Көрүлдү: 0
2022-жылдын 20-октябрында салтка аланып калган "Ашпозчу" күнүн №93 Кесиптик лицей жогорку деңгээлде өткөрүштү.
Кесиптик лицейде эл аралык майрамдын урматына жана башталгыч кесиптик билим берүү системасынын 80 жылдыгына карата майрамдык иш-чаралар болуп өттү.
Ашпозчу багыты боюнча лицейлердин окуучуларынын арасында көргөзмө өткөрүлдү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын ашпозчулар ассоциациясынын өкүлдөрү чакырылды.
Алар жылуу сөздөр менен окуучуларды куттуктап, көргөзмөгө өз бааларын жана кеңештерин беришти.
Майрамдык кече "Ашпозчу" топторунун бийи менен аяктады.