Укуктук камсыз кылуу бөлүмү
Укуктук камсыз кылуу бөлүмү

Көрүлдү: 1658

Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу

Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин
элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы комиссия жөнүндө

ЖОБО

(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 14-апрелиндеги № 143 токтомунун редакциясына ылайык)

I. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы комиссия (мындан ары - Комиссия) мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин, илим жана маданият ишмерлеринин, Кыргыз Республикасынын түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон башка адамдардын (мындан ары көрүнүктүү ишмерлер) элесин түбөлүккө калтыруу боюнча чечимдерди кароо жана кабыл алуу максатында түзүлгөн.

2. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.

3. Комиссия өз ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана коомдук уюмдар менен эриш-аркак жүргүзөт.

Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары, анын компетенциясына таандык маселелерди чечүүдө Комиссияга көмөк көрсөтүшөт.

 II. Комиссиянын функциялары жана укуктары

 4. Комиссиянын негизги милдеттеринен болуп төмөнкүлөр саналат:

- Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу жөнүндө маселелерди чечим кабыл алуу жолу менен кароо жана ал чечимдерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү;

- көрүнүктүү ишмерлердин элесин түбөлүккө калтырууда Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын жана ушул Жобонун талаптарын аткарууну камсыз кылуу;

- көрүнүктүү ишмерлердин элесин түбөлүккө калтыруу маселелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана коомчулукка маалымдоо.

5. Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:

- өзүнүн отурумдарында көрүнүктүү ишмерлердин элесин түбөлүккө калтыруу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомчулуктун өкүлдөрүн белгиленген тартипте угууга;

- көрүнүктүү ишмерлердин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча сунушталган чараларга эксперттик баа берүү үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдарынын өкүлдөрүн, ата мекендик жана чет өлкөлүк адистерди, эксперттерди жана илимпоздорду өзүнүн ишине тартууга;

- Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу ыкмаларын жана формаларын андан ары өркүндөтүү боюнча Комиссиянын протоколдук чечимин кабыл алууга жана аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, республиканын мамлекеттик органдарына киргизүүгө.

 III. Комиссиянын ишин уюштуруу

6. Комиссиянын отуруму зарылчылыкка жараша, бирок жарым жылда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Отурумдарга Комиссиянын төрагасы, ал жок учурда Комиссиянын төрагасынын орун басары жетекчилик кылат.

7. Комиссиянын отуруму, эгерде аларга Комиссиянын курамынын 2/3ден кем эмеси катышса укуктуу болуп саналат.

Комиссиянын чечими отурумга катышкан анын мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмдүк бөлүмдөрүнө жана башка мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына протоколдук тапшырма түрүндө таризделет.

8. Комиссиянын иши анын жумушчу органы болгон - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын профилдик бөлүмү тарабынан бөлүмдүн башчысы - Комиссиянын жооптуу катчысынын жетекчилиги астында камсыз кылынат.

9. Комиссияга мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан өтүнүч каттар кезектеги отурумга үч ай калганга чейин берилиши керек.

10. Комиссиянын отурумуна анын ишинин айкындуулугун жана ачыктыгын камсыз кылуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү чакырылышы мүмкүн.

 IV. Комиссиянын маселелерди кароо тартиби

11. Элесин түбөлүккө калтыруу боюнча маселелер Комиссия тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өтүнүч каттары боюнча каралат.

12. Көрүнүктүү ишмерлердин элесин түбөлүккө калтыруу жөнүндө өтүнүч каттар тиешелүү райондордун, шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Бишкек, Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандан кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына алдын-ала киргизилет. Бардык материалдар мамлекеттик жана расмий тилдерде киргизилет.

Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча материалдар зарыл болгон макулдашуулары жок болгон учурда кабыл алынбайт.

Өтүнүч катка сунушталып жаткан инсандын өмүр баяны жана иши жөнүндө ырасталган маалыматтар; архив материалдары (нотариалдык күбөлөндүрүлгөн), ошондой эле коомдук изилдөөлөрдүн, сурамжылоолордун жыйынтыктары, зарыл болгон долбоордук (эскиз стадиясында: эстеликтин, обелисктердин ж.б. долбоорлору) документтер, ишмерлердин атын географиялык объектилерге ыйгаруу жөнүндө өтүнүч катты берүүдө - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын корутундусу тиркелет.

13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын профилдик бөлүмү Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу жөнүндө өтүнүч каттарды жалпылайт, чечимдин долбоорун даярдайт жана документтерди сунуштама чечим чыгаруу үчүн Комиссиянын кароосуна киргизет.

14. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көрүнүктүү ишмердин атын проспекттерге, аллеяларга, аянттарга, шаардык же айылдык сейилбактарга, бульварларга, көчөлөргө жана чолок көчөлөргө ыйгаруу аркылуу элесин түбөлүккө калтыруу жөнүндө чечим кабыл алууда Комиссия сунуштаган чечимди эске алышат.

15. Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу формалары болуп төмөнкүлөр саналат:

- көрүнүктүү ишмерлердин иштери жөнүндө элести түбөлүккө калтыруучу эстеликтерди, таш мамыларды, обелисктерди, мемориалдык такталарды, башка мемориалдык курулмаларды жана объекттерди орнотуу;

- көрүнүктүү ишмерлердин өмүрү жана иши менен тарыхый жактан байланышкан айрым аймактарды сактоо жана көрктөндүрүү;

- көрүнүктүү ишмерлерге арналган мемориалдык музейлерди түзүү, көргөзмөлөрдү уюштуруу, эстелик белгилерин куруу;

- көрүнүктүү ишмерлердин ким экендиги жөнүндө материалдарды жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо, аларга арналган искусство жана адабий чыгармаларды жаратуу;

- ишмерлердин аттарын физика-географиялык объекттерге, көчөлөргө жана аянттарга, проспекттерге жана аллеяларга, калктуу конуштардын аймактарындагы башка шаар куруу объекттерине, менчиктин мамлекеттик формасындагы ишканаларга жана мекемелерге, анын ичинде билим берүү уюмдарына, аскер бөлүктөрүнө жана башка мекемелерге берүү;

- эстелик даталарын жана эскерүү күндөрүн белгилөө;

- Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин сүрөттөрүн акча белгилеринде чагылдыруу.

16. Комиссия өз чечимин кабыл алууда төмөнкүлөрдү эске алууга тийиш:

- "Кыргыз Республикасынын Баатыры" деген жогорку артыкчылык даражасы менен сыйлангандарды кошпогондо, көрүнүктүү ишмерлердин элесин түбөлүккө калтыруу алар каза болгондон тартып 5 (беш) жыл өткөндөн кийин ишке ашырылат;

- мурда башка ишмерлердин ысымы берилген объекттерге ишмерлердин ысымын кайталап берүүгө (атын өзгөртүүгө) жол берилбейт;

- бир эле ишмердин ысымын бир администрациялык-аймактык бирдиктин чегинде жайгашкан бир нече объекттерге берүүгө жол берилбейт.

(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 14-апрелиндеги № 143 токтомунун редакциясына ылайык)

17. Тигил же бул көрүнүктүү ишмердин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча келип түшкөн материалдар Комиссиянын отурумунда каралгандан кийин түбөлүккө калтыруу формасы боюнча Комиссиянын чечими Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизилет.

18. Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлери жөнүндө элести түбөлүккө калтыруучу эстеликтерге, таш мамыларга, обелисктерге мемориалдык такталарга, башка мемориалдык курулмаларга жана объекттерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тарыхый-маданий мурастын эстеликтери статусу берилиши мүмкүн.

Бул объекттер "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекет тарабынан эсепке алынууга жана корголууга тийиш.

Көрүнүктүү ишмердин ысмы берилген объекттерди эсепке алуу жана күтүү бул объекттер карамагында болгон мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук уюмдар тарабынан жүргүзөт. Мында ар бир эстелик объектине паспорт түзүлөт.

Объекттердин аталыштарынын, алардагы жазуулардын тексттери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдеринде жазылат.

19. Кыргыз Республикасынын географиялык объекттерине ат коюуга жана атын өзгөртүүгө байланышкан чыгымдардан тышкары, элесин түбөлүккө калтыруу менен байланышкан иштердин бардык түрлөрү өтүнүч кат берген жана кызыкдар уюмдардын, адамдардын же демөөрчүлөрдөн эсебинен жүргүзүлөт.

20. Көрүнүктүү ишмерлердин элесин түбөлүккө калтыруу менен байланышкан иш-чараларды өткөрүүгө чыгымдар төмөнкүлөрдөн каржыланат:

- республикалык деңгээлде - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте республикалык бюджеттен жана башка тартылган каражаттардан;

- жергиликтүү деңгээлде - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары белгилеген тартипте жергиликтүү бюджеттен жана башка тартылган каражаттардан.

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар