Көрүлдү: 0
2022-жылдын 18-октябрында "Бош иш орундар жарманкеси" шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башталгыч кесиптик билим берүү мекемелери тарабынан уюштурулду.
Кесиптик лицейлердин окуучуларынын жасаган буюмдары, бышырган кондитердик азыктары башталгыч кесиптик билим берүү системасынын 80 жылдыгына карата, 80 деген санга көңүл бурулуп жасалды.
"Бош жумуш орундар жана кесиптер" жарманкесине шаардык мэриянын адистери , иш берүүчүлөр, жумушсуз жарандар жана мектеп бүтүрүүчүлөрү катышышты.