"Секторду өнүктүрүү программасы: мектептик билим берүүнү реформалоо" долбоору
"Секторду өнүктүрүү программасы: мектептик билим берүүнү реформалоо" долбоору

Көрүлдү: 1834

Биз жөнүндө

 Cекторду өнүктүрүү программасы: Билим берүү системасын бекемдөө долбоору

Долбоордун максаты – Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн сапатын, жеткиликтүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатууга жетишүү.

Долбоор тѳмѳнкү күтүлүүчү натыйжаларды камтыйт:

- компонент: Стандарттардын сапатын жана окуу-усулдук материалдардын сапатын жакшыртуу

  1. 10-11-класстын окуучулары үчүн жалпы жана профилдик багыттарынын математика жана табигый-илимий сабактары боюнча билим берүү стандартын иштеп чыгуу жана жакшыртуу;
  2. жаңы билим берүү стандартын ишке киргизүүнү колдоо максатында  муга
  3. лимдер үчүн окуу куралдарын жана сапаттуу окуу китептерин түзүүдө билим берүү стандартынын иштеп чыгуучулардын, авторлордун жана басып чыгаруучулардын, жана тиешелүү мамлекеттик органдардын  дареметин арттыруу;
  4. 7-9-класстар үчүн математика жана табигый-илимий сабактары боюнча окуу китептердин жана методикалык окуу куралдардын керектүү санын басып чыгаруу жана жаңы стандарттын окуу китептерин ишке киргизүүнү тездетүү максатында окуу китептерин иштеп чыгуу, балоо, басып чыгаруу жана бѳлүштүрүү стандарттык жол-жоболорун кайрадан уюштуруу.
  5. окуу китептерин ижарага берүү схемасын этап-этабы менен ишке киргизүү;
  6. окуу китептери менен жабдуу процессинин эффективдүү мониторингин камсыз кылуу максатында компьютерлештирилген окуу китептерин башкаруу системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
  7. билим берүү стандарттарды карап чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алгачкы иш-чаралары.

- компонент: Окутуунун сапатын жакшыртуу жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу

  1. 7-11 класстар үчүн жаңы билим берүү стандартында берилген математика жана табигый илимдер чѳйрѳсүндѳгү акыркы натыйжаларына жетишүү максатында квалификацияны жогорулатуу курстары аркылуу 10 000 мугалимдин илимий-методикалык компетенцияларын жакшыртуу;
  2. жаңы билим берүү стандарты боюнча мугалимдин жумушуна жардам кѳрсѳтүү максатында директорлордун, окуу бѳлүмүнүн башчыларынын, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу институттарынын кызматкерлеринин жана райондук методисттердин дареметин арттыруу;
  3. жаңы мугалимдерди аттестациялоо системасын, 30 тандалган инновациялык мектептердеги мугалимдерди сертификациялоо жана үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүү системасын пилоттоо;
  4. мугалимдер жана директорлор үчүн онлайн модулдарын жана электрондук окутуунун башка түрлѳрүн апробациялоо жардамы менен мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу курстарында жана сабактарында маалыматтык жана коммуникациялык технологияларын колдонуу;
  5. окуу маданиятын жакшыртуу жана насаатчылык процессин жөнөкөйлөтүү максатында Грант Алуучу Өлкөдөгү квалификацияны жогорулатуу институттардын жана чет өлкөлөрдөгү квалификацияны жогорулатуу институттардын  ортосундагы эки тараптуу кызматташуу;
  6. Жабдуулар, эмерек жана материалдар менен камсыз кылуу аркылуу тандалган мугалимдрдин квалификациясын жогорулатуу институттардын (борборлордун) объектилерин бир аз модернизациялоо.

3-компонент: Инновациялык мектептер аркылуу сапаттуу билимге болгон мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү

Айылдык жана алыскы райондордо жайгашкан 30 инновациялык мектептерге көрсөтүлүп жаткан жардамды камтыйт, лабораторияларды жабдуу, кошумча окуу материалдары менен камсыз кылууну кошуу менен, МКТ жабдуулары жана программалык камсыздоо, мультимедиялык класстар, ошондой эле мектептерди майда ремонт кылуу, анын ичинде мүмкүнчүлүктөрү чектелген окуучуларга шарттарды түзүү үчүн мектеп жайларын модернизациялоо.

4-компонент: Долбоорду жана секторду башкаруу процессин жакшыртуу

  1. Бюджеттик эффективдүүлүктү жогорулатуу үчүн стратегиялык сунуштарды иштеп чыгуу, анын ичинде (i) учурдагы билим берүүгө болгон чыгымдарды карап чыгуу; (ii) эксплуатациялоого, техникалык тейлөөгө жана мектептерди капиталдык оңдоого керектүү бюджетти түзүү боюнча иш-аракеттер саясатын жана планын иштеп чыгуу; (iii) билим берүү секторунда дареметти арттырууга жана окууга болгон муктаждыктарын балоо жана пландаштыруу жана бюджет түзүү процессин ишке ашыруу планы жана (iv) билим берүү секторун башкарууну жана натыйжалуулукту жакшыртуу үчүн саясат чѳйрѳсүндѳ изилдѳѳлѳрдү ѳткѳрүү;
  2. Программа алкагындагы реформалар, анын ичинде окуу китептерин ижарага берүү схемасы жѳнүндѳ маалыматты негизги кызыкдар жактарга берүү максатында коомчулук менен байланыш кампания жана маалыматтык-пропагандалык иш-чараларды ѳткѳрүү;
  3. Пландаштыруу, сатып алуу, долбоорду башкаруу, каржылык башкаруу жана коргоо чаралар боюнча талаптарга жооп берүү маселелери боюнча Долбоорду ишке ашырууда кѳмѳк кѳрсѳтүү, анын ичинде Долборду ишке ашыруу максаттары үчүн жабдуулар, эмерек жана материалдар менен камсыз кылуу маселелери.

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар