Мониторинг, стратегиялык пландоо жана мамлекеттик программаларды талдоо  бөлүмү
Мониторинг, стратегиялык пландоо жана мамлекеттик программаларды талдоо бөлүмү

Көрүлдү: 6892

Идея барбы?

Бул билим берүү чөйрөсүндө жүргүзүлүп жаткан реформаларды өнүктүрүү жана колдоо боюнча идеяларды издөөнүн жолу катары өзүн позициялаган Кыргыз Речпубликасынын Билим берүү жана илим министрлигинин баракчасы. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги креативдүү, социалдык багыттагы сунуштарды кубаттайт, аларды ишке ашыруу коом үчүн пайдалуу жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталат. Идеяларды тандоонун критерийлери болуп оригиналдуулук, ишке ашыруунун чектелген убактысы, өтө чоң каржылык чыгымдарды талап кылбаган реалдуу милдеттердин болушу жана конкреттүү маселени чечкен, так аныкталган акыркы натыйжа болуп саналат.


Бизге өзүңүздүн идеяңызды кантип берсеңиз болот?
Сиз Гугл формасын толтурушуңуз керек. Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги өз ыйгарым укуктарынын чегинде так иштеген мамлекеттик орган экендигин эске алыңыз. Демек, идеяны ишке ашыруу министрлик көзөмөлдөгөн чөйрөлөрдө мүмкүн болушу керек. Ошол эле учурда, сиздин идеяларыңыз билим берүү системасынын каалаган спектрин реформалоого багытталышы мүмкүн.


Идеяңызды кароого тапшырыңыз:  https://forms.gle/MXb4Yfy8qK78cjij9

 

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар