкеш келүүгө тийиш.

12. Мыйзам алдындагы актынын долбоорунун текстинде адегенде жалпы, андан кийин конкреттүү жоболор жайгаштырылат. Мыйзам алдындагы актынын долбоорун баяндоодо өтө жалпылаштырылган жана өтө майдаланган туюндурмалардан, ошондой эле бир эле маселе боюнча ченемдик көрсөтмөлөрдү кайталоодон жана алардын көп түрдүүлүгүнөн качуу керек.

13. Мыйзам алдындагы актынын долбоорунун терминологиясы бир түрдүү болууга тийиш. Бир эле түшүнүктөрдү белгилөө үчүн бир эле терминдер пайдаланылышы керек. Мыйзам алдындагы актынын долбоорунун текстинде эскирген жана көп маанилүү сөздөрдү жана сүйлөмдөрдү, эпитеттерди, метафораларды, ошондой эле жалпыга белгилүү болгондордон (мисалы, БУУ, КМШ, МАМСТ жана башкалар) тышкары кыскартылган сөздөрдү (аббревиатураларды) колдонууга жол берилбейт.

2-глава. Мыйзам алдындагы актылардын долбоорлорун түзүмдүк тариздөөгө талаптар

§ 1. Мыйзам алдындагы актылардын долбоорлорун тариздөөгө техникалык талаптар

14. Мыйзам алдындагы актылардын долбоорлорунун тексттери так, ырааттуу жана кыска баяндалышы керек, А4 форматындагы кагазда 14-өлчөмдөгү "Times New Roman" шрифтин, сап аралык бир интервалды колдонуу менен жазылат.

Документтин ар бир барагынын четтеринин өлчөмү төмөнкүдөй болууга тийиш: сол жагы 3 см; оң, жогорку жана төмөнкү жагы - 2 см.

Мыйзам алдындагы актынын долбоорунун текстинде даталар сөздүк-цифралык ыкма менен жазылат (мисалы: 2017-жылдын 9-январы).

15. Мыйзам алдындагы актынын долбоорунун милдеттүү реквизиттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) мыйзам алдындагы актынын долбоорунун биринчи сабында жогорку четинин оң тарабына чоң тамга менен символдорду жана карартууну колдонуусуз "Долбоор" деген сөз жазылат;

2) мыйзам алдындагы актынын долбоорунун түрүнүн аталышы беттин ортосуна, чоң тамгалар менен, карартылып, "Долбоор" деген сөздөн кийин сап аралык эки интервалды колдонуу менен басылат;

3) мыйзам алдындагы актынын долбоорунун аталышы беттин ортосунда, баш тамга менен, карартылып, мыйзам алдындагы актынын түрүнүн аталышынан сап аралык бир интервал менен, " " символу менен белгиленбестен жана аталышынын аягында "." тыныш белгисин колдонбостон басылат. Мыйзам алдындагы актынын долбоорунун аталышы кыска, так таризделип, анын негизги мазмунун чагылдырышы керек;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бир нече чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү учурунда, коомдук мамилелерди жөнгө салуу чөйрөсүн кыскача чагылдырышы керек, же болбосо ушул мыйзам алдындагы актынын долбоору менен жөнгө салына турган маселелерди чагылдырышы зарыл (эгерде мыйзам алдындагы актынын долбоорунун аталышынан жөнгө салынуучу коомдук мамилелердин чөйрөсүн так аныктоого болбосо).

Эскертүү: буйруктардын долбоорлорун даярдоо жана тариздөө эрежелери ушул Нускамага ылайык ишке ашырылат. Мындай кадр маселелерин караган буйруктардын долбоорлорун кошпогондо, буйруктардын долбоорлорунун аталышы болбойт.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 613 токтомунун редакциясына ылайык)

16. Мыйзам алдындагы актынын долбоорунун тексти аталышынан төмөн карай сап аралык эки интервал чегинүү менен басылат.

Мыйзам алдындагы актынын долбоорунун абзацы ушул Нускаманын 14-пунктунда белгиленген документтин сол талаачасынын өлчөмүнөн 12,5 мм чегинүү менен басылат.

17. Мыйзам алдындагы актыга кол коюучу адамдын кызмат орду карартылып, мыйзам алдындагы актынын долбоорунун текстинен сап аралык эки интервал аралыкта, ушул Нускаманын 14-пунктунда белгиленген документтин сол талаачасынан 12,5 мм чегинүү менен басылат. Коюлган колдордун чечмелениши кызмат ордунун аталышынын акыркы сабынын деңгээлинде аты-жөнү жана фамилиясынын ортосунда бош орун калтырылбай жазылат.

Мисал:

¯

Жогорку жагынан чегинүү 2 см

Долбоор

 

Сол жагынан чегинүү 3 см

 

Оң жагынан чегинүү 2 см

 

Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн токтому

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу

12,5 мм

 

®

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.Т.Туманов жана Г.А.Скрипкина демилге кылган Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.

2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

 

Премьер-министр

 

Ф.А.Ж.

 

Төмөнкү жагынан чегинүү 2 см

­

 

 

 

18. Мыйзам алдындагы актынын долбоорун эки жана андан ашуун бетке тариздөөдө экинчи жана андан кийинки беттер номерлениши керек. Беттердин номерлери төмөнкү четинин оң жагына араб цифрасы менен сөздөрдү жана символдорду колдонбостон коюлушу керек.

§ 2. Мыйзам алдындагы актылардын долбоорлорун тариздөөгө жалпы талаптар

19. Мыйзам алдындагы актылардын долбоорлорунун түзүмдүк элементтери болуп преамбула, главалар, параграфтар, пункттар, пунктчалар жана абзацтар саналат.

20. Мыйзам алдындагы актынын долбоорунун преамбуласы болот, ал мыйзам алдындагы актыны кабыл алуунун максаттары тууралуу маалыматты, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорунун жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдеринин тиешелүү беренелерине жана пункттарына шилтемени камтыган мыйзам алдындагы актынын өз алдынча бөлүгү түрүндө болот, ага ылайык мыйзам алдындагы актынын долбоору кабыл алынат. Преамбулага ченемдик көрсөтмөлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

Мыйзам алдындагы актылардын долбоорундагы преамбула "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:" деген сөздөр менен аяктайт.

Эскертүү: буйруктардын долбоорлорунда бул сөздөрдүн болушу милдеттүү эмес, Уюштуруучу-тескөөчү документтерде эреже катары преамбула колдонулбайт.

Мисал:

Бийликтин аткаруу бутагынын мамлекеттик органдарынын ишинин натыйжалуулугун көтөрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 613 токтомунун редакциясына ылайык)

21. Мыйзам алдындагы актылардын долбоорунун пункттарында аталыш болбойт, араб цифрасы менен белгиленип, чекит коюлат. Ар бир пункттун башталышы ушул Нускаманын 14-пунктунда белгиленген документтин сол талаачасынан чегинен 12,5 мм чегинүү менен башталат. Ар бир пункт чекит менен бүтөт. Пункттарды өз ара үтүрлүү чекит түрүндөгү тыныш белги менен ажыратууга жол берилбейт. Мыйзам алдындагы актылардын долбоорлорунун пункттары пунктчалардан же абзацтардан турат.

Мисал:

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтарууда колдонулуучу Атайын каражаттардын тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

22. Пунктчалар өз алдынча мааниге ээ болбойт жана пункттун логикалык уландысы болуп эсептелет, араб цифрасы менен белгиленип, тегерек кашаага алынат. Мыйзам алдындагы актылардын долбоорлорунда пунктчалар бири биринен үтүрлүү чекит менен ажыратылат, акыркы пунктча чекит менен аяктайт. Абзацтарда пунктчаларды колдонууга жол берилбейт. Мындай учурда, абзац пунктчаларга бөлүнгөн өз алдынча пункт катары таризделет.

Ар бир пунктча ушул Нускаманын 14-пунктунда белгиленген документтин сол талаачасынын чегинен 12,5 мм чегинүү менен башталат.

Мисал:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде: (1-пункттун 1-пунктчасы);

- 9-пунктундагы "322" жана "247" деген цифралар тиешелүү түрдө "247" жана "172" деген цифралар менен алмаштырылсын; (1-пункттун 1-пунктчасынын экинчи абзацы);

2) жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинде: (1-пункттун 2-пунктчасы);

- 13-пунктундагы "1425" жана "918" деген цифралар тиешелүү түрдө "1520" жана "987" деген цифралар менен алмаштырылсын. (1-пункттун 2-пунктчасынын экинчи абзацы).

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:

1) бюджеттик жана атайын каражаттар боюнча кирешелер жана чыгашалар сметаларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашсын;

2) өз чечимдерин ушул токтомго шайкеш келтирсин жана ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 613 токтомунун редакциясына ылайык)

23. Абзац - биринчи сабында чегинүү менен бөлүнгөн пункттун же пунктчанын бөлүгү, цифра же тамга менен белгиленбейт. Эгер мыйзам алдындагы актынын долбоорунун пункту мааниси боюнча кошумча түзүмдүк элементти талап кылса, ал элемент өзүнчө абзац менен жазылып, чоң тамга менен башталат, чекит менен аяктайт жана ушул пунктка таандык болот. Эгер абзац пунктча тизмегинин бөлүгү болсо жана өз алдынча мааниге ээ болбосо, анда ал чегинүү менен жазылып, дефистен кийин кичине тамга менен башталат, үтүрлүү чекит менен аяктайт, акыркы абзацынын аягына чекит коюлат.

1-мисал:

8. 1995-жылдын 1-январынан тартып балалуу үй-бүлөлөргө мамлекеттик жөлөкпулду төлөп берүү социалдык жардамдын түзүлүүчү бөлүмдөрү тарабынан ишке ашырылары белгиленсин. Ишканалар, уюмдар жана мекемелер аталган жөлөкпулду эсептөө жана төлөп берүү иш-милдетинен бошотулсун. (8-пункттун биринчи абзацы).

Балалуу үй-бүлөлөргө жөлөкпул төлөп берүү, нан жана нан азыктарына компенсациялык төлөөлөр боюнча ишканаларга, уюмдарга жана мекемелерге чыгымдардын ордун толтуруп берүү жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен социалдык жардамдын райондук, шаардык бөлүмдөрү аркылуу жүргүзүлсүн. (8-пункттун экинчи абзацы).

1995-жылдын 1-январына чейин балалуу үй-бүлөлөргө жөлөкпулдун туура белгиленишин жана төлөнүшүн, ишканалар, уюмдар жана мекемелер тарабынан ишке ашырылуучу компенсациялык төлөөлөрдү контролдоо Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлигине жана социалдык жардамдын жергиликтүү органдарына жүктөлсүн. (8-пункттун үчүнчү абзацы).

2-мисал:

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 47 "Лицензиялык-уруксат берүү жана контролдоо функцияларын жүзөгө ашыруу боюнча ички иштер органдарынын иши жөнүндө нускаманы жана Кызматтык жана жарандык курал-жаракты, алардын ок-дарыларын колдонууну контролдоо боюнча ички иштер органдарынын иши жана курал-жарак оңдоо устаканаларын ачуунун тартиби тууралуу нускаманы бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кызматтык жана жарандык курал-жаракты, алардын ок-дарыларын колдонууну контролдоо боюнча ички иштер органдарынын иши жана курал-жарак-оңдоо устаканаларын ачуунун тартиби жөнүндө нускамага: (1-пунктчанын биринчи абзацы);

- 3-главанын аталышы "пайдалануусун" деген сөздөн кийин ", берүүсүн" деген сөз менен толукталсын; (1-пунктчанын экинчи абзацы);

- 40-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: (1-пунктчанын үчүнчү абзацы);

"40. Найы сайлуу мергенчилик дүрмөттүү куралды "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган адамдар сатып алуу укугуна ээ.";

2) жогоруда аталган Нускамага 11-тиркемеде: (2-пунктчанын биринчи абзацы);

- "мергенчилик билет" деген сөздөр "мамлекеттик мергенчилик күбөлүк" деген сөздөр менен алмаштырылсын; (2-пунктчанын экинчи абзацы);

- расмий тилдеги текстте "выданный" деген сөз "выданное" деген сөз менен алмаштырылсын. (2-пунктчанын үчүнчү абзацы).

24. Мыйзам алдындагы актылар менен главалардан, параграфтардан, пункттардан, пунктчалардан жана абзацтардан туруучу Эрежелер, жоболор, нускамалар ж.б. бекитилиши мүмкүн.

25. Мыйзам алдындагы актылардын долбоорлорунун мааниси боюнча бири-бирине жакын көлөмдүү пункттары главаларга биригиши мүмкүн.

"Глава" түзүмдүк элементинин аталышы мамлекеттик тилдеги текстте адегенде араб цифрасы менен белгиленет, беттин ортосуна карартылып жазылып чекит коюлат жана аталышы болот.

Главанын аталышы баш тамга менен башталып, карартылып басылат жана аягына чекит белгиси коюлбайт.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 613 токтомунун редакциясына ылайык)

26. Главалар параграфтарга бөлүнүшү мүмкүн. Параграф "§" белгиси менен белгиленет, араб цифралары менен белгиленүүчү катар номери жана параграфтын номерин белгилөө менен бир сапка беттин ортосуна чоң тамгалар менен жазылуучу аталышы болот жана карартылат.

Мисал:

5-глава. Жерге укуктук мамилелер

§ 1. Жерге укуктук мамилелерди укуктук жөнгө салуунун айрым аспектилери жөнүндө

27. Мыйзам алдындагы актылардын долбоорлорунун тиркемелери да болот. Эгер бир нече тиркеме болсо, алар "№" белгисин жазбастан араб цифралары менен номерленет. Актынын текстинде тиркемелерге шилтеме жасалганда да "№" белгиси көрсөтүлбөйт. Тиркеме деген сөз өзүнчө барактын жогорку оң бурчуна жайгаштырылат.

28. Тиркеменин аталышы беттин ортосуна, карартылган шрифт менен, биринчиси баш тамга менен жазылат жана мыйзам алдындагы актынын долбоорунун текстинде келтирилген аталышка шайкеш келиши керек.

Мисал:

1-тиркеме

Кыргыз Республикасынын жарандарына мамлекеттик электрондук кызматтарды көрсөтүү тартиби

29. Ар бир тиркеменин барактары өз алдынча номерленет. Беттердин номерлери барактын төмөнкү оң бурчуна араб цифрасы менен сөздөрдү жана башка символдорду колдонуусуз коюлат.

Тиркеменин тексти таблица түрүндө да болушу мүмкүн, ага 12-өлчөмдөн кем эмес шрифтти пайдаланууга жол берилет. Таблицанын графалары тигинен жайгаштырылат жана аталышы карартылып басылат. Таблицанын саптары туурасынан жайгаштырылат, алардын мазмуну графанын предметине шайкеш келет. Таблицаларда главалар да болушу мүмкүн, алар туурасынан жайгаштырылат, графаларга бөлүнбөйт. Главалар араб цифралары менен белгиленет, аталышы беттин ортосуна карартылып басылат.

Эгер таблица бир беттен ашуун болсо, таблицанын графаларынын аталышы ар бир барактын жогору жагында кайталанууга тийиш.

Мисал:

2-тиркеме

2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук маданиятын көтөрүү концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы

 

п/п

Милдеттер

Чаралар/ Аракеттер

Ишке ашыруу мөөнөттөрү

Күтүлүүчү жыйынтыктар (продукт)

Жооптуу аткаруучулар

1-глава. Укуктук окутууну жана тарбиялоону өнүктүрүү

 

 

30. Мыйзам алдындагы актынын долбооруна тиркелүүчү мыйзам алдындагы актынын долбоорлору жана аларга коштомо документтер "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V "Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык таризделет.

§ 3. Айрым аталыштарды, ченемдик укуктук актыларга шилтемелерди, сөздөрдү жана сөз айкаштарын жазуунун эрежелери

31. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын айрым түрлөрүнүн аталыштары баш тамга менен жазылат: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын кодекстери, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары.

Мисал:

Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

"Туризм жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 "2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы жөнүндө" жарлыгы.

32. Мамлекеттик бийлик органынын расмий аталышы баш тамга менен жазылат (мисалы: Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги).

Эгерде мыйзам алдындагы актылардын долбоорлорунда мамлекеттик органдын (уюмдун) бир нече ирет эскертүүсү камтылса, "...чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" катары көрсөтүү сунушталат (мисалы, билим берүү, саламаттык сактоо, коргоо ж.б. чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган).

Органдардын жана уюмдардын аталышы көптүк түрдө кичине тамга менен жазылат (мисалы: министрликтер жана административдик ведомстволор).

Уюмдун аталышы уюштуруу документтерине жана юридикалык жактардын (филиалдардын, өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестрине ылайык жазылат. (Мисалы: "ЭСК Банк" ачык акционердик коому).

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 613 токтомунун редакциясына ылайык)

33. Мамлекеттик органдардын аталыштары баш тамга менен жазылат:

Мисал:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү;

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты.

34. Кичине тамга менен төмөнкүлөр жазылат:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүмдөрүнүн жана секторлорунун, министрликтердин жана административдик ведомстволордун башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн жана секторлорунун аталыштары (мисалы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмү);

2) убактылуу иштеген комиссиялардын аталыштары (мисалы: ... жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу боюнча комиссия);

3) уюштуруу комитеттеринин, жумушчу топтордун ж.б. аталыштары.

35. Жалгыз кызмат орундарынын аталыштары баш тамга менен жазылат.

Мисал:

Кыргыз Республикасынын Президенти;

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы.

Бирден ашык адам ээлеген кызмат орундун аталышы кичине тамга менен жазылат:

Мисал:

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары;

Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары.

36. Мыйзам алдындагы актынын долбоорунун текстинде даталардын тамгалык-цифралык жазылышы колдонулат.

Макулдашуу барагында жана тиркемелердин таблица формаларында даталарды цифралык жазууга жол берилет.

1-мисал:

2016-жылдын 1-январы;

2016-жылдын IV кварталында;

2015-жылы.

2-мисал:

01.01.2016-ж.

37. Мыйзам алдындагы актынын долбоорунун текстинде акчалай туюнтулуштагы суммалар цифралык формада топторго (үч цифрадан) бөлүштүрүлүп, оңдон солго жазылып, сөз менен милдеттүү түрдө чечмеленет (мисалы: 352121000 (үч жүз элүү эки миллион бир жүз жыйырма бир миң) сом). Чекит же үтүр көп орундуу сандын цифралык топторунун ортосундагы бош жерге коюлбайт.

37-1. Мыйзамдарга бланкеттик шилтемелерди келтирүүгө жол берилбейт (мисалы, "мыйзамдарга ылайык жөнгө салынат").

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 613 токтомунун редакциясына ылайык)

37-2. Мыйзам алдындагы актылардын долбоорунун текстинде өз кезегинде шилтеме болуп саналган башка ченемдик укуктук актылардын ченемдик көрсөтмөлөрүнө шилтеме келтирүүгө жол берилбейт.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 613 токтомунун редакциясына ылайык)

3-глава. Мыйзам алдындагы актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби

38. Мыйзам алдындагы актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү ушул Нускаманын 2-главасында белгиленген эрежелерди эске алуу менен жүзөгө ашырылат. Өзгөртүүлөрдү киргизүү дагы, толуктоолорду киргизүү дагы өзгөртүүлөр деп түшүнүлөт.

Эгерде мыйзам алдындагы актынын долбоору бир нече мыйзам алдындагы актыны өзгөртүүгө багытталса, анда ушундай эле эреже ар бир пунктка карата колдонулат.

Ушул Нускама күчүнө киргенге чейин кабыл алынган мыйзам алдындагы актыларга жана алардын тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүдө, алардын колдонуудагы түзүмдүк таризделиши сакталат.

Мисал:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №119 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 119 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө жободо:

- 15-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ишине коомдук мониторинг жүргүзүү максатында консультативдик-байкоочу орган түрүндөгү, коомдук негизде иштеген Коомдук кеңеш түзүлөт.".

39. Төмөнкүлөр аркылуу мыйзам алдындагы актыларга өзгөртүү киргизилет:

1) түзүмдүк элементти жаңы редакцияда баяндоо;

2) мыйзам алдындагы актыны жаңы түзүмдүк элемент менен толуктоо;

3) түзүмдүк элементтин колдонулушун токтотуу;

4) түзүмдүк элементти сүйлөмдөр, сөздөр жана цифралар менен алмаштыруу жана/же толуктоо;

5) сүйлөмдөрдү, сөздөрдү жана цифраларды алып салуу;

6) мыйзам алдындагы актынын тиркемесин өзгөртүү жана/же толуктоо.

40. Мыйзам алдындагы актыга өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам алдындагы актынын долбоорунун аталышы кичине тамгалар менен, беттин ортосунда, карартылып, баш тамга менен жазылат. Мында өзгөртүүлөр киргизилүүчү мыйзам алдындагы актынын түрү, аталышы, кол коюу датасы жана каттоо номери көрсөтүлөт.

Мисал:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Бир нече мыйзам алдындагы актыга өзгөртүүлөрдү киргизүүдө мыйзам алдындагы актынын долбоорунун аталышы ушул пункттун биринчи абзацында белгиленген шрифтке жана жайгашуусуна талаптарды сактоо менен таризделет жана өзгөртүлүүчү мыйзам алдындагы актылардын жөнгө салуу чөйрөсүнө же болбосо өзгөртүүлөрдү киргизүү максатына көрсөтмөсү болушу керек.

1-мисал:

"Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

2-мисал:

Жер пайдалануу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

3-мисал:

Аткаруучулук тартиптин жоопкерчилигин көтөрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

41. Түзөтүүлөр негизги мыйзам алдындагы актыга киргизилет. Мыйзам алдындагы актынын түзүмдүк элементтерин өзгөртүү аркылуу негизги актыга өзгөртүүнү караган түзөтүүгө жол берилбейт. Мыйзам алдындагы актыга өзгөртүүлөрдү киргизүүдө анын түрү, аталышы, кол коюу датасы жана каттоо номери көрсөтүлөт.

Мисал:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-сентябрындагы № 404 "Билим берүү мекемелеринин болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

42. Мыйзам алдындагы актылардын тиркемелерине (нускамалар, жоболор, эрежелер, тартиптер ж.б.) өзгөртүүлөрдү киргизүүдө адегенде аларды бекиткен негизги мыйзам алдындагы актыга, андан кийин тиркемелердин өзүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү тексти көрсөтүлөт.

Мисал:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 30-декабрындагы № 865 "Банкроттонуу ишинин жол-жобосун колдонуу тартиби жөнүндө Эрежелерди бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банкроттонуу ишинин жол-жобосун колдонуу тартиби жөнүндө эрежелерде:

Ушундай эле эреже мыйзам алдындагы акты менен бекитилген башка тиркемелерге карата да колдонулат.

1-мисал:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-сентябрындагы № 404 "Билим берүү мекемелеринин болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

аталган токтомго 2-тиркеме ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

2-мисал:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-апрелиндеги № 150 "Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө сүйлөшүүлөр боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталган токтомго 2-тиркеме ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

Бир мыйзам алдындагы акты менен бекитилген бир нече тиркемеге өзгөртүүлөрдү киргизүүдө ар бир тиркемеге өзгөртүү киргизүү өзүнчө пунктча менен таризделет.

Мисал:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-декабрындагы № 834 "Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоонун тартиби жөнүндө жободо:

- 80-пункттагы ", жер астындагы сууларды алуунун" деген сөздөр алып салынсын;

- расмий тилдеги текстинин 83-пунктундагы "не" деген сөз "на" деген сөз менен алмаштырылсын;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жободо:

- 6-пункттун 3-пунктчасынын биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3) аймагында жер казынасын пайдалануунун объекти жайгашкан административдик-аймактык бирдиктин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдарынын башчылары. Ошол эле учурда төмөнкү адамдар конкурстук комиссиянын мүчөлөрү боло алышпайт:";

3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жер казынасын пайдалануу укугуна аукцион өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жободо:

- 18-пункттун биринчи абзацы "апробацияланган" деген сөздөн кийин "жана эсепке алынган" деген сөздөр менен толукталсын;

- 22-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- жер казынасын пайдалануу укугун алууга арыз ээлери менен түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;".

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 613 токтомунун редакциясына ылайык)

43. Бир нече мыйзам алдындагы актыга өзгөртүүлөрдү киргизүүдө ар бир өзгөртүлүүчү акты, өзүнчө пункт менен таризделет, номерлери бири бирине улап коюлат. Мында өзгөртүүлөр кабыл алуу датасына жараша мурунку актыдан баштап улам кийинки актыга, даталар бирдей болуп калса, каттоо номерине ылайык киргизилет.

Мисал:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 116 "Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Энергетика жана өнөр жай министрлиги жөнүндө жободо:

- 18-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 118 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө жободо:

16-пунктундагы - "иштейт" деген сөз "түзүлөт" деген сөз менен алмаштырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 121 "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги жөнүндө жободо:

- 15-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 5-абзац менен толукталсын:

"Министрликтин ишине коомдук мониторинг жүргүзүү максатында консультативдик-байкоочу орган түрүндөгү, коомдук негизде иштеген Коомдук кеңеш түзүлөт.".

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 236 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жөнүндө жободо:

- 20-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"20. Министрликтин ишине коомдук мониторинг жүргүзүү максатында консультативдик-байкоочу орган түрүндөгү, коомдук негизде иштеген Коомдук кеңеш түзүлөт.".

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 613 токтомунун редакциясына ылайык)

44. Эгерде түзүмдүк элементтин колдонуудагы редакциясына киргизилүүчү өзгөртүүлөрдүн жана (же) толуктоолордун саны тексттин жарымынан ашыгын түзсө же болбосо айрым өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүүнү баяндоо же кабылдоо үчүн техникалык жактан татаал болсо, ошондой эле ушул Нускаманын 54-пунктунда каралган учурлардан тышкары мыйзам алдындагы актынын түзүмдүк элементтеринин тексттери мамлекеттик жана расмий тилдерде бирдей болуусун камсыздоо зарыл болгондо түзүмдүк элемент жаңы редакцияда баяндалат.

Түзүмдүк элементти жаңы редакцияда баяндоодо бул редакциянын тексти тырмакчага алынат жана бардык зарыл болгон цифралык, тамга белгилерин жана символдорун камтышы керек.

Мисал:

- 25-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"25. Иши каралган адам чечимге административдик иштер жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте даттанууга укуктуу.".

45. Мыйзам алдындагы актынын бир нече бири биринен кийин келүүчү жаңы редакциядагы түзүмдүк элементтерин баяндоодо, жаңы редакциядагы текст тырмакчага алынат жана бардык зарыл болгон цифралык, тамга белгилерин жана символдорун камтышы керек.

Мисал:

- 10-пункттун экинчи-алтынчы абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Өтүнүчкө, төмөнкүдөй документтер же алардын көчүрмөлөрү болгон учурда кошо тиркелет:

- өзгөчө кырдаал абалы киргизилген же куралдуу кагылыштар, жапырт баш аламандык, экологиялык коогалаң болгон аймакта жарандын туруктуу жашаган фактысын ырастоочу документтер;

- туулгандыгы тууралуу күбөлүк - жашы он алтыга жете электер үчүн;

- никеге туруу же ажырашуу жөнүндө күбөлүк;

- пенсиялык күбөлүк.".

46. Мыйзам алдындагы актыны жаңы түзүмдүк элемент менен толуктоодо толукталуучу түзүмдүк элементтин тексти тырмакчага алынат жана бардык зарыл болгон цифралык, тамга белгилерин жана символдорун камтышы керек. Эгерде түзүмдүк элемент мурда болгон түзүмдүк элементтин чегинде толукталып жатса, анда толуктоочу түзүмдүк элемент мурдагы номерлөөнүн же тамга белгилеринин тартибин бузбашы керек жана негизги цифралык белгилердин үстүндө жайгаштырылуучу кошумча цифралар же тамга белгилери менен белгиленет.

Мыйзам алдындагы актыны колдонуудагы номерлөөнүн же тамга белгилеринин аягында түзүмдүк элемент менен толуктоодо, мындай номерлөө же тамга белгилери улантылат.

Мыйзам алдындагы актынын түзүмдүк элементтерин жаңы абзацтар менен толуктоодо, алар ушул түзүмдүк элементтин тизмесинин бөлүгү болуп калат жана өз алдынча мааниге ээ болбойт, толукталуучу абзацтар аягына улантылат. Мындай зарыл кезде тыныш белгилерин алмаштыруу мыйзам алдындагы актынын учурдагы редакциясын даярдоо мезгилинде жүзөгө ашырылат (мыйзам алдындагы актынын долбоорунун текстинде эскертпестен). Бул эрежеден өзгөчө учур болуп, колдонуудагы түзүмдүк элементтердин логикалык байланышын сактоо үчүн жаңы абзацты киргизүү зарылдыгы саналат.

Түзүмдүк элементтин биринчи абзацы болуп, түзүмдүк элемент башталган, анын курамында болгон абзац эсептелет. Мында күчүн жоготту деп таанылган абзацтар кийинки эсептөөдө эске алынат.

Мисал:

- 15-пункт төмөнкүдөй мазмундагы "в-1" пунктчасы менен толукталсын:

"в-1) ачыктык;".

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 613 токтомунун редакциясына ылайык)

47. Мыйзам алдындагы актынын түзүмдүк элементине өзгөртүүлөрдү киргизүүдө өзгөртүлүүчү түзүмдүк элементке шилтемелер кичинесинен баштап таризделет. Сүйлөмдөргө өзгөртүүлөрдү киргизүүдө ушундай эле эрежелер колдонулат.

1-мисал:

- 9-пункттун "а" пунктчасынын бешинчи абзацында "ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2-мисал:

- 3-пункттун экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Коомдук компаниянын жылдык отчетунун кыска баяндамасы жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууга тийиш.".

48. Мыйзам алдындагы актынын түзүмдүк элементин сөздөр же цифралар менен толуктоодо, толуктоого чейинки сөздөр жана цифралар, ошондой эле толукталуучу сөздөр жана цифралар тырмакчага алынат. Бул учурда бардык зарыл болгон цифралык, тамга белгилери жана символдору эске алынышы керек.

1-мисал:

- 138-пункт "тапшырма жөнөтөт" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борборуна (мындан ары - Борбор) же" деген сөздөр менен толукталсын.

2-мисал:

- 3-пунктунун "а"-пунктчасы "ичинде" деген сөздөн кийин "5" деген цифра менен толукталсын.

48-1. Мыйзам алдындагы актынын түзүмдүк элементин сүйлөмдүн башында жайгашкан сөздөр же сандар менен толуктоо учурунда, алардын алдында толуктоого сунушталган сөздөр же сандар көрсөтүлөт.

"

Мисал:

- 3-пункту "тартиби, формасы жана каттоо" деген сөздөргө чейин "мөөнөттөрү, шарттары" деген сөздөр менен толукталсын";

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 613 токтомунун редакциясына ылайык)

49. Мыйзам алдындагы актынын түзүмдүк элементине бир нече өзгөртүүлөрдү киргизүүдө ар бир өзгөртүү абзац, кичине тамгалар менен таризделет жана акыркы өзгөртүүдөн тышкаркысы ";" деген белги менен аяктайт. Мында биринчи абзац "-" белгиси менен башталат.

Мисал:

- 1-пунктта:

төмөнкүдөй мазмундагы биринчи абзац менен толукталсын:

"Ушул Кыргыз Республикасынын жаранын аргасыз мигрант деп таануу жөнүндө жобо (андан ары - Жобо) "Ички миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын жаранын аргасыз мигрант деп таануу, ошондой эле аргасыз мигрант статусун токтотуу жөнүндө өтүнүчтөрдү кароо жана чечимди кабыл алуу тартибин аныктайт.";

"в" пунктчасындагы "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги" деген сөздөр "коргоо, ички иштер жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 613 токтомунун редакциясына ылайык)

49-1. Мыйзам алдындагы актыларга жалпылаштырылган түрдө өзгөртүүлөрдү (анын ичинде "мыйзам алдындагы актынын бүткүл тексти боюнча" деген туюндурманы пайдалануу менен сөздөрдү алмаштырууга) киргизүүгө жол берилбейт.

Эгерде түзүмдүк элементтин текстинде бир эле алмаштырылуучу сөз же сөздөр баш же кичине тамга менен башталса; алардан кийин (алардын астында) белгилүү тыныш белгисин коюу же алып салуу талап кылынса ж.б., анда ар бир каралуучу өзгөртүү конкреттүү контексти менен макулдашылууга тийиш.

Мында, ар бир өзгөртүү конкреттүү түзүмдүк элементти көрсөтүү менен бирге өзүнчө жол-жоболоштурулууга тийиш.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 613 токтомунун редакциясына ылайык)

49-2. Эгерде мыйзам алдындагы актыда же анын түзүмдүк элементинде бир нече учурларда сөздү же сөздөрдү алмаштырууга туура келсе жана алмаштырылуучу сөз же сөздөр ар кандай сандарда жана жөндөмөлөрдө же болбосо ошол эле санда, бирок ар кандай жөндөмөлөрдө пайдаланылса, жана башка өзгөртүүлөр киргизилбесе, анда төмөнкүдөй туюнтма колдонулат:

Мисал:

10-пунктундагы түрдүү жөндөмөдөгү "социалдык коргоо башкармалыгы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "аймактык бөлүм" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

же

2 жана 10-пункттарындагы түрдүү жөндөмөдөгү "мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо боюнча" жана "акчалай компенсацияларды дайындоо боюнча бөлүм" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "дайындоо боюнча бөлүм" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 613 токтомунун редакциясына ылайык)

50. Түзүмдүк элементти күчүн жоготту деп таанууда, мурдагы номерлөөнү кайра эсептөө жүргүзүлбөйт, ал эми күчүн жоготту деп таанылган түзүмдүк элемент болсо кийин эсепке алынат.

Мисал:

- 4-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.

51. Мыйзам алдындагы актынын бир нече түзүмдүк элементтерин күчүн жоготту деп таанууда, алар мыйзам алдындагы актынын долбоорунда бир түзүмдүк элемент болуп таризделет.

Мисал:

- 4-пунктунун "а"-пунктчасынын биринчи абзацы, 4-пункттун "б"-пунктчасы жана 10-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.

52. Мыйзам алдындагы актынын түзүмдүк элементинин сүйлөмүн алып салууда бул сүйлөмдүн катар номери эсептелет, ал курамына ушул сүйлөм кирген түзүмдүк элементке катар жазуу менен көрсөтүлөт.

Мисал:

- 4-пункттун экинчи сүйлөмү алып салынсын.

53. Мыйзам алдындагы актынын түзүмдүк элементтеринин сөздөрүн жана цифраларын алып салууда, алар бардык зарыл болгон цифралык, тамга белгилерин жана символдорун эске алуу менен тырмакчага алынат. Эгер алып салынуучу сөздөр же цифралар өзгөртүлүүчү түзүмдүк элементтин алкагында кайталанса, алып салынуучу сөздөрдүн жана цифралардын алдындагы сөздөр көрсөтүлөт.

1-мисал:

- 2-пункттун "а"-пунктчасындагы ", Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген" деген сөздөр алып салынсын.

2-мисал:

- 15-пункттагы "берилет" деген сөздөн мурдагы "5 жумушчу күндүн ичинде" деген сөздөр алып салынсын.

54. Мыйзам алдындагы актылардын таблица формаларына өзгөртүүлөрдү киргизүүдө өзгөртүү киргизилип жаткан графанын (тигинен жайгашат) жана саптын (туурасынан жайгашат) аталышы көрсөтүлөт.

1-мисал:

- 55-пункттун "Өкмөттүн Аппаратына долбоорду киргизүү мөөнөтү" графасында "III" деген цифра "IV" деген цифрага алмаштырылсын.

2-мисал:

- 2.1.3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

2.1.3

Дары-дармек каражаттарына бааларды жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга талдоо жүргүзүү

Саламаттык сактоо министрлиги

2017-жылдын I кварталы

 

 

55. Түзүмдүк элементтери өз алдынча номерленген главаларга таблица формасындагы бөлүнүштөр болгондо (аталышы жана/же цифралык белгилениши бар, графаларга бөлүнбөстөн туурасынан жайгаштырылган) тиешелүү глава дагы көрсөтүлөт.

Мисал:

- "Коррупцияга каршы саясат" деген 1-главанын "Жооптуу аткаруучу" графасынын 4.2-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги" деген сөздөр алып салынсын.

56. Схема түрүндө сүрөттөрдү өзгөртүүдө, алар жаңы редакцияда баяндалууга тийиш. Мыйзам алдындагы актынын тиркемесин таблица формасында же схема түрүндөгү, жаңы редакцияда баяндоодо, мындай редакция ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам алдындагы актынын долбооруна тиркеме болуп саналат жана мыйзам алдындагы актынын долбоорунун текстине киргизилбейт.

1-мисал:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2-мисал:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2009-2011-жылдарга Кыргыз Республикасында Коррупцияга каршы күрөшүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

 

4-глава. Мыйзам алдындагы актылардын колдонулушун токтотуу

57. Мыйзам алдындагы актынын (анын түзүмдүк элементинин) колдонулушун токтотуу мыйзам алдындагы актынын (түзүмдүк элемент) юридикалык күчүн жоготконун билдирет.

58. Мыйзам алдындагы актынын күчүн жоготту деп таануу, эгер мыйзам алдындагы актыда күчүн жоготту деп таануу жөнүндө башкача каралбаса, бул мыйзам алдындагы акты же анын түзүмдүк элементи күчүн жоготту деп таанылган мыйзам алдындагы акты күчүнө кирген күндөн тартып колдонулушун токтотот дегенди билдирет.

59. Тиешелүү мыйзам алдындагы актыны күчүн жоготту деп таануу жөнүндө мыйзам алдындагы актынын долбоорунун аталышы, колдонулушу токтотулууга тийиш болгон мыйзам алдындагы актынын түрүн, анын аталышын, кабыл алуу датасын жана каттоо номерин көрсөтүүсү керек.

Эки же андан ашуун мыйзам алдындагы актынын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө мыйзам алдындагы актынын долбоорунун аталышы тиешелүү ченем жаратуучу органдардын тиешелүү чөйрөдөгү же максаттагы айрым чечимдери күчүн жоготту деп таанылышына көрсөтмөнү камтуусу керек.

1-мисал:

Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-апрелиндеги № 260 "Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келүүчү буудай унуна сезондуу ташып келүү (импорттук) бажы алымынын ставкасын белгилөө жөнүндө" токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу

 

2-мисал:

Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо ишин пландоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

60. Мыйзам алдындагы актылар күчүн жоготту деп таанылып жаткан мыйзам алдындагы актынын долбоору төмөнкүлөрдү камтышы керек:

1) толугу менен күчүн жоготту деп таанууга жаткан мыйзам алдындагы актылар, мында айрым позициялары менен негизги мыйзам алдындагы акты, ошондой эле негизги мыйзам алдындагы актылардын текстине мурда өзгөртүү киргизилген бардык мыйзам алдындагы актылар көрсөтүлөт;

Мисал:

1. Күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 11-мартындагы № 127 "Банкроттук боюнча ведомстволор аралык кеңеш жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-январындагы № 41 "Банкроттук боюнча ведомстволор аралык кеңеш жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 11-мартындагы № 127 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-июнундагы № 420 "Банкроттук боюнча ведомстволор аралык кеңеш жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 11-мартындагы № 127 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому.

2) жарым-жартылай күчүн жоготту деп таанууга жаткан мыйзам алдындагы актылар, мында өзүнчө позиция менен мыйзам алдындагы актынын түзүмдүк элементинин өзү, ошондой эле ушул түзүмдүк элементтин текстине мурда өзгөртүүлөр киргизилген бардык мыйзам алдындагы актылар көрсөтүлөт.

Мисал:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдерин "Мамлекеттик статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 21-ноябрындагы № 809 "2007-жылга Кыргыз Республикасындагы статистикалык иштердин программасы жөнүндө" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомунун 68-пункту.

61. Күчүн жоготту деп таанылууга жаткан мыйзам алдындагы актылар тизмеси төмөнкүдөй түрдө таризделиши мүмкүн:

1) жаңы коомдук мамилелерди жөнгө салууну белгилеген мыйзам алдындагы актынын долбоорунда өзүнчө түзүмдүк элемент (пункт) менен;

2) мыйзам алдындагы актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана айрым мыйзам алдындагы актыларды күчүн жоготту деп таануу жөнүндө мыйзам алдындагы актынын долбоорунда өзүнчө түзүмдүк элемент (пункт) менен;

3) бир катар мыйзам алдындагы актыны же бир мыйзам алдындагы актыны күчүн жоготту деп тааныган мыйзам алдындагы актынын өзүнчө долбоору менен.

62. Күчүн жоготту деп таанылууга жаткан мыйзам алдындагы актылардын тизмесине мыйзам алдындагы актыны киргизүүдө реквизиттер төмөнкүдөй ирет менен көрсөтүлөт: мыйзам алдындагы актынын түрү жана аталышы, кабыл алынган датасы, каттоо номери.

63. Мыйзам алдындагы актынын өзүндө көрсөтүлгөн конкреттүү мөөнөткө эсептелген мыйзам алдындагы актынын аракетин токтотуу үчүн кошумча мыйзам алдындагы акты кабыл алынышы мүмкүн эмес.

64. Ар бир мыйзам алдындагы акты күчүн жоготту деп таанылууга жатуучу мыйзам алдындагы актылар тизмесине өзүнчө түзүмдүк элемент катары киргизилет.

65. Күчүн жоготту деп таанылууга жатуучу мыйзам алдындагы актылардын тизмесинде мыйзам алдындагы актылар хронологиялык тартипте (кабыл алынган датасы боюнча) жайгаштырылат. Бир эле датада кабыл алынган мыйзам алдындагы актылар өсүү тартибинде каттоо номерлерине жараша жайгаштырылат.

Мисал:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 2-ноябрындагы № 532 "Эл аралык практикада кабыл алынган эсепке алуу жана статистика системасына Кыргыз Республикасынын өтүшүнүн Мамлекеттик Программасын ишке ашыруу боюнча Ведомстволор аралык комиссия жөнүндө Жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 17-майындагы № 214 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 6-февралындагы № 28 "Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин 1995-жылга статистикалык иштеринин Программасын бекитүү жөнүндө" токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 6-сентябрыгдагы № 376 "Кыргыз Республикасынын эл аралык практикада кабыл алынган рынок экономикасын өнүктүрүүнүн талаптарына ылайык эсеп системасына жана статистикасына өтүшүнүн мамлекеттик программасын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө" токтому;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 20-декабрындагы № 551 "1996-жылга статистикалык иштердин программасын бекитүү жөнүндө" токтому;

5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 27-августундагы № 407 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 6-сентябрындагы № 376 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын эл аралык практикада кабыл алынган эсепке алуу жана статистика системасына өтүү мамлекеттик программасынын иш-чараларын министрликтердин, административдик ведомстволордун ишке ашырууларынын жүрүшү жөнүндө" токтому.

66. Зарыл болгондо күчүн жоготту деп таанылууга жаткан мыйзам алдындагы актылардын бир тизмесинде ар кандай даталарды белгилөө керек, ушул учурдан тартып мыйзам алдындагы актылар күчүн жоготту деп таанылат, тизме күчүн жоготкон күнгө (мөөнөткө) ылайык түзүлүүчү түзүмдүк элементтерге бөлүнөт.

Мисал:

1. Расмий жарыяланган күндөн тартып күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 21-июлундагы № 480 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин ишке ашыруу боюнча негизги иш-чаралар жөнүндө" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 29-февралындагы № 111 "2000-2001-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргызстан кесиптик бирликтер Федерациясынын жана иш берүүчүлөрдүн республикалык бирикмесинин ортосундагы Башкы макулдашуу жөнүндө" токтому.

2. 2012-жылдын 1-октябрынан тартып жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 29-февралындагы № 111 "2000-2001-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргызстан кесиптик бирликтер Федерациясынын жана иш берүүчүлөрдүн республикалык бирикмесинин ортосундагы Башкы макулдашуу жөнүндө" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 27-сентябрындагы № 720 "Айыл калкын 2010-жылга чейин социалдык өнүктүрүү, социалдык мобилизациялоо жана адамдык потенциалды күчөтүү" чараларынын пакетин бекитүү жөнүндө" токтому.

67. Эгерде мыйзам алдындагы актыда калгандарынын баары күчүн жоготкондон кийин бир түзүмдүк элемент калса жана ал күчүн жоготту деп таанылууга жатса, анда мыйзам алдындагы акты толугу менен күчүн жоготту деп таанылат.

68. Эгерде мыйзам алдындагы актыда алар менен мурда чыгарылган мыйзам алдындагы актылар күчүн жоготту деп таанылган түзүмдүк элементтер болсо, анда бул мыйзам алдындагы актыны күчүн жоготту деп таануу зарыл болгондо, ал өзүндө мындай түзүмдүк элементтердин бар экендигине карабастан толугу менен күчүн жоготту деп таанылат.

69. Эгерде күчүн жоготту деп таанылууга жатуучу мыйзам алдындагы актынын түзүмдүк элементи күчүн жоготууга жаткан тиркемеге көрсөтмөнү камтыса, анда күчүн жоготту деп таанылууга жатуучу мыйзам алдындагы актылардын тизмесине тиркемени көрсөтпөстөн ошол түзүмдүк элемент гана киргизилет.

70. Эгерде тиркеме толугу менен күчүн жоготту деп таанылууга мүмкүн болбосо, анда күчүн жоготту деп таанылууга жатуучу мыйзам алдындагы актылардын тизмесине тиркеменин түзүмдүк элементтери гана киргизилет.

Мисал:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-февралындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик объектилеринин мамлекеттик реестрлери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик объектилеринин мамлекеттик реестрлери жөнүндө жобонун 1-тиркемесинин 6-пунктунун бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

 

5-глава. Коштомо документтердин таризделишине талаптар

§ 1. Негиздеме маалымкат

71. Мыйзам алдындагы актынын долбооруна негиздеме маалымкатта (мындан ары - маалымкат) төмөнкүдөй бөлүмдөр болууга тийиш:

1) долбоордун максаты жана милдеттери;

2) баяндоочу бөлүк;

3) мүмкүн болуучу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттердин божомолдору;

4) коомдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат (зарыл болгон учурда);

5) долбоордун мыйзамдарга шайкеш келүүсүнө талдоо;

6) каржылоо зарылдыгы жана булактары жөнүндө маалымат;

7) жөнгө салуучулук таасирине талдоо жүргүзүү жөнүндө маалымат (зарыл болгон учурда).

Аталган түзүмдүк элементтердин мазмунуна иштеп чыккан орган жооптуу болот.

72. Маалымкаттын бөлүмдөрү:

1) араб цифралары менен белгиленет;

2) ушул Нускаманын 71-пунктунун 1-7-пунктчаларында белгиленген аталыштары болот;

3) баш тамга менен башталат;

4) карартылган шрифт менен басылат;

5) сол четине карай түздөлөт.

Мисал:

4. Коомдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат

73. Маалымкаттын аталышы беттин ортосуна, карартылган шрифт, кичине тамгалар менен жазылып, баш аталышы кийинки сапка беттин ортосуна, карартылган шрифт, чоң тамгалар менен жазылат.

(Абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 613 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

Мисал:

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбооруна
НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМКАТ

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 613 токтомунун редакциясына ылайык)

74. Мыйзам алдындагы актынын долбоорунун максаты ачык жана так болуп, бул долбоорду кабыл алуу аркылуу жетишиле турган акыркы натыйжа көрсөтүлүшү керек.

Мисал:

1. Максат жана милдет

Ушул токтомдун долбоорунун максаты жана милдети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогоруда аталган токтому менен бекитилген Салык карызын өндүрүүнүн тартиби жөнүндө жобону Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарына шайкеш келтирүү болуп саналат.

75. Баяндоочу бөлүк мыйзам алдындагы актыны кабыл алуунун негиздерин, учурдагы кырдаалга талдоону, аны өзгөртүү зарылдыгын жана жолдорун, ошондой эле жөнгө салуунун ушул чөйрөсүндө колдонуудагы мыйзамдарды ар тараптуу изилдөөнү көрсөткөн ченемдик укуктук базага талдоону камтышы керек. Баяндоочу бөлүк зарыл болгон статистикалык маалыматтарды, ошондой эле графиктик сүрөттөлүштөрдү да камтышы мүмкүн.

Негизделип жаткан мыйзам алдындагы актынын долбоору кабыл алынган учурда, башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү же жаңы ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу зарылдыгы болгондо ушул маалымат баяндоочу бөлүктө дагы чагылдырылышы керек.

Мисал:

2. Баяндоочу бөлүк

2009-жылы "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясын кабыл алуу менен мыйзамдардын жеткилең иштелбей калышын жана ведомстволук кызыкчылыктарды лоббирлөөнү болтурбас максатында министрликтер жана ведомстволор ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу укугуна ээ болгон субъектилерден чыгарылган.

Ошол эле учурда аталган ченемдик укуктук актынын 8-беренесинде ченем жаратуу органдары ишкердикти жөнгө салуу чөйрөсүн кошпогондо, өзүнүн ченем жаратуучулук ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүгө укуктуу экендиги айтылган.

Ошентип, Мыйзам ченем жаратуу субъектилерине башка мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын даярдыгын жеке баалоосунун негизинде тиешелүү чектерди аныктоо менен өзүнүн ченем жаратуучулук ыйгарым укуктарын өткөрүүгө жол берген.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 10-июнундагы № 246 буйругу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуучу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жана анын механизмдерин аныктоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин иштеп чыгуу маселеси боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн.

Ошентип, министрликтердин жана ведомстволордун өздөрүнүн сунуштарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иштин тиешелүү чөйрөсүндөгү ченем жаратуучу ыйгарым укуктарын айрым мамлекеттик органдарга өткөрүп берүүнүн бекитилишин жана мындай өткөрүп берүү Тартибинин бекитилишин караган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул токтом долбоору даярдалган.

Бул токтом долбоорун кабыл алуу башка ченемдик укуктук актыларга оңдоолорду киргизүү зарылдыгына алып келбейт.

76. Мүмкүн болуучу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттердин божомолдору мыйзам алдындагы актынын долбоору кабыл алынган учурда анын келечекте коомдук-укуктук турмуштун көрсөтүлгөн чөйрөсүнө таасирине талдоо жүргүзүүнүн натыйжасын көрсөтүшү керек.

Мисал:

3. Мүмкүн болуучу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттердин божомолдору

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул токтом долбоорун кабыл алуу терс социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.

77. Коомдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат ченем жаратуучу органдын расмий сайтында мыйзам алдындагы актынын долбоорун жайгаштыруу датасын, ошондой эле келтирилген сунуштардын коомдук талкуусунун, түшкөн сунуштардын жыйынтыктарын аларды эсепке алуу же эсепке албоо негиздемеси менен өзүнө камтышы керек.

Мисал:

4. Коомдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат

"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул токтом долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтына 2015-жылдын 18-майында коомдук талкуулоо жол-жобосунан өтүү үчүн жайгаштырылган. Коомдук талкуунун жыйынтыктары боюнча сунуштар жана сын-пикирлер келип түшкөн жок.

78. Мыйзам алдындагы актынын долбоорунун мыйзамдарга шайкеш келишине талдоо жүргүзүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди иликтеп-үйрөнүү жана изилденген актыларга мыйзам алдындагы актынын долбоорунун коллизиялары жана карама-каршылыктары жок экендиги тууралуу маалыматты камтышы керек.

Мисал:

5. Долбоордун мыйзамдарга шайкеш келишине талдоо жүргүзүү

Берилген долбоор колдонуудагы мыйзамдардын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине карама-каршы келбейт.

79. Ишке ашыруу мамлекеттик бюджеттен каржылоого алып келген мыйзам алдындагы актылар, алар боюнча каржылоо булактары аныкталмайын кабыл алынбайт. Республикалык бюджеттен каржылоо зарылдыгы же мындай зарылчылыктын жоктугу тууралуу маалымат маалымкатта чагылдырылышы керек.

Мисал:

6. Каржылоо зарылдыгы жөнүндө маалымат

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул токтом долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча финансылык сарптоолорго алып келбейт.

80. Ишкердикти жөнгө салууга багытталган мыйзам алдындагы актылардын долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен методикага ылайык жөнгө салуучулук таасири талдоого алынууга тийиш. Жөнгө салуучулук таасири талдоого алынгандыгы тууралуу маалымат маалымкатта чагылдырылат.

Мисал:

7. Жөнгө салуучулук таасирин талдоо жөнүндө маалымат

Берилген долбоор жөнгө салуучулук таасирине талдоо жүргүзүүнү талап кылбайт, анткени ишкердикти жөнгө салууга багытталган эмес.

 

§ 2. Салыштырма таблица

81. Ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзам алдындагы актынын долбооруна салыштырма таблица тиркелет.

82. Салыштырма таблицанын аталышы баш тамга менен башталып, беттин ортосуна, карартылган шрифт, кичине тамгалар менен жазылат. Андан кийин баш аталышы кийинки сапка беттин ортосуна, карартылып, кичине тамгалар менен жазылат.

Мисал:

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбооруна

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 613 токтомунун редакциясына ылайык)

83. Салыштырма таблица "Колдонулуудагы редакция" жана "Сунушталган редакция" деп аталган эки мамычадан турат, баш тамга менен башталып, карартылган шрифт менен жазылып, ар бир мамычанын ортосунда жайгаштырылат.

Мисал:

Колдонулуудагы редакция

Сунушталган редакция

 

 

 

 

84. Мыйзам алдындагы актыны жаңы түзүмдүк элемент же сүйлөм менен толуктоодо "Сунушталган редакция" деген мамычада көрсөтүлгөн элемент карартылган шрифт менен жазылат.

Мисал:

 

Колдонулуудагы редакция

Сунушталган редакция

7. Жаран, аны аргасыз мигрант деп таануу үчүн, экологиялык катастрофа, айлана-чөйрөнүн кескин начарлашынын, күтүлбөгөн кырсыктардын, чоң кыйроолордун, куралдуу кагылыштардын же массалык баш-аламандыктардын себебинен өзүнүн жашаган жерин таштап кеткенден беш жумушчу күндүн ичинде өзү же ишенимдүү өкүлү аркылуу белгиленген формадагы расмий өтүнүч менен (1-тиркеме) өзүнүн жаңы келген жериндеги миграциялык кызмат органдарына кайрылууга милдеттүү.

7. Жаран, аны аргасыз мигрант деп таануу үчүн, экологиялык катастрофа, айлана-чөйрөнүн кескин начарлашынын, күтүлбөгөн кырсыктардын, чоң кыйроолордун, куралдуу кагылыштардын же массалык баш-аламандыктардын себебинен өзүнүн жашаган жерин таштап кеткенден беш жумушчу күндүн ичинде өзү же ишенимдүү өкүлү аркылуу белгиленген формадагы расмий өтүнүч менен (1-тиркеме) өзүнүн жаңы келген жериндеги миграциялык кызмат органдарына кайрылууга милдеттүү.

 

7-1. Жүйөлүү себептери бар жаранга миграциялык кызмат органы жогорудагы өтүнүч менен кайрылуу үчүн мөөнөттөрдү узартышы мүмкүн.

85. Түзүмдүк элементти күчүн жоготту деп таанууда күчүн жоготту деп таанылган түзүмдүк элемент "Колдонулуудагы редакция" мамычасында чийилип көрсөтүлөт, ал эми "Сунушталган редакция" мамычасында бул элемент күчүн жоготкону көрсөтүлөт.

Мисал:

 

Колдонулуудагы редакция

Сунушталган редакция

4. Жаран, аны аргасыз мигрант деп таануу үчүн Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши "Өзгөчө кырдаал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын негизинде өзгөчө кырдаалды киргизүү жөнүндө чечимин же алардын өмүрү, саламаттыгы жана коопсуздугу үчүн коркунуч туудурган жерлерден жарандарды көчүрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимин кабыл алуусу миграция кызматынын органдарына кайрылууга негизи болуп  саналат.

Күчүн жоготту деп таанылды

86. Түзүмдүк элемент же сүйлөм эки мамычада тең жаңы редакцияда бериле турган болсо, бул элемент эки мамычада тең карартылган шрифт менен жазылат.

Мисал:

 

Колдонулуудагы редакция

Сунушталган редакция

5.2.4. Айрым көргөзмөлөрдө министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, мамлекеттик комиссиялар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коллективдүү уюштуруучулар боло алат, бул учурда алар көргөзмөнүн "тең уюштуруучулары" деп аталышат.

5.2.4. Айрым көргөзмөлөрдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коллективдүү уюштуруучулар боло алышат, бул учурда алар көргөзмөнүн "тең уюштуруучулары" деп аталышат.

87. Эки мамычадагы сүйлөмдөрдү, сөздөрдү жана цифраларды алмаштырууда сүйлөмдөр, сөздөр жана цифралар карартылган шрифт менен жазылат.

Мисал:

 

Колдонулуудагы редакция

Сунушталган редакция

3. Аргасыз мигранттардын документтери менен иштөө жана алардын эсебин жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Миграциялык кызмат департаменти бекитүүчү Нускама менен аныкталат.

3. Аргасыз мигранттардын документтери менен иштөө жана алардын эсебин жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү Нускама менен аныкталат.

88. Түзүмдүк элементтерди жаңы сүйлөмдөр, сөздөр же цифралар менен толуктоодо "Сунушталуучу редакция" мамычасында бул сүйлөмдөр, сөздөр же цифралар карартылган шрифт менен жазылат.

Мисал:

 

Колдонулуудагы редакция

Сунушталган редакция

13.2. Бүткүл дүйнөлүк жана ири эл аралык көргөзмөлөргө Кыргыз Республикасынын катышуусуна байланыштуу чыгымдар демөөрчүлүк каражаттарды, экспоненттердин каражатын жана башка булактарды тартуу менен каралат.

13.2. Бүткүл дүйнөлүк жана ири эл аралык көргөзмөлөргө Кыргыз Республикасынын катышуусуна байланыштуу чыгымдар демөөрчүлүк каражаттарды, экспоненттердин каражатын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактарды тартуу менен каралат.

89. "Сунушталуучу редакция" мамычасында сүйлөмдөрдү, сөздөрдү жана цифраларды алып  салууда, бул сүйлөмдөр, сөздөр же цифралар карартылган шрифт менен жазылат жана чийилет.

Мисал:

 

Колдонулуудагы редакция

Сунушталган редакция

10.1.4. Кыргыз Республикасында көргөзмө-жармаңке ишине жетекчилик кылат жана көргөзмө-жармаңке иш-чараларын өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул Жобонун сакталышын контролдойт

10.1.4. Кыргыз Республикасында көргөзмө-жармаңке ишине жетекчилик кылат;

 

"Токтом" МБ эскертүүсү: Курсив менен берилген текст - түп нускада чийилип алып салынган текст.

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар