Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы (БКБББ)
Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы (БКБББ)
5-март — Ак калпак күнү

Көрүлдү: 0

Жумаш Раимкулов атындагы №67 кесиптик лицейде Ак калпак күнүнө карата салтанаттуу линейка жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

post.title

Жумаш Раимкулов атындагы №67 кесиптик лицейде Ак калпак күнүнө карата салтанаттуу линейка жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

Бул күн улуттук баалуулуктарыбызды даңазалаган, ынтымак менен биримдикти бекемдеген өзгөчө майрам болду. Бул чоң ак калпактар жетекчиликтин демилгеси менен, накта таза кийизден тигилип, окуу жайыбыздагы “Тигүүчү” адистигинин өз ишинин мыкты чеберлеринин эмгеги аркылуу жаралды. Ар бир тигишинде мээнет, ар бир оймосунда улуттук дух чагылдырылды.

Чоң ак калпактын бийиктиги 1 метр, туурасы 80 см болуп, аянтта өзгөчө шаң жаратты. Ал эми экинчи калпактын бийиктиги 70 см, туурасы 45 см болуп, улуттук кооздуктун символундай болуп турду.

Окуу жайыбыздын директору Абдылдаева Гулмайрам Арзикуловна жалпы жамаатты Ак калпак күнү менен куттуктап, бул баш кийим ата-бабадан калган ыйык мурас, улуттун намысы жана сыймыгы экенин белгиледи.

Ошондой эле Маткасымова Гүлзат эжеке ак калпактын тарыхы, анын терең мааниси жана кыргыз эли үчүн орду тууралуу мазмундуу баяндама жасап, катышуучуларга руханий азык берди.

Лицейдин бардык окуучулары жана агайлары ак калпак кийип, улуттук салтыбызга болгон терең урмат-сыйын көрсөтүштү.

Ак калпак — тазалыктын, ак ниеттин жана мекенчилдиктин символу. Мындай иш-чаралар жаш муундардын улуттук аң-сезимин калыптандырып, руханий дүйнөсүн байытат.

Ак калпак күнү кут болсун! 🤍🇰🇬

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар