Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы (БКБББ)
Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы (БКБББ)
WORLDSKILLS KYRGYZSTAN ЖУМУШЧУ КЕСИПТЕРДИН ҮЧҮНЧҮ АЙМАКТЫК МЕЛДЕШТЕРИ БАШТАЛДЫ

Көрүлдү: 0

Бүгүн, 26-мартта, Бишкек шаарындагы №18 кесиптик лицейинде WorldSkills Kyrgyzstan жумушчу кесиптердин үчүнчү аймактык мелдештери расмий түрдө башталды.

post.title

 

Бүгүн, 26-мартта, Бишкек шаарындагы №18 кесиптик лицейинде WorldSkills Kyrgyzstan жумушчу кесиптердин үчүнчү аймактык мелдештери расмий түрдө башталды.

Ачылыш аземине Агартуу министрлигинин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Кусеинова катышып, мелдештин катышуучуларына ийгиликтерди каалады.

Бишкек шаарында өтүп жаткан аймактык мелдештерге Бишкек, Чүй жана Талас облустарынын катышуучулары, ошондой эле Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп жаткан этапка Ысык-Көл жана Нарын облустарынын өкүлдөрү катышууда.

Мелдешке «Мода технологиялары» компетенциясына 10, «Ашпозчулук иши» компетенциясына 19, ал эми «Ширетүү технологиялары» компетенциясына 15 катышуучу катышып, өздөрүнүн кесиптик чеберчилигин көрсөтүшүүдө.

«Мода технологиялары» компетенциясы боюнча 10 катышуучу жана 10 эксперт, «Ашпозчулук иши» компетенциясы боюнча — 19 катышуучу жана 19 эксперт, «Ширетүү технологиялары» компетенциясында 15 катышуучу жана 15 эксперт катышууда.

Аймактык этаптын жеңүүчүлөрү 2026-жылдын 13–17-апрелинде өтө турган WorldSkills Kyrgyzstan Улуттук чемпионатына катышуу укугуна ээ болушат. Ал эми түштүк аймагы боюнча мелдештер 30–31-март күндөрү Ош шаарында өтүп, анда Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын конкурсанттары күч сынашат.

Аймактык мелдеш Улуттук чемпионатка жана эл аралык кесиптик таймаштарга тандоонун жана даярдоонун маанилүү этабы болуп саналат. Мелдештер өлкөнүн бардык аймактарын камтып, кесиптик билим берүү системасынын мыкты студенттерин жана жаш адистерин бириктирет.

Улуттук чемпионаттын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын курама командасы түзүлүп, алар 2026-жылдын 22–27-сентябрында Кытай Эл Республикасынын Шанхай шаарында өтө турган 48-Эл аралык WorldSkills чемпионатына катышат. Бул ири эл аралык иш-чарага дүйнөнүн 60тан ашык өлкөсүнүн өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө.

Аймактык этапка даярдык көрүүнүн алкагында WorldSkills Kyrgyzstan коомдук фонду тарабынан эксперттер эл аралык стандарттарга ылайык окутулууда. 2026-жылдын 23–24-март күндөрү өткөрүлгөн атайын тренингдердин жыйынтыгында эксперттерге бир жылдык мөөнөткө сертификаттар ыйгарылат.

Мелдештин уюштуруучулары — Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жана WorldSkills Kyrgyzstan коомдук фонду.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар