Укуктук камсыз кылуу бөлүмү
Укуктук камсыз кылуу бөлүмү

Көрүлдү: 1659

Уставды бекитүү

10-берене. Билим берүү уюмунун уставы

Билим берүү мекемесинин уставы анын уюштуруучусу (уюштуруучулары) тарабынан бекитилет, ал эми билим берүү уюму Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине жана "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте катталат.

Билим берүү уюмунун уставында төмөндөгүлөр көрсөтүлөт:

- аталышы, жайгашкан жери (юридикалык дареги) жана уюмдаштыруучу (уюмдаштыруучулар);

- ишинин предмети жана максаты;

- билим берүү жана башка кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси, кызмат көрсөтүүлөрдүн тартиби;

- билим берүү уюмуна кабыл алуунун тартиби;

- окуп жаткандарды чыгарып жиберүү тартиби;

- окуу процессин, анын ичинен окутуунун жана тарбиялоонун тилин (тилдерди), окуп жаткандарга сабак берүү режимин, окуучулардын кийиминин формасын уюштуруу;

- билим берүү уюмунун кызматкерлеринин штатын түзүүнүн тартиби, эмгекке акы төлөөнүн шарты жана тартиби, алардын укуктары жана милдеттери;

- каржылоонун, чарбалык иштин түзүмү жана тартиби, билим берүү уюмунун ишин финансылык, материалдык-техникалык жактан камсыз кылуунун булактары;

- билим берүү уюмунун органдары, алардын компетенциясы жана башкаруу тартиби;

- уставын өзгөртүүнүн тартиби;

- билим берүү уюмун кайра уюштуруунун жана жоюунун тартиби.

Мамлекеттик билим берүү уюмдарынын уставы, ушул берененин экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтардан тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген булактардан алынган бюджеттен тышкары каражаттарды чыгымдоо маселеси боюнча коомдук угууларды өткөрүүнүн тартиби жана мөөнөтү жөнүндө маалыматтарды камтууга тийиш.

Билим берүү уюмунун уставы билим берүү жагындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылгандан кийин юстиция органдарында катталууга тийиш.

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар