Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы (БКБББ)
Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы (БКБББ)
«Улутум кыргыз – Урааным Манас» аттуу маданий иш-чара өткөрүлдү

Көрүлдү: 0

Кыргыз Республикасынын улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик Концепциясын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Дене тарбия, спорт жана маданият боюнча Республикалык усулдук борбор тарабынан маанилүү маданий-агартуу иш-чара уюштурулду.

post.title

 

       Кыргыз Республикасынын улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик Концепциясын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Дене тарбия, спорт жана маданият боюнча Республикалык усулдук борбор тарабынан маанилүү маданий-агартуу иш-чара уюштурулду.

       2026-жылдын 20-февралында Кыргыз улуттук «Манас» театры менен биргеликте «Улутум кыргыз – Урааным Манас» аттуу иш-чара өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты – Бишкек шаарынын кесиптик лицейлеринин окуучуларын улуттук руханий дөөлөттөр, салттуу өнөр жана адеп-ахлак маданияты менен тааныштыруу, алардын мекенчилдик сезимин чыңдоо болду.

       Программанын алкагында катышуучуларга театр имараты боюнча экскурсия уюштурулуп, театрдын тарыхы, чыгармачылык репертуары жана жамааты тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле окуучулар манасчылардын өнөрүн көрүп, эпостук маданияттын терең мазмунуна сүңгүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Кечеде Манас эпосунан үзүндүлөр айтылып, патриоттук ыр-бийлер аткарылып, жаштардын мекенчилдик сезимин арттырууга багытталган чыгармалар сунушталды. Бул маданий программа өспүрүмдөрдүн улуттук аң-сезимин бекемдөөгө, тарыхый мураска болгон урмат-сыйын күчөтүүгө жана «Манас» эпосунун маанисин кеңири жайылтууга багытталды.

       Иш-чарада Кыргыз Республикасынын эл артисти Түгөлбай Казаков, манасчы Замир манасчы жана Уңгу жол тобу эпос боюнча терең мазмундуу аңгемелерди айтып, дастанчылык өнөрдүн баалуулугун даңазалашты. Алар тарабынан сунушталган программа катышуучулар үчүн өзгөчө таасирдүү жана мазмундуу болду.

Иш-чарага Бишкек шаарынын кесиптик лицейлеринен 250 окуучу, ошондой эле устаттар жана мугалимдер катышты. Бул маданий жолугушуу жаш муундун улуттук өзүн таануу сезимин бекемдөөгө, руханий мурастарга болгон кызыгуусун арттырууга жана салттуу маданиятты жайылтууга багытталган маанилүү кадам болду.

Уюштуруучулар мындан ары да улуттук баалуулуктарды даңазалаган, жаштарды руханий жактан байытууга багытталган иш-чараларды өткөрүүнү улантышат.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар