Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы
"Бош иш орундар жана кесиптер жарманкеси" Кесиптик лицейлердин катышуусу менен өттү.

Көрүлдү: 0

2022-жылдын 18-октябрында саат 10:00дөн 14:00гө чейин Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында «Бош иш орундар жана кесиптер жарманкеси» болуп өттү. Жарманкеге 70тен ашык ишканалар катышып, мындан тышкары Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы тарабынан Бишкек шаары боюнча 3000ден ашык бош орундар сунушталды. 20 кесиптик лицей, 10 ЖОЖ жана колледждер кадрларды даярдоо мүмкүнчүлүктөрү боюнча маалымат беришти.

post.title

Иш берүүчүлөр потенциалдуу талапкерлер менен экспресс интервью өткөрүштү, жогорку класстын окуучулары компанияларды окуп, кесипке багыт берүү тестинен өтүү менен кесип тандоого мүмкүнчүлүк алышат.

Мындан тышкары, белгилүү ийгиликтүү ишкерлер, компаниянын негиздөөчүлөрү, тажрыйбалуу HR- адистери жана мотивациялуу ийгилик тарыхы менен спикерлер абитуриенттердин квалификациясын жогорулатуу максатында ар кандай темада мастер-класстарды өткөрүштү.
Ошондой эле жарандарга ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү, кесипке үйрөтүү жана иш берүүчү менен алгачкы маектешүү боюнча кеңештер берилди.

Жарманкенин негизги уюштуруучулары Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы жана JIA Бизнес Ассоциациясы, GIZ Эл аралык Коомчулугу болду.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар