Көрүлдү: 169
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылдын, «6-апрелиндеги» №558/1 буйругу менен бекитилди
Башталгыч кесиптик билим берүүнүн окуу жайларында дуалдык окутууну уюштуруунун тартиби жөнүндө Жобо
1. Жалпы жоболор
1.Бул жобо Кыргыз Республикасынын "Билим берүү жөнүндөгү", " Башталгыч кесиптик билим берүү жөнүндөгү" мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан, башталгыч кесиптик билим берүүнүн билим берүү мекемесинде студенттерди эмгек рыногунда талап кылынган кесиптерге окутууда дуалдык окутуу системасынын элементтерин ишке ашыруунун тартибин аныктайт (мындан ары - Башталгыч кесиптик билим берүү)
2.Дуалдык окутуу системасы - башталгыч кесиптик билим берүүнүн билим берүү программаларын ишке ашыруунун, окутуунун, окуу-өндүрүштүк практиканы өткөрүү жана башка түрлөрүн жүргүзүү үчүн зарыл ресурстары бар окуу жайлардын, ишканалардын жана башка уюмдардын өз ара аракеттенүүсүнө жана башка билим берүү иш-чараларынын формасы болуп саналат
3.Бул жобо ишканалардын шарттарында окутууну уюштуруу жана социалдык өнөктөштөр менен макулдашуу боюнча өз алдынча окуу графигин түзүү үчүн негиз болуп саналат.
2. Дуалдык окутуу системасынын максаттары
4.Дуалдык системанын максаттары:
- жумушчуларды даярдоонун жана кайра даярдоонун жогорку натыйжалуу атаандаштык системасын түзүү, башталгыч кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү;
- башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын окуу процессине билим берүүнүн жаңы формаларын киргизүү;
- башталгыч кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик стандартына ылайык окуучулардын негизги кесиптик программаларды сапаттуу өнүктүрүүсү, ошондой эле алардын кесиптик чөйрөдө иштөө боюнча практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүүсү.
5.Дуалдык окутуу системасынын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- иш берүүчүлөрдүн талаптарына ылайык квалификациялуу жумушчуларды, адистерди даярдоо;
- кесиптик лицейлердин бүтүрүүчүлөрүн ишке орноштуруунун жогорку пайызын камсыз кылуу;
- билим берүү программаларын жана башка окутуу маселелерин түзүүнүн алкагында иш берүүчүлөр менен билим берүү уюмдарынын өз ара аракеттенүү механизмдерин түзүү;
- өндүрүш шарттарында заманбап инновациялык технологияларды колдонуу аркылуу кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатуу.
окуу процессин уюштуруу
6. Дуалдык системасынын билим берүүнүн элементтерин пайдалануу менен окуу процесси белгиленген тартипте бекитилген билим берүү стандарттарына жана алардын негизинде иштелип чыккан билим берүү уюму тарабынан бекитилген окуу пландарына, ошондой эле окуу процессин жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларга ылайык жүзөгө ашырылат.
7.Дуалдык билим берүү системасынын катышуучулары бир жагынан билим берүү уюмунун окуучулары жана педагогикалык курамы, экинчи жагынан ишкананын кызматкерлери болуп саналат.
8. Дуалдык окутуу системасы төмөнкүлөрдү камтыйт:
- окуу планын иштеп чыгууда ортосундагы байланыш, теория - 20-40%, практика - 60-80% түзөт.
- окуу планына ылайык өндүрүштүк процесстин керектөөлөрүнө ылайык окуу жүктөмүн жөнгө салуу, ишканадагы өндүрүштүк практиканы эске алуу менен окуу процессинин графигин түзүү;
- дуалдык окутуу системасы окуу пландарын, билим берүү программаларын иштеп чыгуу процессине ишканаларды тартууну, алардын практикалык багытын жогорулатууну окуучуларды окуу мезгилинде жана окууну аяктагандан кийин жумуш менен камсыз кылат.
9. Окуучунун ишканадагы иш күнүнүн узактыгы эмгек мыйзамдарынын негизинде окуу планы тарабынан аныкталган ченемдерден ашпоого тийиш.
10.Өндүрүштүк жана өндүрүштүк окутууну уюштурууга жалпы жетекчиликти кесиптик башталгыч билим берүү мекемесинин жетекчисинин буйругу менен дайындалган жооптуу адам ишке ашырат.
11. Окуучулардын ар бир тобуна өндүрүштүк шарттарда окуу мезгилине өндүрүштүк окутуунун устаты дайындалат, ал төмөнкүлөргө жооп берет:
- окуучуларды кесип боюнча адистигине ылайык жумуш орундары боюнча туура бөлүштүрүү;
- окуу планын жана кесиптик билим берүү программасын ишке ашыруу;
- окуучулардын эмгек тартибин, эмгекти коргоо талаптарын сактоону;
- материалдарды жана электр энергиясын үнөмдүү чыгымдоо;
- окуучуларга өндүрүштүк дисциплинаны окутуу;
- белгиленген өндүрүш стандарттарын аткаруу;
- окуучулардын өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугу.
12. Өндүрүштүк шартта окутууну уюштурууда билим берүү мекемеси ишкана, уюм менен түз келишимди, ошондой эле ишкана/уюм менен окуучунун ортосунда, окуучуларды материалдык жактан кызыктыруучу келишимдерди түзөт.
13. Өндүрүштүк шартта, окутуунун жүрүшүндө окуучуларга ишканада коопсуздук жана эмгекти коргоо эрежелери колдонулат.
14.Өндүрүштүк шарттарда окуу мезгилинде студенттер күндөлүк жүргүзүшөт, анда тапшырмалардын аткарылышы жана ишкананын кызматкери тарабынан окуучунун аткарган иши жөнүндө баасы чагылдырылат. Окуунун натыйжалары боюнча ишкана окуучуну үчүн окууну аяктагандыгы жөнүндө пикирин билгизет жана өндүрүштүк мүнөздөмө берет.
15. Билим берүү мекемеси, ишкана менен бирдикте кесиптик стандарттарга ылайык кесип боюнча дуалдык окутуунун элементтери менен окуу процессинде өздөштүрүлгөн окуучулардын жалпы жана кесиптик билимдерин, көндүмдөрүн баалоо тартибин уюштурат.
16. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги: дуалдык билим берүүнү уюштуруу шарттарында төмөндөгүлөрдүн көзөмөлдөйт:
- окуучулар бекитилген стандартка ылайык толук көлөмдө билим алынуу;
- студенттин квалификациясынын деңгээли жөнүндө документти берүү;
- дуалдык окутуунун элементтери менен окутууну өткөрүү жөнүндө билим берүү мекемелердин жылдык отчеттун талап кылуу;
- ушул Регламенттин аткарылышын контролдойт жана зарыл болгон учурда оңдоолорду киргизет.