"Секторду өнүктүрүү программасы: мектептик билим берүүнү реформалоо" долбоору
"Секторду өнүктүрүү программасы: мектептик билим берүүнү реформалоо" долбоору
Мектеп китепканачыларын компьютердик көндүмдөргө үйрөтүү жана окуу китептерин башкаруунун автоматташтырылган маалыматтык тутумун колдонуу боюнча масштабдуу өнөктүк башталды

Көрүлдү: 788

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган «Секторду өнүктүрүү программасы: Билим берүү системасын бекемдөө» (СӨПББСБ) долбоорунун колдоосу менен мектеп китепканачылары үчүн 3 күндүк тренингдердин сериясын баштады. Жалпысынан 1040 китепканачы ушул жылдын октябрь – ноябрь айларында окутулат.

post.title

Китепканачыларды даярдоо министрликтин мектеп китепканаларынын ишин автоматташтыруу боюнча ырааттуу системалуу ишинин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Эске салсак, 2021-жылдын август айынан тартып бүткүл өлкө боюнча билим берүү уюмдарынын китепканалары (2000ден ашуун) компьютер, КФТ (көп функциялуу түзүлүштөр) (принтер+сканер+көчүрмө) жана окуу китептеринен QR-коддорун окуу үчүн өзүнчө сканер менен жабдылууда, ошондой эле Интернетке туташтырылууда. Бул камсыздоо Азия өнүктүрүү банкы тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берилген гранттык каражаттардын эсебинен жүргүзүлүүдө.

Окуу китептерин башкаруунун автоматташтырылган маалыматтык системасы (АМС) СӨПББСБ долбоорунун алкагында мурда эле түзүлгөн жана окуу китептерин ижарага берүүнүн эффективдүүлүгүн, адилеттүүлүгүн жана ачыктыгын жогорулатуу жана мектептерди окуу китептери менен камсыз кылуу максатында андан ары башкаруу үчүн «Жаңы китеп» мекемесине өткөрүлүп берилген.    

Окуу процессинде мектеп китепканачылары персоналдык компьютерди жана көп функционалдуу түзүлүштөрдү, Интернетти колдонуу көндүмдөрүнө ээ болушат, мессенжерлерди, инструменттерди колдонуу боюнча, ошондой эле түздөн-түз «Жаңы китеп» АМСны үйрөнүшөт.    

Белгилей кетсек, китепканачылардын көпчүлүгү үчүн мындай тренинг биринчи жолу өткөрүлүп жатат, алар күнүмдүк жумушунда маалыматтык-коммуникациялык технологияларды жана компьютерлерди колдонбогонун моюнга алышууда.

Мисалы, Бишкек шаарындагы №72 мектеп-гимназиянын китепканачысы В. Панасенконун айтымында, республика башкаруу системасын автоматташтырууга өтүүдө, ушул жылдын июль айында мектептин китепканасына мыкты жабдуулар менен орнотулду, интернет тартылды, башкача айтканда, китепканачынын ишинин эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн эң сонун шарттар түзүлдү. Китеп окуу жана балдар менен иштөө маданиятын жогорулатууга көбүрөөк убакыт кетет, Интернет китеп дүйнөсүн изилдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Мурда кол менен даярдалган отчёттор көп убакытты алчу. «Мындай окутууну мурун эле жасаш керек болчу. Инновациялык иш деген ушул. Келечекте китепканачынын иши жогорку статуска ээ болот деп ишенем», – дейт ал.

Азия өнүктүрүү банкынын жардамы жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоону жакшыртууга багытталган жана мектептин китепканачысынын күнүмдүк ишин кыйла жеңилдетип, жаңы деңгээлге көтөрөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар